Иса ӨМҮРАКУНОВ: «Балдар таштандыга ыргытылбасын»

Азыркы заманда турмуштун оор сыноосуна туруштук бере албай өз канынан жаралган наристесинен баш тартып кеткен ата-энелер көбөйүүдө. Ошол эле учурда таштанды балдарды өз камкордугуна алып, балдарындай мээрим төгүп багып келе жаткан үй-бүлөлөр да арабызда бар экенин билебиз. Өзүнүн беш баласына 27 наристени кошуп багып келе жаткан Иса Өмүракунов - мындай боорукер адамдардын бири.

– Азыркы убакта өз балдарыңдын курсагын тойгузуп, татыктуу тарбия берүү оңой эмес го. А сиз өз балдарыңыздан тышкары 27 баланы камкордугуңузга алыпсыз.

– Мага бул ишти баштоого 2009-жылы бир үй-бүлө себепкер болгон. Таанышыбыздын кызы турмушка чыккан күндөн тарта үй-бүлөлүк жашоосу жакшы болбой, ата-энесиникине качып келип, кайра кетип отуруп билинбей эле үч балалуу болушту. Бир күнү таанышыбыз чалып: “Кыз-күйөө жакшы болбой калды, күйөө балам үйгө чейин келип сабаган деңгээлге жетти. Кызым балдарды калтырып Москвага барып иштесем дейт. Бирок аларды кимге калтырарын билбей жатат, бизде болсо шарт жок”,- деп калды. Менин жетим балдарды баккан бир таанышым бар эле, андан жардам сурасам, устав боюнча жети жаштан өткөн балдарды гана кабыл алат экен. А тиги балдарынын жаш курагы 2, 4 жана 6 жашта болчу. Балдарга ушунчалык боорум ооруду. Эки жаштагы баласы энесинен ажырарын сезип, аны этектеп эле жанынан чыкпай калыптыр. Муну байкап “аттиң ай, эне-бала ажырыбай эле калса...” деген ой кетти. Ошондо анан келинге: “Мен сага ижарага батир алып берсем, эч жакка кетпей эле балдарыңдын жанында калат белең?” – десем, ал кетпестигин айтты. Мен сөзүмө туруп ижара акысын төлөп, энени үч баласы менен батирге киргиздим да, аларга өз балдарымдын ырыскысынан бөлүп баштадым. Ошентип дагы бир таанышымдын турмуштан кыйналган кызы бир баласы менен келип калды. Кайдан-жайдан укканын, билбейм, бир студент кыз жардам сурап калды. Келинчегим менден өткөн боорукер, экөөбүз аларды канатыбызга калкалап отуруп, бул иш кандай башталып кеткенин билбей да калыптырбыз.

– Азыр расмий каттоодон өткөнсүзбү?

– Башында эки жылдай эч кандай каттоодон өтпөй, жардам сурап келгендерге чын ниеттен эле жардам берип жүрдүк. Каттоодон өтүш керек экени оюбузга да келбептир. Кийин бир юрист кыз: «Байке, эже, жакшы иш кылып жатасыздар. Бирок кээде жакшы иш да жаманга айланып калышы ыктымал. Тиешелүү органдан эмне себептен балдарды кармап жатканыңыздарды сураса, эмне деп жооп кайтарасыздар? Каттоодон өтүп коюңуздар», - деп калды. Ошондон кийин гана ойлонуп, 2011-жылы расмий түрдө “Эне-бала мээрими” коомдук фонду деген ат менен каттоодон өттүк.

– Учурда бул фонддун карамагында кандай балдар бар? Жаш курактарына чектөө барбы?

– Биздин фонддун тарбиялануучуларын үч категорияда кароого болот. Алар: томолой, жарым-жартылай жана ата-энелүү болуп туруп эле жетим калгандар. Ал эми жаш курактары: улуусу 18 жашта болсо, эң кичүүсү – 10 күндүк. Баары болуп 27 тарбиялануучу бар, булардан сырткары жаңы төрөгөн эки жаш эне бар. Алар биздин карамагыбызда алты айга чейин гана жашоого болот деп айтканыбыз менен абалына жараша шарт өзгөрүлүп турат. Мисалы, бир кыз бар. Ал кичинекей кезинен тарта балдар үйүндө чоңойгон. Турмушка чыккандан кийин жакшы эле жашап жаткан. Анан кайнатасы кайтыш болгондон кийин кайненеси үч баласы менен кошо келинин кубалап чыккан. Келиндин бир туугандары, барар жери жок болгондуктан жардам сурап бизге кайрылган. Мындай абалга туш болгон адамды кантип “мөөнөтүң бүттү, чык” деп айтууга болсун.

– Булардын баарынын жоопкерчилигин өз моюнуңузга алып, багып келатканыңыздын себеби эмнеде?

– Менин эң негизги максатым - наристелер таштандыга ыргытылбасын. Жашоодо ким гана жаңылыштык кылбайт. Наристелер бул жарык дүйнөгө келип калганы үчүн күнөөлүү эмес, алардын келечегин ойлогондо мен да чоң жоопкерчиликти сезем. Алардын толук кандуу үй-бүлөдө чоңоюшуна аракет кылам. Балалык чагын эстегенде кайгырып, жетип-жетпей калган, ачка-ток күндөрүн эмес, бактылуу мүнөттөрүн көз алдына элестеткендей шарт түзүп берүүгө өзүмдү милдеткердей сезем.

– Акчасы көп бизнесмен деле эмес экенсиз, демек, сизди колдоп келген демөөрчүлөрүңүз бар?

– Чынын айтканда, кылган ишимди бирөөгө милдет кылып, бирөө мага жардам берсе ушуну кылат элем деп баштаган эмесмин. Балдарымдын нанынан тең бөлүп баштаган иш. Бул нерсе акчага эмес, адамдын жан дүйнөсүнө байланыштуу болот экен. Мен чакан мал чарбачылык менен алектенем жана тигүү цехин иштетем. Бул чоң үй-бүлөнү багууга негизги каражат ушул экөөнөн түшөт. Анан калса тууган, дос, коңшу-колоңдор колдоо көрсөтүп келүүдө. Капысынан угуп калып кийим-кече, тыйын-тыпыр же таттууларын көтөрүп алып келгендер да бар. Ал эми дүкөнү бар кошуналар акча жок болуп калган учурда карызга жазылууга мүмкүндүк берип же мончосун жагып берип бекер түшүүгө, ал эми көпчүлүк достор жайында Ысык-Көл жергесине эс алууга шарт түзүп берип турат. Кандай гана кырдаал болбосун, алар дайыма жаныбызда болоруна ишенем. Атайын кайрымдуулук фонддордон жана мамлекеттен көп болбосо да гуманитардык жардамдарды алып турабыз.

– Үйүңүз 27 балага тардык кылат экен. Бул жерде балдарга кандай шарттар түзүлгөн?

– Башында бул үйдү он энеге ылайыкташтырып, кризистик борбор катары курганбыз, ошондуктан азыркы учурдагы абалга туура келбейт. Үй алты бөлмөдөн турат. Анда эки уктоочу бөлмө, зал, ашкана, даараткана жана жаңы төрөгөндөргө эки бөлмө каралган. Балдарга арналган 10, энелер үчүн 4 керебет бар. Түшкүсүн балдар кезектешип, ал эми түндө керебетке батпагандары жерде укташат. Келечекте балдарга өзүнчө бөлмөлөрү, мончосу менен үй салуу пландары бар. Ага жер тилкеси бар болгону менен каражат жетпей жатат. Ошондуктан учурда демөөрчү издөөдөмүн.

– Сиздин фонддун башка балдар үйү же интернаттардан эмне айырмачылыгы бар?

– Биздин башкалардан артыкчылыгыбыз жана айырмачылыгыбыз - бир чоң үй-бүлө деп аталабыз. Ошондуктан балдар бизге “ата”, “апа” деп кайрылышат. Балдар оюн түз айтып, каалаганын сурап, таарынычын, кайгысын же болбосо сүйүнүчүн биз менен тең бөлүшүп, эркин баарлаша алат.

– Балдарга ата-энедей эле болуп калыптырсыздар.

Өз ата-энеси келсе берүү оор болбойбу?

– Балдарга өз энеси бар экендигин айтып, дайыма кулагына куюп келем. Эгерде баласын алууга келсе, бергенге даярмын. Бирок алып кеткен күндө да биздин көзөмөлдө болот. Жоопкерчиликсиз энелерди тыкыр текшерип турабыз.

– Ал эми энеси кайрылып келбесечи? Аларды балага зар үй-бүлөлөргө берүүгө болобу?

– Эгерде эстебесе, балдарды өзүмө расмий түрдө өткөрүп алууну туура көрөм. Себеби биринчиден, балдардын дээрлик көбү менин фамилияма өтүүнү каалашат. Экинчиден, көбүнчө бештен, үчтөн, экиден болгон бир туугандар. Бир бүтүндүк болгон туугандарды ар тарапка чачыратып, бөлүп жиберүүнү каалабайм. Алар чоңойгондо турмушта өз ордун тапкан инсан катары калыптануусуна колдоо көрсөтүп, жогорку окуу жайга окутуп, уул үйлөнтүп, кыз берип үлгүлүү чоң үй-бүлө болобуз деген ниетим бар. Ал эми өзүмдүн беш балам чоңоюп калган. Балдарым спорт менен машыккандыктан, инилерин да спортко тартып, дени сак жашоо образына үгүттөп жатат.

– Балдар бош убактысында эмне менен алектенишет?

– Окуу учурунда мектепке барышат. Келген соң көбүрөөк убакытты сабактарына бөлөт. Андан кийин ойноп, эжелерине жардам берип, айтор, үйдөгү күнүмдүк көрүнүш орун алат. Азырынча балдарды ийримдирге алып барып, кайра алып келүүгө шарт жок. Бирок келечекте балдарды спортко, кыздарды өздөрү шыктуу болгон, каалаган ийримге берүү тилектерим бар.

– Ден соолугуна кантип кам көрөсүздөр? Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жокпу?

– Балдарды ай сайын медициналык текшерүүдөн өткөрүп, саламаттыгын текшерип турабыз. Бир эле кызды эске албаганда, баарынын ден соолугу чың.

 

Токтобай кызы Айгерим

Эскертүү: Lady.kg сайтынын материалдарын көчүрүү, редакциядан уруксат алгандан кийин гана көчүрүлүшү шарт.