Сөөл - жугуштуу оору

Сөөл- денедеги тыгыз жана кургак келген бүдүрлөр. Түзүлүшү боюнча бир же бир нече бүдүрлөрдөн туруп, дененин ар кайсы жеринен орун алышы мүмкүн. Ал эми көлөмү боюнча бир нече миллиметрден башталып 1-2 сантиметрге чейин жетет. Сөөл негизинен ак, сары, кээ бир учурда күрөң түстө да болот. Көп учурда сөөл зыянсыз деп белгиленгени менен, кээ бир учурларда коркунучтуу шишикке да айланып кетиши мүмкүн.

 

Сөөлдүн түрлөрү

1. Кадимки сөөл. Колдо жана манжаларда, бутта жана таманда жайгашат. Бул сөөл катуураак келип, формасы боюнча бирдей өлчөмдө болбойт. Бут кийимге жакын жайгашкан сөөл сүрүлүүнүн негизинде ооруксунуу менен коштолот.

2. Жалпак сөөл. Бул сөөл кичинекей балдарда көп кездешет. Ал денеден 1-2 миллиметрге чейин көтөрүлөт. Анын үстүңкү катмары жылмакай келип, түсү саргыч жана кызгылт сары түстө болот. Жаш балдарда кездешчү сөөл: бетте, манжаларда, тизеде жана чыканакта орун алат.

3. Учтуу сөөл. Жөнөкөй сөөлдөр тоголок, жылмакай келсе, бул түрүнүн башы учтуу болот. Аны кармаганда бычактын учун кармагандай сайгылайт. Мындан тышкары учтуу сөөлдөрдүн баштары бир канча бөлүктөргө бөлүнүп, капуста сымал кат-кат болгон түзүлүшкө ээ болот. Бул көп учурда жыныс мүчөлөрүнө, колтук тарапка чыгат. Сөөлдүн дал ушул түрү коркунучтуураак болуп эсептелинет. Анткени аны убагында дарылабаса, шишик оорусуна өтүшүп кетиши толук ыктымал.

4. Карылык сөөлдөрү. Сөөлдүн бул түрү кары-картаң адамдарда кездешет. Башкалардан айырмасы: ал жугуштуу эмес жана түсү жагынан кочкул күрөң келет.

 

Пайда болуу себептери

Иммундук системанын алсыз болушу;

Энеден наристеге жугушу;

Сөөлү бар адам менен тыгыз байланышта болуу;

Сөөлү бар адамдын жеке буюмдарын колдонуу;

Гигиенаны сактабоо;

Тазаланбаган каражаттардын негизинде маникюр же педикюр жасатуу;

Баня, сауна, бассейнде жылаңайлак басуу;

Бутту кысып же сүргөн бут кийим кийүү;

Уйкусуздук, стресс, туура эмес тамактануу дагы сөөлдүн пайда болушун негиздейт.

 

Сөөлдүн алдын алуу

Жеке гигиена эрежелерин толугу менен сактаганга аракет кылыңыз. Өзгөчө коомдук транспорттон түшкөндөн кийин колду самындап жууп туруу абзел жана башкалар колдонгон жүз аарчыны колдонбогонго аракет кылуу керек.

Кол, бутту кесип алып же кандайдыр бир жаракат алган учурда йод же зелёнканын жардамы менен сүртүп туруу керек.

Сөөлү бар адам менен кармашып, кучакташкандан качыңыз. Колуңуздан келсе, ал адамга сөөлдөн кутулууга жардам бериңиз.

Тамактанууда жаңы азыктарды колдонуп, колуңуздан келишинче витаминдерге бай, өзгөчө А жана С витаминдерин камтыган жемиштерди тандаганыңыз туура.

Ден соолук жумуштан да маанилүү. Андыктан өзүңүздү аяп, ыңгайсыздык жараткан иштен баш тартып, стресстен качууга аракеттениңиз.

Коомдук баня, сауналарга барууда жеке бут кийимиңизди кийүүнү унутпаңыз. Эл көп жерде вирустардын жок болушуна кепилдик жок.

Үй тазалоочу каражаттарды колдонууда колго сөзсүз кол кап кийүү зарыл. Тазалагычтын курамындагы заттар теринин бузулушуна алып келип, сөөлдү пайда кылууга жакшы шарт түзөт.

Эң негизгиси дени сак жашоо образын жүргүзүү бир гана сөөлдүн эмес, бардык оорулардын алдын аларына шек жок.   \

 

Сөөлдөн арылуунун медициналык ыкмалары

Сөөлдөн арылуунун туура жолу - врач-дерматологго кайрылуу. Андан текшерүүдөн өткөн соң иммунитетти жогорулатуучу дары-дармектерди жазып берет. Андан тышкары сөөлдүн түрүн аныктап, кандай медициналык ыкма менен дарылоо ыңгайлуу болорун аныктайт.

Тоңдуруу. Таякчага оролгон кездемени суюк азотко малып, аны сөөлдүн үстүнө бир канча жолу сүртөт. Азот 10-30 секунд ичинде сөөлдү ак жана катуу кылат. Бир сааттан кийин көбүк пайда болуп, ал бир-эки жума ичинде сөөлдү кургатып жок кылат. Таманда жайгашкан сөөл үчүн бул ыкма көп убакытты талап кылат.

Электрокоагуляция. Бул токтун жардамы менен сөөлдү күйгүзүү ыкмасы. Бул ыкма ооруксунууну басаңдатуучу дарынын негизинде гана жасалат. Сөөлгө басылган токтун таасиринен улам сөөл күйүп, катуу болот да, бир жумадан кийин күбүлүп түшүп калат. Бул ыкманын жыйынтыгында сөөлдүн ордунда тактар калып калышы мүмкүн. Андыктан бир жума бою сөөлдүн ордуна эч кандай косметикалык каражаттарды сүйкөбөө керек.

Лазерокоагуляция. Лазердин жардамы менен сөөлдү күйгүзүү ыкмасы. Бул дагы сөөл жайгашкан жерге ооруну басаңдатуучу дары сайылгандан кийин гана жасалат. Лазерокоагуляциянын соңунда сөөлдүн ордунда чуңкурлар пайда болот да, ал 2-3 жума ичинде гана калыбына келет. Эгерде бул ыкма бут же таманга жасалган болсо, көп жатып, аз басууга туура келет.

Хирургиялык жол. Сөөлдөр бир жерге үйүлүп, көлөмү боюнча чоң келгенде гана хирургиялык каражат менен кесилип алынат.Сөөлдүн орду тигилип, ал бир канча жумадан кийин калыбына келет.

Химиялык ыкма. Чанда гана колдонулуучу сөөлдөн арылуу жолу. Мында дарыгердин кеңеши менен гана сөөл кислотанын жардамы менен сүртүлүп тазаланат. Бул ыкма сөөлдөн арылтканы менен анын айланасындагы ткандарды дагы күйгүзүп, денеге терс таасир бериши толук ыктымал.

 

Сөөлдөн арылуунун элдик ыкмалары

Бир күндө 2-3 жолу сөөлдү сарымсак менен сүртүп туруу керек. Бул ыкма сөөл толугу менен жоголуп кеткенге чейин жасалат. Көп учурда эки жумадан бир айга чейин созулат.

Кадимки эле короодо өскөн каакымдын ширесин сыгып алып, аны сөөлдүн үстүнө үч жума сүйкөп туруу керек.

Аз өлчөмдөгү сүткө бир сарымсакты салып кайнатып алуу керек. Эзилип калган сарымсакты сөөлдүн үстүнө коюп, таңып коюу зарыл.

Мектепте колдонгон бор менен сөөлдү сүртүңүз. Андан кийин майда бөлүкчөлөрүн сөөлдүн үстүнө коюп, бир күн бою таңып жүрүү керек.

Күн сайын эки-үч ирет сөөлдү лимондун ширеси же алманын кабыгы менен сүртүү керек. Сөөл улам кургаган сайын катуу болуп, күбүлүп түшкөнгө жардам берет.

Сөөлдү муз менен басып, мүмкүн болушунча узак убакытка чыдап туруңуз. Бул ыкманы күнүнө бир нече жолу кайталап, сөөл толугу менен жоголгончо кайталаңыз.

Банандын тышы менен сөөлдүн үстүн сүртүңүз. Сөөл карарып калса, бул жакшы жыйынтыктын белгиси. Анткени бул учурда сөөлдүн тамырлары өлүп жаткан болот. Бул учурда сөөлдү өз алдынча суруп салууга аракет кылбаңыз. Анткени ал тамыры менен бирге түшөт.

 

Сөөлгө байланыштуу ырым-жырымдар жана ишенимдер

Эгерде сөөл бетке чыкса , ал адам сүйүүгө нааразы болот жана сүйүктүүсү менен кол үзүшөт.

Сөөл мурунга чыкса, чоң жаңылык күтө бериңиз. Бирок оң тарабына чыкса жакшы маанайдагы кабар, ал эми сол капталына чыкса маанайды бузган жаңылык болушу мүмкүн.

Бутка сөөл чыкса, узак жолго аттануунун белгиси. Таманга чыкса, жол ошончолук кыйын болот дегенди билдирген.

Сөөл чыккан манжаны кызыл жип менен байлап койсо, сөөл дароо кетет делет.

Мындан тышкары денеде канча сөөл болсо, жипти ошончо жолу ороп, аны үзүп жерге көмүп койсо, сөөлдөр жоголору айтылат.

Картошканы экиге бөлүп, анын ортосу менен сөөл сүртүлөт. Ал картошканы жерге көмүп койсо, ал чириген сайын сөөл да чирип жок болот.

 

Жаңыл ИСАЕВА

Эскертүү: Lady.kg сайтынын материалдарын көчүрүү, редакциядан уруксат алгандан кийин гана көчүрүлүшү шарт.