КЕНЖЕ Кубатова: “Уулум баарын түшүнүп, кадырымды билген кезде бул дүйнө менен кош айтышып кете берди”

Эч бир эне баласын жоктоп ыйлабасынчы деген менен тагдырга жазгандан качып да кутула албайт экенбиз. 2 ай мурун белгилүү ырчылар Кенже Кубатова менен Токтобек Асаналиев 20га чыккан чырактай баласын жерге берип боздоп кала берди. Уулунун кыркын өткөрүп алган соң Кенже айым менен баласы тууралуу баарлашууга аракет кылдык.

– Кенже эже, уулуңуздун арты кайырлуу болсун, кайгыңызды тең бөлүшөлү деп сизден кабар алып жатабыз.

– Рахмат, 40 күндөн бери кандай жашоодо жашап жатканымды деле билбейм. Бул кабарды укканда эле оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшүп калган экенмин. Ат-Башыда да дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жаттым. Ал жактын ооруканасынан түз эле Кочкорго алып келишти.

– Канатты уулуу чөп чегип ууланды деген сөздүн чын-бышыгын эне катары биле алдыңызбы?

– Өзүмдү жоготуп, кайра эсиме келип, аны териштиргендей деле абалда болбой жатам. Кан басымым түшүп, такыр эле бутум баспай, колум иштебей калып жатат. Баламды эстеп ыйлаган сайын жүрөк оорум кармап калууда. Эми баары бир баламды таба албайт экенбиз, себебин билген менен эмне пайда.

– Сабыр кылыңыз, эже, балаңыз атасынын колунда чоңойгонун билебиз, сиз менен катышып турчу беле?

– Канат төрөлгөндө биз студент элек. Бир жашка чейин эмизип өзүм бактым. Жакшы эле чоңойттум, болгону 8 айында өпкөсүнө суук тийгизип алып ооруканага жатып дарыланып чыкканбыз. Уулум 1 жашка чыкканда мен 3-курста, Токтобек 4-курста окучу. Ошондо кайненемдер: “Силер окууңарды бүткүлө”, - деп Канатты алып кетишкен. Анын үстүнө Токтобек бир жылга Америкага кетмек. Мени кыйналат деп Токтобек апасы менен: “Баланы багып бериңиз”, - деп сүйлөшкөн экен. Мен деле каршы болбой атасы Америкадан келсе алам деген ой менен бергем. Үч ай баламды сагынып, куса болуп сыздап жүрдүм, кийин бир аз көнгөндөй болдум. Кийин чоң аталары “ана беребиз, мына беребиз” деп жатып балам 5 жашка чыгып кетти. Же күч менен алып кете албайт экенсиң. Ал кезде ажырашабыз деген деле ой жок болчу да. Ошондуктан балам атбашылыктарга, атасына жакын болуп өстү. Бирок атасы менен эки айрылыш жолго түшкөнүбүздө балам менде болчу. Бир күнү: “Апа, мен атам менен эле жашайынчы”,- деп калды. Атасын сагынып жаткан экен, мейли, азыр кичинекей эмеспи, эркек бала болгондон кийин ата мээримин да көрсүн деп туура эле кабыл алдым. Ошол боюнча атасы мени балам менен жолуктурбай, сүйлөштүрбөй койду.

– Балаңызды мыкты комузчу катары таанычу элек?

– 6 жашында шаарга алып келип үйүбүздүн жанындагы №69 мектепке киргиздик. Айылда аябай эрке өскөн балам окууга, шаардын жашоосуна көнө албай бир топ кыйналды. Бирок жарым жылдын ичинде мыкты окуучулардын катарын толуктады. 7 жашка чыкканда комузчу Зайнидин Иманалиевдин колуна барып комуздан сабак алып жүрдү. Баладан башкача эле, устатынан үйрөнгөн күүлөрүн чертип Түркияга барып, алтын медаль алып келди. 8 жаштагы бала Эстебес Турсуналиевдин “Кыз-жигитин” чертчү. Кийин Нурак Абдыракмановдон сабак алып жүрдү. Зайнидин Иманалиев менин күйөөм болуп калганы үчүн Токтобек намыстанып Канаттын чыныгы устатын айтпай жүрөт. Канаттын Асаналиевдин баласы экенин эч ким талашпайт. Ошол сыяктуу эле комузду колуна карматкан Зайнидин Иманалиев экенин да эч ким тана албайт.

– Азыр баламды жаныма алып өзүм тарбияласам болбойт беле деп өкүнбөйсүзбү?

– Азыр оюма эмнелер гана келип-кетпей жатат. Ким билет, балким, өзүмдүн колумда болсо мындай болбойт беле деп да ойлойм. Анткен менен Кудайдын буйругу экен да, өзү сүйүп берген пендесин өзү сүйүп алды. Мен эч кимди күнөөлөй албайм. Балам кичинекейинде атасына жакын болуп өскөнү менен эс тартканда баарын түшүндү. Эненин баркын билип кетип калайын десе, ошончо жыл багып чоңойткон атасын кыя албай, ортодо бир топ чайналып жүрдү каралдым. “Апа, сенин концертиңе катышам”,- деди бир күнү. “Кой, атаң уруп коюп жүрбөсүн”,- десем, “атам менен өзүм сүйлөшөм”,- деп катуу киришти. Ошентип атасы менен кырылышып жатып араң катыштырганбыз баламды концертиме. Мени сарсанаа болот деп аяп турчу. “Апа, мен эми чоңойдум, эч кимге сиз тууралуу жаман сөз айттырбайм. Сиз капа болбой, ден соолугуңузду жакшы карап жүрүңүз. Апа, сиздей ырчы жок Кыргызстанда, сиз өзүңүздүн кадырыңызды билбей жатпайсызбы”,- деп көп айтчу. Быйыл эле ырчылыкка басым жасап жаткан. Буга чейин жалаң музыкалык аспаптарда ойноо менен алек болуп жүрдү эле. Улукмырза Полотовдон сабак алып, окуп баштаган болчу. Эми мени түшүнүп, кадырыма жеткенде кете берди. Балам 20га жаңы чыкса да таланты менен элдин оозунда калды.

– Акыркы жолу качан көрдүңүз эле Канатыңызды?

– Балам менен телефондо сүйлөшүп турчумун. Акыркы жолу 3 ай мурун Бишкекте жолуккам. Мен шаарда Искусство университетинде сабак берип жүргөндө ал консерваториянын колледжинде окучу. Ошондо көбүрөөк кезигип, көбүрөөк сүйлөшүп калдык эле.

– Бишкекте университетте сабак берем деп калдыңыз, Кочкордон келип иштөө кыйынчылык жаратпайт бекен?

– Былтыр Искусство университетинде 1 жыл иштедим. Жатаканада жашап жүрдүм, Кочкорго 2 жумада бир келип кетчүмүн. Айылда музыкалык мектепте окуган балдарым аябай күчтүү болчу. “Бир жылда окуулары начарлап кетти, бул жакка келип балдарыңызды карабасаңыз болбойт”,- деп ата-энелер суранып жатып чакырып алышты. Анын үстүнө шаарда айлык аябай аз экен. Студенттер бир күн келсе, эки күн келбейт сабакка. Карасам жыйынтык чыга турган эмес, анан кой деп Кочкорума кетип калдым.

– Жолдошуңуз да жакшы жүрөбү?

– Абышкам Кочкордо музыкалык мектепте өмүр бою комуздан сабак берсе, мен элдик ырдоо боюнча вокалдан окутам балдарды. Ал атактуу обончу, залкар комузчу, мектеп программасына ылайыктап балдарга арналган комуз китебин чыгарды. Жакында эле Эмгек сиңирген ишмер деген наам алса, мен Эмгек сиңирген артист деген наам алдым. Быйыл 70 жашка чыкты. 70ке чыкты десе картаң чалды элестетпегиле. Менин абышкам жапжаш, баскан-турганы тың, зыңкыйып анча-мынча жаш жигиттерди артка таштайт. Чыгармачыл адамдардын мүнөзү катаал болот. Сүйүп тийгенден кийин кыялына чыдайм. Бирок үй-бүлөгө камкор ата. Экөөбүздүн ортобузда Төрайым, Мырзайым деген кыздарыбыз бар. Чоң кызым 5-класс болсо, кичүүсү 3-класска көчтү. Экөө тең таланттуу, жакшы ырдап, комузду мыкты ойношот. Абышкамдын мурунку жубайынан бир уул, бир кызы бар. Уулу Рахат Иманалиев ырчы, обончу катары атактуу болуп келе жатат. Кызы Айдай Саидова дагы обончу, ырчы. Жакында Улуттук филармонияда жеке концертин тартуулады. Андан сырткары кол өнөрчүлүк менен алектенип артисттерге костюм тигет. Турмушум жакшы, эч нерсеге өкүнбөйм. Негизи мен артка кылчайбаган кишимин.

– Маегиңизге рахмат, мындан ары ар дайым жакшылыктар болсун.

 

Аймээрим КУРБАНАЛИЕВА

Эскертүү: Lady.kg сайтынын материалдарын көчүрүү, редакциядан уруксат алгандан кийин гана көчүрүлүшү шарт.