Зейнеп ШАКЕЕВА: «Сүйүү тууралуу ырларды ырдагандан уялам”

«18 жаш», «Чагылган» деген ырларды ким гана билбейт, азыркы учурга чейин популярдуулугун жоготпой, бир канча муундун жактырып уккан чыгармалары болуп келет. Дал ушул ырды жүрөккө жеткире аткарган ырчы Зейнеп Шакеева КРнын Эмгек сиңирген артисти болгону менен Эл артисти наамын албай жүргөн. Жакында татыктуу наамына жетип учурда кубанып турган учуру экен.

– Учурда жай, ысыктын күнү эмеспи, жайды кандай өткөрүп жатканыңыздан сөз баштасак?

– Жай айы - эң жакшы айлардын бири, баары эс алууга чыгып, жакындарына көңүл бура турган учур десем да болот. Менин балдарым да эс алууга чыгып, баары жанымда болуп мени кубандырып турган чактары. Биз шаардын ысыгынан качып Ысык-Атага келгенбиз. Өзүбүздүн жерибиз Ысык-Ата да, бирок бала-чакам менен шаарда турам. Бул жакта дос-туугандар бар, ошолорго келебиз. Салкын жер, таза абада балдарым, неберелерим менен эс алып жүрөм. Азыр биздин куракта балдар, неберелер менен айылда эс алсаң эле чоң бакыт да. Шаарга болсо барып- келип турабыз.

– Жакында КРнын Эл артисти болбодуңузбу, бул наамды күтүп жүрдүңүз беле?

– Чынын айтсам, кийинки кездерде ал наам тууралуу ойлобой деле калгам. Анткени Эмгек сиңирген артист болгонума 41 жыл болду. Мен орто мектепти бүткөндөн баштап, тактап айтканда, 1966-жылдан бери чыгармачылыкта иштедим. 1976-жылы ырдап баштаганыма он жыл болгондо Эмгек сиңирген артисти наамын алдым. Ал кезде жаш убак, наамдын деле маанисин билчү эмеспиз. Иш деп эле чуркап жүргөн кезибиз эле. Анан мага наам берилгени «Советтик Кыргызстан» гезитине басылып чыгыптыр. Аны да өзүм билбейм, айылда жүрсөм сиңдилерим көтөрүп келишиптир. Мен ошол учурда 29 жашта болчумун. «Чагылган», «18 жаш», «Күн чыгышым», «Элмира», «Чабанга» деген ырларым биринин артынан бири дүркүрөп чыгып, популярдуу болуп турган учурум эле. Ал кезде наамды азыркыдай салтанат менен тапшыруу деген жок болчу. Алгач гезитке чыгып эле, анан барып алып кетчүбүз.

– Эмгегиңиз бааланбай келгенине ичиңизде таарыныч бар беле?

– «Ушунча жүрүп Эл артисти наамы берилбейт» деп ортодо бир аз таарынычым болду. Бирок өтө деле самаган жокмун. Айрымдар: “Эмне чуркабайсыз?» - деп калышчу. Мен эмнеге чуркайм? Кудай сактасын, биз чуркабай эле алчубуз. Анан эле Түгөлбай Казаков маданият министри болуп келгенден кийин Ак үйдөн телефон чалышып документтер керектигин айтышты. Мен мурда эле документ тапшырган элем, ошолорду таптырып кайра тапшырып койгом. Маданият министрлигине канча киши келди, эч кимиси көңүл бурган эмес. Түгөлбай өзү чыгармачыл адам эмеспи, баарын жакшы билет, айтор, мен үчүн ак жолтой министр болду. Ийгиликтин эрте-кечи жок дейт, бергендерине рахмат. Башкысы эл бааласа ошол бакыт. 1976-жылы КРнын Эмгек сиңирген артистин Гүлмайрам Момушова, Алтынбек Сапаралиев үчөөбүз чогуу алганбыз. Эл артистин да Алтынбек экөөбүз чогуу алдык.

– Сизди сахнадан көп көрбөйбүз, башка иш менен алексизби?

– Мен неберелерим менен эле үйдөмүн. Бирок кайсы маалда чакырышса барып ырдап берип турам. Учурунда айлап үй бетин көрбөй иштедим. Балдарымды жолдошум экөөбүз бөлүшүп алып: экөөнү ал алып калса, бирөөнү мен гастролго алып кетип жүрчүмүн. Анан улуу эки балам мектепте окуганда кыйнала баштадым. Анткени шаар жеринде балдарды мектепке ташыш керек, аларга сабак окутуш керек деген көйгөйлөр бар эмеспи. Азыр ырчылар баласын деле карап, чыгармачылык менен деле иштеп атышпайбы, бизде кайдан айылдарды кыдырып, гастролдо эле жүрчүбүз да. Ошентип балдар менен болуп атып, кийин сахнада аз жүрүп калдым. Башкысы балдарыма татыктуу тарбия бере алганыма кубанам. Кудайга шүгүр, үч уул, эки кыз, он үч небере, эки чеберем бар.

– Сиз абдан популярдуу болуп турган учурда жолдошуңузда көп эле кызганыч болгондур?

– Адам болгондон кийин, албетте, кызганыч болот. Бирок жолдошум түшүнүү менен карачу. Ал кезде азыркыдай уюлдук телефон жок, айлап гастролго кеткенде почтага барып кезекке туруп, анан үйгө телефон чалып кабар алып турчубуз. Жолдошум айдоочу болчу. «Ырчыны аялым дебе, айдоочуну күйөөм дебе» деп коюшат эмеспи. Бирок биздин үй-бүлөнүн очогу бекем болду. 40 жыл эриш-аркак болуп бактылуу жашадык.

– Сахнада жүрүп атак-даңк таптыңыз, материалдык байлыкчы?

– Жок, ырдап материалдык байлык таптым деп айта албайм. Кудайга шүгүр, эл катары жашайм. Биздин тарбия ошондой болгон да, акча деп жулунуу деген жок эле. Биздин убакта айлыкка иштечүбүз, бергенине ыраазы болуп жүрө берчүбүз.

– Азыр ырчылардын баарын той багып калды, сиз тойго барып ырдап калдыңызбы?

– Мен туугандардын, жакындардын тойлоруна барганда эле ырдап калбасам, бейтааныш адамдардын тоюна барбайм. Тойго чакырган адам менен сүйлөшүп, баа кесип жүрүш өзүмдү кемсинткендей сезилет. Баркымды кетиргим келбейт.

– Тойго барбасаңыз, концерт да бербейсиз, сизди уккусу келгендер кантип угушат?

– Азыр концерт бериш үчүн оңбогондой акча талап кылынат. Албетте, демөөрчүнүн жардамы керек. Менде өмүрү демөөрчү болгон эмес. Ошондуктан өзүм концерт уюштурбайм, чакыргандар болсо ырдап берип коём. Менин үнүмдү уккусу келгендер теле-радиодон гана уга алышат.

– Сахнага болгон куса барбы?

– Жок, сахнага тартылуу азыр бойбойт. Азыр жан дүйнөмдү толтурган неберелерим бар.

– Устат боло алдыңызбы?

– Атайын шакирттерди алып, даярдап устат болгонум жок. Бирок кеңеш сурагандарга керектүү кеп-кеңешимди айтып турчумун. Өзүм сахнадан алыстагандан кийин Китеп палатасында бөлүм башчы болуп иштедим. Бешинчи балам төрөлүп калып жеңилдик болуп пенсияга чыгып кеттим. Андан кийин мени балдарымдын атасы бакты. Тилекке каршы, ал адам мындан он жыл мурун каза болуп калды. Менин бир өксүгүм балдарымдын атасы жаш кетти, тактап айтканда, 61 жашында каза болуп калды. Экөөбүз чогуу балдардын жакшылыктарын көрсөк болмок. Балдарыбыздын баарын окутуп, тарбия берип койгонбуз, учурда баары жай-жайына конуп, бактылуу жашап атышат. Ар кандай кесиптин ээлери болушту. Балдарымдын баарында талант бар, азыркы анча-мынча ырчыларга караганда жакшы ырдашат. Бирок мен көргөн кыйынчылыкты балдарым көрбөй эле коюшсунчу деп, бирин да чыгармачылыкка жолоткон жокмун.

– Үйдө кандай кожойкесиз?

– Жакшы эле кожойкемин го деп ойлойм (күлүп). Менин жасап берген тамагым балдарыма абдан жагат. Алардын каалаган тамактарын жасап бере алам. Үйдө дайыма тазалык, тартип болгонун жактырам. Өзүм мугалимдин үй-бүлөсүндө абдан мыкты тартип менен өскөн кызмын.

– Учурда өзүңүзгө кандай баа бересиз, үнүңүз дагы эле баштагыдайбы же жаш өткөн сайын мурдагыдай чыкпай калат бекен?

– Үндү карап, сактап жүрсөң болот экен. Адамдын сырткы келбети абдан өзгөрөт экен, үндө көп өзгөрүү болбойт экен. Азыр эми жаш куракка жараша да ырдап калдык да, кээде жаш убагымдагы, сүйүү тууралуу жаштарга ылайык ырларымды суранышса ырдагандан уялам.

– Жаңы ыр жаздырып, элге тартуулоо тууралуу оюңуз барбы?

– Андай сунуштар көп болот, тилекке каршы, убакыт жок. Мен, мисалы, бир ыр жаздырыш үчүн көпкө даярданып иштеп, ошол ыр жүрөгүмө жеткенде гана ырдайм, ал үчүн көп эмгек керек. Убакыт деле тапса болот, менде каалоо анчалык жок окшойт. Мурунку ырларым эл арасында дале жашап келе жатканына кубанам. Мен кичинекей радиомду ооруканага жатсам да ала жүрөм, ырларымды радиолор жакшы эле беришет. Угуп кубанып калам.

 

Динара ЧОКОЕВА

Эскертүү: Lady.kg сайтынын материалдарын көчүрүү, редакциядан уруксат алгандан кийин гана көчүрүлүшү шарт.