Көзгө чөп салуу – бүтпөс маселе

Учурда ойноштук, көзгө чөп салуу сыяктуу үй-бүлөлүк көйгөлөр көбөйүп жаткансыйт. Бул жаман көрүнүш нечен деген үй-бүлөнү жок кылып, балдарды тирүүлөй жетим кылганга чейин алып барат. Төмөндөгү окуялар мына ушундай жагымсыз кырдаалга туш болгон айымдардын айрымдары гана.

 

Наргиза, 30 жашта

– Менин турмушка чыкканыма 9 жыл болду. Жолдошум жакшы болчу. Өзүм сүйүп, өз каалоом менен турмуш жолуна аттангам. Кайненем менен чогуу тургандыктан, ал мени жамандай берип жолдошумдун мүнөзү өзгөрүлүп кетти. Апасынын ою менен болуп, мага жана ортобуздагы үч кызыбызга убактысын да, акчасын да короткусу келбейт. Урушарга сөз таппай, болор-болбос нерселерди айтып жаңжал чыгарып, үйдөн кетип калмайды адат кылып алды. Ал мени урбайт, бирок анын жүрөктү ооруткан заар сөздөрүнөн тажадым. Эми мунун баары аз келгенсип дагы бир маселе пайда болду. Үйдө болгондо телефонуна бирөө чалса эле башка бөлмөгө чыгып кетчү. Өткөндө да чалуу келип жатканынан карасам, “Жаным” деп сакталган номер экен. Ал ким экенин сураштырсам: “Ал менин ойношум. Сенин ишиң болбосун!” - деп оозумду ачырды. Ичим өрттөнүп, ошол жерден жерге кирип кетейин дедим. Андан негедир бул нерсени күтпөптүрмүн. Ошондо ызама чыдабай кыздарымды алып апамдыкына кетип калгам. Ичимден кайра кайтып келбейм деп ойлогонум менен бир айдан кийин кечирим сурап барган күйөөмдү ээрчип кайра келдим. Кайненеме Кудай берип калды, мурункудан да тили узарып, мени кордогонун койбойт. Күйөөм болсо экинчи тигиниси менен сүйлөшпөсүн убада кылганы менен телефонундагы “жанын” дагы деле өчүрбөптүр. Үйгө эрте келип, бизге аз да болсо көңүл буруп, мурункудай ороңдобой калганынан чын эле өзгөрүүгө аракет кылып жатат го деп унчукпадым. Бирок жашоого көңүлүм жок, чөгүп кеттим. Акыркы убактарда “балдарым үчүн жашаймбы же өзүм үчүн жашаймбы?” деп өзүмө-өзүм суроо берем. Ушунча жыл жолдошумдун басынтуусуна чыдап келсем, эми көзүмө чөп салуусуна дагы көз жумушум керекпи?

Akima86. Менин кайненем дагы мени жамандап жүрүп ажыраштырып тынган. Бирок азыр өз бактым үчүн күрөшүүнүн ордуна кайненеме өчөшүп кетип калганыма өкүнөм. Анткени менин эле жашоом эмес, күйөөмдүкү да бузулду. Ал эки ортодо кимге болушарын билбей эле ичкиликке берилип, аялдан аял алып жүрөт. Кайненем болсо каза болгон. Андыктан сизге кеңешим: чыдаңыз, мага окшоп кийин өкүнүп калбаңыз. Анын үстүнө жолдошуңуз оңолуу жолуна түшүптүр.

Albina. Эмнеге кыргыз айымдар ушундайбыз? Балдарым-балдарым деп эле өзүбүздү курмандыкка чалып жүрө беребиз. Сизге татыктуу эмес экен жолдошуңуз. Ажаан кайненеңизге чыдаганыңыз аз келгенсип, туруксуз күйөөңүздүн бул кылыгына канчага чейин чыдайсыз? Баарын жыйыштырып коюңуз, алдыда, балким, сизди чыныгы бакыт күтүп тургандыр.

zhagun. 3 кыз төрөгүчө күйөөңдүн жаман-жакшы экенин билбесең, анда сага сөз жок. “Катын жакшы - эр жакшы, вазир жакшы - хан жакшы”. Өзүн терең ой жүгүртүп көрчү, мүмкүн сенден да кемчилик кетип жаткандыр.

 

 

Мээрим, 36 жашта

– Жолдошум менен баш кошуп жашаганыбызга он беш жыл болду. Шаарда өз үйүбүздө, эки балабыз менен турабыз. Башында квартирадан квартирага көчүп, базарда соода кылып бирге бутка турганбыз. Үй, машина алып, эч нерседен кем болбой жашап калдык. Бара-бара жолдошум жеке ишкана ачып, кол алдында адамдарды иштеткенге жетишти, мени болсо иштетпей койду. Өзү жумуштан кеч келер эле. Бир жолу кармалып жатканынан телефон чалсам, жумуштан колу бошобой жатканын айтты. “Макул”, - деп телефонду өчүргөнгө камынып жатсам, телефондун ары жагынан аялдын үнү угулуп калды. Күйөөм телефонун өчүрдүм деп ойлоду, бирок мен алардын сүйлөшкөнүн көпкө угуп турдум. Жолдошумдун унаасында отурушкан окшойт, андагы мага тааныш ырлардын коштоосунда экөө бир топко чейин шаракташты. Сөздөрүнүн бири угулуп, бири угулбай жатты. Ошентсе да белгисиз айымдын назданганы, жолдошумдун аны эркелете сүйлөгөн сөздөрүнөн улам калтырап чыктым. Акыры чыдай албай телефонду басып койдум. Үйгө келгенде эч кандай уруш чыгарган жокмун, болгону бул кылыгын түшүндүрүп берүүсүн жөн гана сурандым. Ишенесизби, таптакыр мойнуна албай койду. “Бухгалтер кыз, жолубуз бир экен, үйүнө жеткирип койгом”, - дегенден башка кеп айткан жок. Бирок мен буга ишенген жокмун, ушундан кийин шекшип телефонуна сүйлөшүүлөрдү автоматтык түрдө сактоочу программаны жүктөп койдум. Эртеси эле күнү ал уктары менен телефонун алып текшере баштадым. Менин шектенгеним чын болуп чыкты. Күн ичинде Жыпара аттуу кыз менен үч жолу сүйлөшүптүр. Алардын ар биринде сагынганын, сүйүүсүн айтып, өмүрү мен укпаган сөздөр менен эркелетип сүйлөптүр. Мен ишенип жүргөн жолдошумдун бул кылыгы жүрөгүмдү жаралады. Бирок бул тууралуу сөз козгосом эле чоң жаңжал чыгып, күйөөм менден кетип кала тургансып даай албай жатам. Бирок ичимдеги ызам ашып, өзүмдү коёрго жай таппай жатам. Эмне кылам?

Sveta_ayday. Ушундай адамдар көп экен. Бутуна турганда эле, кечээги күндү унутуп калышат. Жаш кыздардын аркасынан чуркап, акчаларын чачканга өтүшөт. Жолдошуңуздан айрылып, балдарыңызга жакшы тарбия бериңиз. Сиздин эмгегиңизди баалабагандан кийин сизге татыктуу эмес.

nuku1100. Жолдошуңуз менен шашпай отуруп сүйлөшүп көрүңүз. Сөзсүз эле жаңжал чыгарбай түшүнүшүү жолу менен деле сүйлөшүүгө болот да. Ага үй-бүлөсүн же ал кызды тандоосун сунуш кылыңыз. Сизди сыйлап, балдарыңызды жакшы көрсө, туура жолду тандайт.

Berdieva. Жолдошуңузду кечирүү сиз үчүн оор, билем. Бул мага да тааныш жагымсыз сезим. Ошентсе да ачык сүйлөшүп, бир мүмкүнчүлүк берип көрүңүз. Эгерде аны менен мамилесин токтотууга эрки жетпесе, анда ажырашып өз жолуңуз менен кеткениңиз оң.

 

 

Жамал, 47 жашта

– Жолдошум менен жашаганыма 25 жылдан ашып баратат. Бир уул, эки кызыбыз бар. Кыздарым бой жетип турмуш жолуна аттанышкан. Жолдошум эч жерде иштебейт. Өмүр бою эле талаа иштери менен алектенип жүрүп, ал жерибизди саткандан кийин эле үйдө отуруп калган. Жумуш издемиш болот, бирок эч майнап чыккан жок. Мен болсо коңшу айылдагы ооруканада медайым болуп эмгектенип, эртең менен кетип, кеч келем. Жолдошум негизи эле аял аттууга жакын. Экөөбүз үйлөнгөндөн көп өтпөй эле көзүмө чөп салган эле. Андан кийин да маал-маалы менен бул адаты кармап турчу. Бирок аны балдардан жаап-жашырып жашап келгем. Анткени балдарым атасын абдан жакшы көрүп, сыйлашат. Акыркы жолу мындан беш жыл мурда: “Экинчи башка аялдарды карабайм”, - деп сөз берген эле. Эми минтип элүүгө чыгып калганда жаш балдарча калжаңдап айылыбыздагы эле күйөөдөн ажырашкан бир келин менен жүргөнүн кошуналардан угуп калдым. Ажырашайын десем күйөө балдарымдан, куда-сөөгүмдөн уялам. Анда же балдарыма чындыкты айтып, ажырашууга убакыт келдиби?

Asil. Балдарыңыздан эч нерсени жашырбаңыз. Баарын чогултуп, сүйлөшүңүз. Алар да сизди түшүнөт. Атасын сыйлашса, аны кайра туура жолго бура турган дал ошол балдарыңар.

Gulnura. Жолдошуңузга көңүл бурулбай калгандын белгиси. Ага жумуш тапканга жардам бериңиз. Балдары сыйлаган даражада аларды чоңойткон болсо, тез эле оңолот. Элүүгө чыгып калыптыр, ушунча чыдаган эми деле бир аз чыдап коюңуз.

 

 

Бегайым, 28 жашта

– Менин курбум мындан сегиз жыл мурда турмушка чыккан. Жолдошу менен жарым жылдай сүйлөшүп жүрүп, ала качып алган эле. Курбум балдарын карап үйдө олтурат. Ал эми жолдошу чет жерден автоунааларды алып келип, Кыргызстанда сатып бизнес кылып бутуна турган. Борбордон эки бөлмөлүү батир алышып, жакшы жашап жатышкан. Курбума жакшы жолдош туш келди деп бир убактары суктанар элем. Анткени мен коноктоп барган сайын күйөөсүн мактап, алып берген белектерин көрсөтүп, андан бактылуу жан жоктой эле. Өткөндө үй-бүлөм менен көлдө жүрүп, аяшымдын башка жаш кыз менен эс алып жүргөнүн көрдүм. Алар мени көрүшкөн жок. Курбум менен билмексен болуп сүйлөшсөм, жолдошу автоунаа алганы чет өлкөгө кеткенин айтты. Мен албетте көргөнүмдү айткан жокмун. Ушундан көп өтпөй эле шаардагы кафелердин биринде кесиптештер менен отурсам, көлдө чогуу жүргөн кыз менен колтукташып аяшым кирип келди. Мени көрө калып чочуп кетти. Жаныма келип учурашып, кардары менен жолугууга келгенин айтып актангансыды. Бирок алардын бири-бирине кылган мамилесинен жакын экенин көздү жумуп деле байкаса болот. Байкуш күйөөсүнө ишенип жашап жүргөн курбума эми боорум ооруп жатат. Ага көргөнүмдү айтайын дейм, бирок анын үй-бүлөсүн бузуп аламбы деп дитим барбайт. Жолдошунун көзүнө чөп салып жатканын билип туруп айтпай койсом туура болобу?

Anara. Туура эле кылып жатасыз. Айтпай эле койгонуңуз оң. Алардын үй-бүлөсү бузулса, өзүңүздү күнөөлүү сезесиз.

Мeerima. Ооба. Курбуңуз өзү эле билгени оң. Сиз айтсаңыз, намыстанып чоң жаңжал кылат. Ортолорунда балдары болсо, кайра табышып алышат. Сиз болсо эки жакка жаман көрүнүп, курбуңуздан айрылып калышыңыз мүмкүн.

Beka88. Мен курбуман эч нерсе жашырбайм. Сиздин ордунузда болсом, баарын бетке айтмакмын. Дос ошонусу менен дос.

 

Жаңыл ИСАЕВА

Эскертүү: Lady.kg сайтынын материалдарын көчүрүү, редакциядан уруксат алгандан кийин гана көчүрүлүшү шарт.