Шоу-бизнесте жашап кете алган жана жээкке сүрүлүп калган ырчылар кимдер?

“Саясат сасык” деген сыяктуу “шоу-бизнес ыплас, кир” деп  ушул эле чөйрөдөн нан таап жеп жүргөн ырчылардын өздөрүнөн угуп калабыз. Бул чөйрөнүн агымына жараша бет алган ырчылар таштан-ташка урунуп курчуп, эмне деген ушак сөздөр ээрчип, бут тосуулар болбосун чөкпөй, тескерисинче, чыйралып келет. Ал эми ошол эле убакта мындай сыноого сынып, агымдан четтеп, жээкке сүрүлүп калган ырчыларыбыз да көп.

 

Кылы кыйшайбаган Анжелика

Бул ырчы кызыбыз сахнага да эрте чыгып, турмуш жолуна да эрте аттанып, эрте бой жетти десек болот. Кичинекей Анжелика чоңоюп “Жөжөлөрүм” деп ырдабай калган күндөн баштап бүгүнкү күнгө дейре артынан эмне деген гана ушак кептер айтылган жок. Алардын аягы дале тыйылбай келет. Айрыкча, акыркы кезде устатынын далилдери менен айткан кептери, интернетте жарыяланган сүрөттөрү да ырчынын кылын кыйшайта албады. Анжеликадан башка айым болсо, мындай жагдайда дайынын таппай калса керек эле. Анжеликанын го азамат кыз экенин көп жылдан бери көрүп келе жатабыз, жубайы тууралуу айтылган ат көтөрө алгыс сөздөрдү укпай жашап келе жаткан жолдошу Урмат келинчегинен эки эсе азамат экен дегиң келет. Балким, Анжелика күйөөсүн сүйүүсү менен сыйкырлап алгандыр. Эмнеси болсо да бул түгөйлөрдү бактылуу болсун дегенден башка айтарыбыз жок.

 

Самара – шоу-бизнестин темир айымы

Самара Каримова деген ырчы пайда болгонуна ашып кетсе 5 жыл болот. Беш жыл айтууга оңой болгону менен ушунча жыл токтобой артыңдан ар кандай жагымсыз сөздөрдүн айтылганын элестетип көрүңүз. Элестете албай жатасызбы? Көрдүңүзбү, Самара шоу-бизнестин темир айымы экен. Сахнаны аттаган күндөн бери бир туруп күйөөсүнө, клип тартса клибине, ырдаса чыйылдадың, ырды буздуң деп үнүнө, концерт койсо элди сатып алдың деп өзүнө, айтор, Самарага тийишкен эле адам.  Жөнөкөй эл калып, ал тургай ырчы, куудулдарыбыз да бир сыйра асылып көрүштү. Кана, ким жыга алды Самараны? Акыркы эле жолкусун алып көрөлү: Сулайман-Тоо музейине директор болгондо тытмалап салышты эле ордун бошотуп берди. Адам чыдагыс айтылган сөздөргө, канчалаган бут тосууларга кабагым-кашым дебей жолдошуна үч баланы төрөп, үй-бүлөнү бекемдеп коюп, чычалабай чыгармачылыгын алып кетүү эрдик эмей эмине?

 

Айжамалды турмуш сындыра албады

Гүлшайыр эжесинин тарбиясын алган Айжамал Кабылова да шоу-бизнестеги күчтүү айымдардын катарын толуктайт десек жаңылышпайбыз. Бул айым турмушка чыкканга чейин көп деле ушак-айыңга кабылбады. Болгону былтыр жолдошу менен эки ажырым жолго түшкөн себептери элге жарыяланып кетип, катуу сынга кабылды. Негизи үй-бүлөнүн бузулуусу ар бир эле аялга катуу тиет. Айрыкча, эл көзүндө жүргөн айым үчүн айыбы ачылганы азап эмеспи. Тагдырдын мындай сыноосуна сынып калбай, кайрадан чыйралып чымырканып чыгармачылыкка кайтып, күйөрмандарына ырларын тартуулап Айжамал Кабылова деген калыпка түшүп алганын баалабай коё албайсың. Өзү айткандай бул окуядан ырчы чоң сабак алды көрүнөт.

 
 

Айгерим Расул кызы талкууларды тоготпойт

Расул агабыз менен Катя эжебиздин балбан кызы Айгерим да атасын коштоп бийлеп чыккан күндөн баштап ушак кептин кучагында келе жатат. “Атасынын кызы эмес экен”, - деп жаза коюп журналист мырза апасынан бирди жеген эле. Андан кийин ар кайсы чоңго жабыштыра бергенде элдин баарын гинекологго чакырып таң калтырган. Кийингени, ырдаганы, бийлегени, үйү, турмушка узагандагы той концерти, айтор, ар бир кадамы элге эрмек болуп келе жатат. Кечээ акыркы тарткан клиби да эл арасында талкуу жаратты. “Элдин көңүлүн бурду, демек, эмгегим текке кеткен жок. Мен клип тартууда талкуу жаратуу максатында ар дайым бир жетишпегендик калтырам. Эгер баары идеалдуу болсо аны эч ким талкуулабайт да”, - дейт ырчы. Демек, Айгеримге мындай талкуулар чымын чакканчылык деле болбойт.

 

 

Ал эми төмөнкү ырчылар шоу-бизнестин сынынан өтпөй сынып калгандардын айрымдары

 

Клара Алибекованын  ички дүйнөсү мортпу?

-Бир кездеги тыпылдап ырдаган тың ырчы Клара Алибекова эсиңиздерде болсо керек. Күйөрмандарын эле эмес, ырчыларды кошо кызыктырып, жаш кыздын аркасынан пайда көрүп калсак деп талашкандар да болгон. Чын эле сүйүп калдыбы же пайдасын ойлодубу, айтор, Байыш Момунов Кларага баш кошту. Эки жаш той концерт берип, “Оо, менин биринчи сүйүүм, оо, менин биринчи махабатым”,- деп гастролдоп элдин батасын да, акчасын да чогултуп алган дешет билермандар. Анан эле кайсыл теке сүздү ким билет, бир баласы менен Клараны таштап чыныгы биринчи сүйүүсү Динарага кетип калды. Ошол күндөн ушул убакка чейин күйөрмандары мурунку Клараны таппай келет. Муну Клара: “Билбейм, балким, көз тийдиби же турмушум жакшы болбой сынып калдымбы. Айтор, мурунку Клара менен азыркы Кларанын айырмасы асман менен жердей”, - деп жооп берди. Албетте, Байышты деле күнөөлөөдөн алыспыз, артисттерден турмушу бузулган бир эле Клара болбосо керек, бул адамдын ички дүйнөсүнүн морттугу болсо керек.

 
 

Кумар Асанов шоу-бизнестин бороон-чапкынына туруштук бере албады

-“Кыргызстан” деп ырдап чыккан Кумар Асановду унута элек болсоңуз керек. Бул ыр айрыкча митингге чыккандардын гимнине айланган эле. Дал ушул ырды ырдаган кумар көз Асанов да жакшы тилек менен ырчылыкка аттанган болчу. Өң десе өңү бар, үн десе үнү бар бул жан дүйнөсү назик ырчы шоу-бизнестин бороон-чапкынына туруштук бере албады көрүнөт. Бул чөйрөдө сакталып калуу үчүн бет калыңыраак, кулак дүлөйүрөөк болуш керектигин жаш бала аңдабады да. Же жол көрсөткөн продюсери болбосо. Ошентип талантын каткан боюнча барып Орусияда иштеди, андан келип Медер Бишкектен каган массажын окуп үйрөнүп, азыр күйөрмандарын ыр менен эмес, массаж менен дарылоодо. Бул деле жаман эмес, болгону мыкты үн, мыкты таланттын катылуу бойдон калганы ичти ачыштырат экен.

 

Жанетаны көргөндөр барбы?

-Юрий Бобковдун келини Жанета Бобкованы көргөндөр барбы? Бир кезде Кыргызстандын желегин желбиретип чет өлкөлөргө барып ырдап келе жаткан Жанетанын дайынын таппай калдык. Жолдошу, кайын атасы колдоп турганда мындай ырчы чөкпөш керек эле. Бул айым да шоунун шоруна чыдай албады көрүнөт. Бир кезде билинип калган калпына ушунча уялдыбы. Же болбосо үй-бүлөсү бузулду деген сөздөр чын болуп ырчы депрессияга түшүп кеттиби, айтор, Жанета шоу- бизнестен алыстап кетти. Белди бекем бууп иштей бергенде, кар жаады из басылды болуп калмак баары. Эрки бош адамдарды бул чөйрөнүн шамалы сылап өтүп эле сындырып кетет.

 
 
 

Артык Саитов жээкке чыгып калды

- Бул ырчы Сапар иниси менен ээрчише дуэт ырдап жакшы эле чыгармачылык чыйырын баштады эле. Шериги Сапар продюсер таап кеткенден кийин жалгыз иштемиш болуп нары түртүндү, бери түртүндү, болбоду окшойт, жээкке калкып чыгып калды. Бул тууралуу өзү: “Чыгармачылыкта бут тосуулар көп болду, андайда кыйратып иштей албасаң, анын үстүнө кызымдын жүрөк оорусуна каражат керек болуп Алматыга иштегени кетип калгам”,- деп айтып келет. Учурда бул ырчыбыз Орусияда эмгектенип жүргөнүн билдик.

 

 

Нуриса БАЯЛИЕВА

Эскертүү: Lady.kg сайтынын материалдарын көчүрүү, редакциядан уруксат алгандан кийин гана көчүрүлүшү шарт.