Айнура САЛАХИДИНОВА: «Санжар президент болууну бала кезинен кыялданчу экен»

Ырчы Айнура Салахидинованын жолдошу Санжар Энназаров алдыда боло турчу президенттик шайлоого аттанып, учурда коомдо талкуу жаратып жаткан учуру. Бул учурга чейин биз ырчынын жолдошу катары гана таанып келе жаткан кандидат тууралуу жакындан маалымат алуу максатында Айнураны маекке чакырып «Балдарымдын атасы» рубрикабыздын алкагында Санжар Энназаровдун бейнесин ачып берүүгө аракет кылдык.

– Айнура, жолдошуң президенттик шайлоого аттанып, сен ага жардам берип жүргөн экенсиң?

– Жолдошум: «Мен сени колдойм, сен мени колдошуң керек. Ушундай убакта мага сен жардам бербесең, ким жардам берет? », - деген. Учурда колуман келишинче колдоп атам. Санжар бала кезинен бери президент болом деп кыялданып жүрчү экен. «Кайсы солдаттын генерал болгусу келбейт, ошол сыңары менин да президент болгум келет», - дегенинен, мен алгач түшүнбөй: «менин деле президент болгум келет. Каалагандын баары эле коё берсе болбойт да», - деп тамашаласам, анын чын ниети бар экен. Чынында ал абдан патриот адам. Өткөндө тил сынагынан да жакшы балл менен өтүп келип, артка жол жок экенин айтты. Ошондон баштап мен да колдоп, жардам берүүнү чечтим.

– Демек, бул шайлоодо жолдошуңа ырдайсың да?

– Санжарга: «Сизге ырдасам, мага акча төлөйсүзбү? Ким төлөсө, ошол жакка кете берем», - деп тамашалап калам. Бирок кимге ырдайм, азырынча белгисиз. Менин балдарым али кичинекей, андыктан шаардан алыс жактарга кете албайм. Азыр курбуларым Азиза Адиева, Роза Шакирова, мен үчөөбүзгө чогуу көп жерден чакыруулар болуп атат. Чогуу чакыргандан кийин чогуу барышыбыз керек болуп калат экен, эми аны убакыт көрсөтөт го.

– Жолдошуңдун биринчи сынчысы да, сырдашы да сен болсоң керек. Өзүң аны президенттикке татыктуу деп эсептейсиңби?

– Негизи Санжарда президенттик тактыга бул шайлоодо олтуруп калам деген ой жок. Ал болгону бул шайлоодо өзүн көрсөтүп, кийинки шайлоолорго даярданам деп атат. Андыктан бул шайлоодо 1 миллион сомду төлөп, акырына чейин катышат. Мен болсо өзүмчө: “Андан көрө ошол акчага мага эки клип тартып берсе жакшы болмок”, - деп коём. Бирок ал ушул учурга чейин эки эмес, бир нече клип тартып берди, мейли эми, өзү каалаганын кылып көрсүн. Досторунун айтымында, бала кезинен Кыргызстандын жетинчи президенти болорун көп айтчу экен. Достору бул тууралуу мурда айтышса, олуттуу кабыл алчу эмесмин, жөн гана күлүп койчумун. Президенттик шайлоого жарыш башталганда айтса да ишенген эмесмин. Анан барып арызын жазып келсе, ишенип чочуладым. Тааныштарым да: «Кыргызстандын биринчи айымы болуп калсаң эмне кыласың?» - деп тамашалап атышат. Башында алардын тамашасынан уяла берчүмүн, азыр көнүп калдым.

– Жолдошуңдун билими кандай, кайсы окуу жайынан билим алды эле?

– Санжар Түркиянын жогорку окуу жайларынын биринен билим алып келген. 2008-жылдары Кыргызстанга келип, Улуттук университеттин да юридикалык бөлүмүндө окуган. Эки дипломдун ээси.

– Президент болом деген адам мурда мамлекеттик жогорку кызматтарда иштеген, басып өткөн жолу болушу керек го. Мамлекеттик кызматтарда иштеп көрдү беле?

– Чынында, мамлекеттик кызматта иштеген эмес.Түркияда окуп жүргөндө келген туристтерге кооз жерлерди көрсөтүп гид болуп жүрчү экен. Түрк, орус, кыргыз тилдеринде эркин сүйлөйт. Окуусун аяктагандан кийин Орусияда мигранттардын документтерин жасап 11 жыл иштеди. Кыргызстанга келгенден кийин 3-4 киши биригип, өнөктөш болуп алышып үйлөрдү салып курулуш компаниясын иштетишет. Андыктан жолдошумду мамлекеттик кызматкер эмес, жеке ишкер десем болот.

– Анын талапкерлиги социалдык барактарда кызуу талкууланып атпады беле, сындарды кандай кабыл алып жатат?

– Ооба, ал мени да ойлондурган. Бул тууралуу айтсам, Санжар: «Айнура, биз бардык нерсеге даяр болушубуз керек. Азыркы учурда адамдар кимди эле мактап атышат, керек болсо азыркы президентибиздин дарегине деле жагымсыз сөздөрдү айтып атышат. Эми талапкерлигин койгон кандидаттардын баарын сындашат, сен ошол нерсеге даяр бол. Керек болсо сени кошо жамандайт», - десе күлүп калдым. Чынында, мен чыгармачылыкта жүрүп сындарга бышып бүткөм, жолдошума ошол нерсе оор болуп калабы деп ойлогом. Көрсө, ал баарына даяр экен.

– Үйдө кандай адам?

– Санжарга: «Биздин үйдө президент болгонуңуз эле жетишет», - деп калам. Ал үйдө татыктуу президент. Эмне деп сүйлөсө да биз үчүн мыйзам. Үйдө тартип абдан бекем, балдарына тарбияны татыктуу бере алат. Ошол учурда эки балам менен мени эч нерседен кем кылбай каржылап турат. Экөөбүз бири-бирибизди жакшы түшүнүшүп жашап келе жатабыз.

– Жолдошуң менен болгон таанышуу азыркыга чейин эсиңден кетпесе керек?

– «СинемАрт» студиясынын жетекчиси Арсен Мендебаев экөө Түркияда бирге окуган жакын достордон болушат. Санжардын башынан эле артист кыз алам деген максаты бар болчу экен. Бул тууралуу Арсен байкеге айтса, ал мени дагы 1-2 ырчы кызды сунуштаган экен. Жолдошум мени жактырып калыптыр. Алгач 20 жылдык кечесине кардар катары чакырган, ошондо тааныштык. Экөөбүз алгач дос катары жолугуп жүргөндө клипке тартылгысы келерин айтты. Мен: «Демөөрчү болуп берсеңиз эле тартыла бериңиз», - десем, айтканымдай эле «Чырагым» деген клибиме демөөрчү да болду, башкы каармандын да ролун жаратып берди. Ошентип жакын болуп кеттик, үч айдай сүйлөшүп баш кошолу деген сунуш айтты. Мен 27ге чыгып калсам да абдан ойлонуп, ырдашым керек деген сыяктуу талаптарды коюп атып тийгем. Ортобузда тогуз жаш айырма бар. Башында жактыруу эле сезимдери болгон, үйлөнгөндөн кийин сүйүү пайда болду. Азыр Кудайга шүгүр, баары жакшы. Мага татыктуу жолдош, балдарына камкор ата боло алды.

– Күйөөң сени менен көп жүрөт го, сен ээрчитип аласыңбы же сага коргоочу болуп барабы?

– Ал чакырган жерге гана барат. Эгерде мен жалгыз бара турган жер болсо, өзүм эле барып келем. Бирок шаардан сырткаркы алыс жактарга барып ырдашым керек болсо, мени менен чогуу барат.

 

Динара ЧОКОЕВА

Эскертүү: Lady.kg сайтынын материалдарын көчүрүү, редакциядан уруксат алгандан кийин гана көчүрүлүшү шарт.