Түйүлдүктүн жумалык өнүгүүсү

Кош бойлуулук – аялдын керемет сезимдерге курчалган эң бактылуу учуру. Бирок ал бакыт ар дайым чочулоо, кызыгуу, күтүү деген тынчтык бербеген сезимдер менен коштолот. Түйүлдүктүн курсактагы жашоосу кандай өтөрүн ар бир эне билгиси келет. Эмесе, түйүлдүктүн төрөлгөнгө чейинки жашоосун баян кылабыз.

 

Түйүлдүктүн абалы

Болочок наристе саат сайын чоңоюуда. Андан улам тон ичи ага тардык кылып, кыймылы азайып баратат. Бул энесине жеңилдикти пайда кылууда. Анын денесиндеги май жалпы салмагынын 8 пайызын түзөт. Ал эми денесиндеги илешчээк зат катмары улам коюуланып барат. Бул зат баланын төрөт жолунда жеңил чыгышын шарттайт. Эгер балаң ыз ушул жумада төрөлсө, маалынан эрте төрөлгөн болуп саналат. Мындай балдар толук бойдон өз алдынча жашап кетүүгө жөндөмдүү болуп, өзгөчө камкордукту талап кылбайт.

 

Эненин абалы

Аялдын организми төрөткө жигердүү даярдана баштады. Анын алгачкы белгиси - ичтин маал-маалы менен толгоого окшоп оорусу. Муну кыргыздар “ай толгоо” деп келишет. Өзүңүздөн жогорудагыдай ооруну байкасаңыз, аны ай толгоо деп билиңиз да, ызы-чууга алдырбаңыз. Чыныгы толгоо бир башталган соң мүнөт сайын кайталанып уланып кетиши керек. Эгер этектен суу кетсе, токтоосуз ооруканага барышыңыз керектигин эскертебиз. Аялдын көкүрөгүнүн көлөмү дагы чоңоюуда. Анда алгачкы ууз сүт даяр. Бирок аны кызыгуу менен сыгып көрүүнүн кажети жок. Бул жумада кош бойлуу төшөк мамилесин убактылуу токтото турганы жакшы. Себеби жыныстык орган төрөткө кызуу даярданып жаткандыктан абдан сезимтал болуп турган маал. Андан улам ар кандай инфекцияларды киргизип алуу коркунучу күч. Деги эле бул жумада бала чоңоюп калды деген менен, анын эрте төрөлүп калуусу жакшы көрүнүш эмес. Андыктан аял бул нерсени алдын алуу үчүн мүмкүн болушунча тынч жашоо образына келиши керек. Тамактанууда К, С, Е витаминдерин көп кабыл алууга аракет кылыңыз. К витаминин деңиз капустасынан, грек жаңгагынан, көк чайдан ала аласыз. Ал эми кальцийге буга чейинкидей басым жасоо эми керек эмес. Себеби бул жумаларда кабыл алынган кальций баланын сөөгүн катырып, ийкемдүүлүгүн төмөндөтөт. Бул болсо төрөт маалында ар кандай жаракаттарды пайда кылуусу ыктымал.

 

Гүлайым Калыбекова

Эскертүү: Lady.kg сайтынын материалдарын көчүрүү, редакциядан уруксат алгандан кийин гана көчүрүлүшү шарт.