Компоттор

Лимон кошулган алма компоту

Кандай азыктар керек?

Алма: 3 кг

Лимон: 1 даана

Суу: 1,5 л

Шекер: 350 г

Кантип жасалат?

Майда алмаларды бүтүн бойдон колдонсоңуз болот, чоңдорду 4 бөлүккө бөлүп, уруктарынан тазалайсыз. Туурап бүткөнүңүзчө биринчи тууралган алмалар карарып кетпес үчүн аларды туздуу сууда кармаңыз.

Лимонду жалпак кылып туураңыз.

Кайнак сууга шекерди кошуп эритип, 2-3 мүнөт кайнатып сироп жасаңыз.

Алма менен лимондун кесимдерин банкаларга бөлүп салып, үстүнө ысык сиропту куясыз.

Капкактарды оозуна коюп мискейдеги сууга 8 мүнөт кайнатасыз.

Андан соң оозун бурап, көмкөрөсүнөн оодарып коёсуз.

 

 

Шабдаалы компоту

Кандай азыктар керек?

Шабдаалы: 2 кг

Суу: 1 л

Шекер: 500 г

Лимон кислотасы: 10 г

Кантип жасалат?

Компот үчүн түсү сары, этинен данеги оңой ажырай турган шабдаалылар сунуш кылынат. Аларды тазалап жууп, лимон кислотасы кошулган кайнак сууга бир малып аласыз. Андан соң муздак сууга дароо малып аласыз да, кабыгын сыйрыйсыз.

Бүтүн эмес, тууралган шабдаалылардан жасалган компот даамдуу болот: шабдаалыны экиге бөлүп, данегин аласыз.

Аларды банкага салып, үстүнө ысык сиропту куясыз да, банкаларды чоң мискейдеги сууга салып 15-20 мүнөт кайнатасыз.

Андан соң оозун бурап бекитип, көмкөрөсүнөн оодарып коёсуз.

 

 

Бал кошулган алмурут компоту

Кандай азыктар керек?

Алмурут: 3 кг

Бал: 1 кг

Суу: 1,5 л

Кантип жасалат?

Чоң, катуу алмуруттарды төрткө же алтыга бөлүп, уруктарынан тазалайсыз.

Тазаланган алмуруттарды бир нече мүнөт туздуу сууга сала турасыз да, андан соң банкаларга бөлүп саласыз.

Кайнап жаткан сууга балды салып эритип, 5 мүнөт кайнатасыз. Муздатасыз.

Муздаган сиропту банкадагы алмуруттардын үстүнө куюп, чоң мискейдеги сууга салып 15 мүнөт кайнатасыз.

Оозун бекитип, көмкөрөсүнөн оодарып коёсуз.  

 

 

Айназик РАИМКУЛОВА

Эскертүү: Lady.kg сайтынын материалдарын көчүрүү, редакциядан уруксат алгандан кийин гана көчүрүлүшү шарт.