Бойдоктор бурчу

Кымбаттуу окурмандар!

Эгер сиз турмуш куруу максатында өмүрлүк жолдош издеп жүргөн болсоңуз эки ооз кебиңиз менен гезит бетине чыкканга мүмкүнчүлүк аласыз. Балким, сиз издеген бакыттын кушу алыс эмес. Биз менен байланышта болуп, кыялыңыздагы адам менен табышып, бактылуу түгөйлөрдөн болууга ашыгыңыз. Биздин байланыш телефонубуз: 0772 16-89-64.

 

Санат

Туулган жылы: 1982-жыл 25-сентябрь

Кесиби: жок

Иштеген жери: айылдын имамы болуп иштейт

Жердиги: Ош облусу Кара-Кулжа району

Кандай айымдар жагат? Адеп-ахлактуу, токтоо, ыймандуу, акылдуу, чынчыл, сарамжалдуу, сабырдуу

Материалдык байлыгы: үйү бар

Байланыш телефону: 0778 62 62 09

– Аялым экөөбүз эки жыл жашап кыздуу болгонбуз. Менин ажырашуу деле оюм жок болчу. Бирок аялымдын бир жылдын жарымын төркүнүндө өткөрүп жүрө бергени аны менен ажырашууга аргасыз кылды. Кичинекей эле бир нерсе болсо күндү күн, түндү түн дебей көчөгө чыгып кетип калчу. Оорукчан адамдыкындай болгон бул кылыгына чыдабай кеттим. Кызымды ала кеткен. Бир жарым жылдан бери кызыма барып учурашып, анча-мынча каралашып турам. Эми биз тараптык 20 жаштан 30 жашка чейинки кыз-келиндер менен турмуш куруу максатында таанышам. Бир талабым: башка никеден балалуу болгондор менен мамиле күтө албайм. Ошондой эле намаз окуган, эч болбосо динден кабары бар аялзаты болсо жакшы болот эле.

 

 

Чыңгыз

Туулган жылы: 1989-жыл 15-май

Кесиби: юрист

Иштеген жери: эс алуу тармагында иш алып барат

Жердиги: Ысык-Көл облусу Ысык-Көл району

Кандай айымдар жагат? Туруктуу, түшүнүктүү, оор басырыктуу, чынчыл, акылдуу

Материалдык байлыгы: үйү бар

Байланыш телефону: 0709 74 15 87

– Жумуш менен алек болуп жүрүп бир топ убакытты өткөрүп жибердим. Өз алдымча караштырып ылайыктуу кыз таппай, ушул кызматка кайрылып жатам. Бактыма жетишиме, балким, ушул гезит себепчи болоттур. Мага бир гана Көл жергесинен 21 жаштан 26 жашка чейинки кыздар чалыңыздар. Өзүм буга чейин үй-бүлө куруп же тескери жолго басып көргөн жан эмесмин. Андыктан өзүмө тең таза, абийирдүү кыз менен гана таанышам. Беймаал чалып тамашалашып убара болбогула. Менин бул кадамым олуттуу.

 

 

Алман

Туулган жылы: 1994-жыл 25-ноябрь

Кесиби: ички иштер кызматкери

Иштеген жери: Манас аэропортунда кесиби менен иштейт

Жердиги: Чүй облусу Токмок шаары

Кандай айымдар жагат? Жөнөкөй, ыймандуу, туруктуу, билимдүү, чынчыл, мамилечил

Материалдык байлыгы: үйү, машинасы, жер тилкеси бар

Байланыш телефону: 0709 00 12 70

Мен 18 жаштан 24 жашка чейинки чүйлүк, көлдүк, нарындык кыздар менен таанышам. Буга чейин турмушка чыгып ажырашкан келиндер чалып убара болбогула. Өзүм бардык жагынан шайма-шай жигитмин. Болочоктогу келинчегим билимдүү болушун каалайм. Иштеген иши болсо, андан жакшы. Жогорудагы талаптарга жооп берген, турмушка олуттуу караган кыздардын чалууларын күтөм.

 

 

Аида

Туулган жылы: 1976-жыл 22-сентябрь

Кесиби: жок

Иштеген жери: базарда соода кылат

Жердиги: Ош шаары

Кандай мырзалар жагат? Токтоо, сыйчыл, бир мүнөз, жаман адаттары жок, ишенчиликтүү

Материалдык байлыгы: үйү, машинасы бар

Байланыш телефону: 0559 65 27 65

Мен бир баланын энесимин. Баламдын атасы менен төрт жыл бирге жашадым. Тилекке каршы, анын чечкинсиз мүнөзү жана тиричилик кылайын дебеген аракетсиздиги андан баш тартып кетүүмө аргасыз кылды. Үч жылдан бери баламды жалгыз бой багып келем. Өмүр бою жалгыз жашоо мүмкүн эмес. Андыктан 40-45 жаштардагы оштук мырзалар менен турмуш куруу максатында таанышам. Мүмкүн болсо балдары жок же болсо да алыста жашашса жакшы болот. Ал эми менин уулум ар дайым мени менен болорун эскертем. Балама жакшы ата, мага жан шерик боло алчу мырзалар, чалыңыздар.

 

 

Айбек

Туулган жылы: 1988-жыл 23-май

Кесиби: жок

Иштеген жери: Москвада ар кандай иштерде иштейт

Жердиги: Жалал-Абад шаары

Кандай айымдар жагат? Чыдамкай, сабырдуу, токтоо, чынчыл, жылдыздуу, тыкан

Материалдык байлыгы: үйү бар

Байланыш телефону: 0778 49 88 99

Үч жыл үй-бүлөлүк жашоодо күн кечирдим. Бир кызга ата болдум. Тилекке каршы, кайын журтумдун ар кандай кеби келинчегимди өзгөртүп, акыры экөөбүз эки айрылыш жолго түшүп кеттик. Кызым апасы менен. Ага барбайм деле. Эки жылдай убакыттан бери бойдокчулукта күн кечирип, жумуш менен убакыт өткөрүп келем. Эми биздин эле облустун 20 жаштан 25 жашка чейинки кыз-келиндери менен таанышам. Баласы барлар деле чала бергиле. Балким, жашап кетебиз.

 


Улукбек

Туулган жылы: 1987-жыл

Кесиби: жок

Иштеген жери: такси айдап иштейт

Жердиги: Баткен облусу Кызыл-Кыя шаары

Кандай айымдар жагат? Токтоо, чыдамкай, чынчыл, сылык, акылдуу, ыймандуу, таза

Материалдык байлыгы: үйү, машинасы бар

Байланыш телефону: 0776 70 15 92

Буга чейин бир жолу никеде болгом. Жашообуз көпкө уланган жок. Ар кандай келишпестиктерден улам эки жолго түшүп кетүүгө аргасыз болдук. Канчага чейин жалгыз жашамак элем, эми кайра жаңы жашоо баштайын деп жатам. Мага биз тараптын 30 жаштан 35 жашка чейинки кыз-келиндери керек. Баласы барлар менен да таанышып сүйлөшүп көрөм. Балким, бактым ошондой балалуу аялдан ачылар. Башкысы, чыныгы мамилени каалагандар чалыңыздар.