АРЗУБЕК Вонама: «Студент кезимде кийимдерди тигүүгө буйрутма алып баштагам»

Акыркы учурларда ырчылар социалдык баракчаларына жүктөгөн сүрөттөрүнө кийимдери дизайнер Арзубек Вонаманыкы экенин белгилеп жатышат. Аталган дизайнерге кызыгып баракчасына баш багып көрүп, өзгөчө кооз кийимдерге көзүм түштү. 22 жаштагы баткендик жигиттин колунан чыккан эмгектерге бир чети таң калып, бир чети ишенбей өзү менен маектешүүнү туура көрдүм.

– Арзубек, дизайнерлик кесипти бизде негизинен айымдар аркалашат го, сен кандайча аралашып калдың? Өзүң да айымдардын кийимдерин көп тигет экенсиң?

– Менин чоң энем тикмечи эле. Мен ага кээде жардамдашып жүрүп, бара-бара кызыгуу пайда болгон. Бирок дизайнерлик кесипти аркалап калам деп дегеле ойлогон эмесмин. Мектепти бүткөндө кесип тандоо керек болуп дүйнөдө, Кыргызстанда актуалдуу болуп жаткан кесипке ээ болгум келди. Ошондо анан дизайнерликти тандап алдым. Негизи буга чейин тигип деле кыйратчу эмесмин. Кыргыз-Орус Славян университетинин дизайнерлик факультетинен билим алып, баарын ошондо өздөштүрдүм. Окуу абдан кыйын болгондуктан, 30 студенттин ичинен 10 гана студент бүттүк.

– Учурда сенин атың тааныла баштады, бул ишке

киришкениңе канча убакыт болду?

– Мен окууну 2016-жылы аяктадым. Бул кесипке баш-отум менен киришип иштей баштаганыма болгону бир жыл толгону жатат. Бирок мен 2-курсумдан баштап кийимдерди тигүүгө буйрутма алып, дизайнерлердин арасында өткөн ар кандай сынактарга катышып иштей баштагам. 3-4-курска келгенде кыргыз эстрада ырчыларына кийим тигип баштадым. Алгачкы иштешкен ырчыларым Канат Култаевдин командасындагы балдар болгон. Алардан угуп башка ырчылар да келип жатып, учурда ырчылардын басымдуу бөлүгүн кийим менен камсыз кылам. Мага дайыма келген ырчылар: Анжелика, Сайкал Садыбакасова, Миргүл Эсеналиеванын командасы. Ошондой эле жаңы чыгып келе жаткан ырчылардын көпчүлүгү мага кайрылышат. Шоу-бизнес жаңыланууну талап кылат. Мен ырчыларга ошону жасап бере алам. Ар биринин табитине, ой-пикирине, келбетине жараша кийим тигип берем. Ырчылар эле эмес, сулуулар да чет мамлекетке чыкканда кийимдерин биздин «Вонама Арзубек» дизайн студиясы камсыздап берет. Учурда кардарлардын саны күндөн-күнгө өсүп жатат. Мен өзүмө жетиштүү команда топтоп алгам, биримдикте ийгиликтерди жаратып атабыз.

– Кийимдериңдин баалары кандай?

– Менин кийимдерим оригиналдуу, ыңгайлуу, сапаты мыкты. А бааларын арзан деп да, кымбат деп айта албайм. Болжол менен айтсам 7 миң сомдон 70 миң сомго чейин. Азыркы учурда жумуш ордумду кеңейтүүнүн үстүндөмүн, буюрса, чоң бренд болобуз. Мен дизайн студия менен эле алек болбой, «VONAMA models» аттуу моделдик мектебим да бар, моделдерди тарбиялап чыгарабыз. «VONAMA» мектебинин алкагында окуучуларды дизайнерликке окутуп жатам. Биринчи, экинчи топ окууну аякташты, буюрса, сентябрда алардын чоң мода көргөзмөсү менен кошо менин чыгармачылык кечем болот. Азыр ошол кечеге даярданып аткан учурубуз. Кыргызстанда болуп көрбөгөндөй мода саамалыгын өткөрөбүз.

– «Арзубек Вонама» деген ат жакшы угулат экен, атыңдын чечмелениши кандай?

– Окуу учурунда бизге өзүбүздүн брендибизди ойлоп чыгуу тапшырмасы берилген. Ошондо мен көптөгөн аттарды ойлоп чыккам. Өзүмдүн атым менен эле Аманов Арзубек деп чыксамбы десем, меникиндей аттар Кыргызстанда абдан көп экен. Мен жагымдуу жана өзгөчө угулушу үчүн өзүмдүн эле Аманов деген фамилиямды тескерисинен которуп Вонама деп өзгөртүп, “Арзубек Вонама” деп атагам. Бул ат окутуучу эжейлерге, тайпадагы студенттерге да жакты. Элге оригиналдуу жана кызыктуу болуу үчүн дизайнер катары ушул ат менен чыгып келе жатам.

 

 

 

 

 

 

Динара ЧОКОЕВА

 

Эскертүү: Lady.kg сайтынын материалдарын көчүрүү, редакциядан уруксат алгандан кийин гана көчүрүлүшү шарт.