Спиннер пайдалуу оюнчукпу же кооптуу буюмбу?

Айланаңызды карасаңыз, кимдин болбосун колунан тегеренип жаткан кичинекей буюмду көрөсүз. Балдар го, мейли, алар бири-бирин туураганды жакшы көрүшөт. Бул буюмду эрмектөөнү чоңдор да адат кылып алышыптыр. Ушул жылдын башында пайда болуп, тез аранын ичинде болуп көрбөгөндөй популярдуулукка ээ болгон спиннер деп аталган оюнчук тууралуу маалымат чогулттук.

 

Бул кандай оюнчук?

Спиннер – балдарга да, чоңдорго да ылайык кол менен ойноочу оюнчук. . Анын фингер спиннер, фиджет-спиннер, хэнд спиннер деген да аталыштары кездешет. Түзүлүшү жөнөкөй: ортосундагы кармоочу бөлүккө бекитилген үч айланма бөлүктөн турат. Баш бармак жана ортон колдун жардамы менен ортосунан кармап, айлантуу менен ойноого болот. Спиннердин сырткы түзүлүшү өтө эле ар түрдүү.

 

Ал эмне үчүн керек?

1. Стресске каршы натыйжа берет, толкундануу сезимин басат.

2. Чыңалууну жазат, татаал кырдаалдар учурунда адамдын тынчтануусуна, өзүн бош кармоосуна жардам берет.

3. Айрым зыяндуу адаттардан арылууга жардам берет. Мисалы, тырмакты же карандашты тиштегилөө, атүгүл тамеки чегүүдөн спиннерге алаксуу менен арылууга болот.

4. Эмоциялык абалды калыпка келтирет, башкача айтканда, жагымсыз учурларда адамды алаксытып, кыжырданууну жазат.

5. Ой жүгүртүү, эске тутуу, акыл-эс жөндөмдөрүн жакшыртат.  

6. Кол менен манжалардын сөөктөрүн, булчуңдарын бекемдейт. Колдун сезимталдуулугун арттырат.

 

Спиннер тууралуу окумуштуулар эмне дешет?

Жогорудагы пайдаларын болгону өндүрүүчүлөр ойлоп табышкан деп эсептешет окумуштуулар. Доктор Луиса Краустун айтымына караганда, изилдөөлөр спиннердин эч кандай стресске каршы жана башка пайдаларын аныктаган эмес. Тескерисинче, ал баланын психикасына терс таасир тийгизерин айтышкан. «Ар бир оюнчуктун өнүктүрүүчү функциясы болууга тийиш. Спиннердин бир эле кыймылын сааттап карап отура берген баланын акыл-эси өнүкпөй эле, тескерисинче, артка кетет. Кол менен ойнолуучу бардык оюнчуктар сыяктуу мунун деле колдун иштөө жөндөмдүүлүгүн арттырары чындык. Бирок ушул кичинекей артыкчылыгын чоң кемчиликтери жаап кетет»,-деп өз оюн билдирген окумуштуу.

Спиннер кайдан пайда болгон?

Бул оюнчуктун эң алгачкы түзүүчүсү катары Кэтрин Хеттингер белгилүү. Ал кесиби боюнча инженер-химик болгон. Кэтрин Израилге барган сапарында тентек балдар полиция кызматкерлерин таш менен уруп жаткан көрүнүшкө күбө болот. Ошол замат анда балдарды терс эмоциялардан алаксытуучу оюнчук ойлоп табуу идеясы пайда болот. Ал эми дагы бир себеби мындай: Кэтрин бул айланма оюнчукту өзүнүн кызы үчүн ойлоп тапкан. Оорукчан аял кызы менен ойноого мүмкүнчүлүгү болбогондуктан, аны алаксытуу максатында спиннердин алгачкы үлгүсү болгон оюнчукту жасаган. 1994-жылы Кэтрин өзү ойлоп таап жасаган бул оюнчугу үчүн патент алганы менен бир дагы өндүрүүчү мындай оюнчукту жасап чыгарууга макул болгон эмес. 2005-жылы патентинин мөөнөтү бүтүп, аны узартууга аракет кылган эмес.

2014-жылы Кэтриндикине окшогон оюнчукту Скотт МакКоскери иштеп чыккан. Бул буюм ага бизнес жолугушуулар учурунда стресске каршы турууда жакшы жардам берчү. Анын мындай «сыйкырдуу» буюму тууралуу тааныштары да билип, буйрутма бере башташканда 2016-жылы Скотт менен досу заманбап спиннер үчүн патент алып чыгара башташкан. Бул буюм тез аранын ичинде популярдуулукка жетип, учурда эң көп ойнолгон оюнчук катары белгилүү.

 

Аймээрим КУРБАНАЛИЕВА

Эскертүү: Lady.kg сайтынын материалдарын көчүрүү, редакциядан уруксат алгандан кийин гана көчүрүлүшү шарт.