СЫРГАКОВА Ширин: «Беш жылдан бери баламдын оорусу менен алышып келе жатам»

Бул дүйнөдө аял үчүн эң чоң бакыт эне болуу сезими болсо, эң кыйын нерсе баласынын оорусу десек болот. Бала ооруса кошо ооруп, кандай учур болбосун аны карап түткөн эне гана болот. Учурда беш жашка чыкканы менен өзү теңдүү балдардай көчөдө чаңга оонап ойноо бактысынан ажырап, оору менен алышып төшөктө жаткан кичинекей Умардын апасы да баласынын оорусу менен алышууда. Жакшылыктан үмүт кылган эне баласынын айыгар күнүн күтүп жашап келет.

 

«Баланын абалы оор экенин, баары бир өлөрүн айтышты»

- Биз Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жашачубуз. Биринчи кыздуу болгом, кийин экинчим боюмда болуп калды. Эмнегедир бул жолку кош бойлуулугумду абдан оор көтөрдүм. Ичим, табарсыгым ооруп, бир аз бассам эле бала тыгылгандай болуп, айтор, кайра-кайра ооруканага жатып жүрдүм. УЗИге түшсөм баары жакшы экенин айтышты. 2012-жылы төрөдүм. Тилекке каршы, балам ыйлабай, көгөрүп түштү. Канындагы канттын деңгээли да түшүп кеткен экен. Бир өпкөсү жок, жарым өпкө менен эле дем алып түшкөнүн айтып, төрөлөрү менен дароо реанимацияга алып кетишти. Баланын көзүнүн тегереги көк, көзүнүн ичи кызыл, энтигип, айтор, оор абалда жаткан. Баланын абалы оор экенин, баары бир өлөрүн айтып, убара болуп барбай эле койгула дегендей кылышканына карабай бир жумадан кийин Бишкекке, Жалдагы республикалык балдар ооруканасына алып келдик. Бул жакта абдан жакшы карашат экен. Жалдын доктурлары баламды толук текшерүүдөн өткөрүшкөн соң эрте төрөтүп койгонун айтышты. Түйүлдүккө ошол убакта 8 ай 3 күн болгон экен, Балыкчыдан 9 айлык деп төрөтүшкөн эле. Козголуп калса эле толгоо чакыруучу дары сайып, баланы кыйнап эле чыгарып салышыптыр.

 

«Балам төрөлгөндөн бери жумуш, конок дегендерди унуткам»

 

- Ооруканада бир топ убакыт жатып чыктык. Үйгө келгенден кийин ооруп тырышып калчу, эң мыкты делген невропатолог Бабажановго тынбай алып барып дарылап атып тырышканы калды. Бирок балам отурган жок, жөрмөлөгөн жок, мойнун токтото албай жалаң гана жатчу. Бир жашка чыкканга чейин дарыгерлер өнүгүүсү артта калган деген диагноз коюшуп: «Мойнун токтотот, олтурат, басат», - дешкен. Бир жаштан кийин ооруканага жатсак ДЦП деп диагноз коюшту, ошондон баштап балам майыптыкка кирди. Башында  да суусу көп экен. Ошондон бери ар алты ай сайын ооруканага жатып дарыланабыз. Дарыгерлер баланын ден соолугу үчүн Бишкекке жашагыла дегенинен, бул жакта жашап калдык. Батирден-батирге улам көчүп-конуп жашап келе жатабыз. Бүгүнкү күндө балам 5 жашка чыкты. Алигече мойнун токтото албайт, отурбайт, баспайт, сүйлөй албайт. Болгону жатып алып «аа - уу» деп үн салып калат. Бирок баарын түшүнөт. Ойнотсоң күлүп жыргап калат. Мен балам төрөлгөндөн бери жумуш, конок дегендерди унуткам. Күн бою ушул бала менен алекмин, менден башка эч ким карай албайт. Дайыма жанында өзүм болушум керек. Бала ооруса, эненин жаны эки эсе ооруйт экен. Менин учурдагы абалымды энелер гана түшүнсө керек. Бирок менин баламан да абалы оор балдарды көрдүм, алардын энелерине боорум ооруп, шүгүр кылып калам. Балам курсагы тойсо жата берет, кыйнабайт.

 

«Баштыктарымдан сатып алышса, Умарга чоң жардам болмок эле»

 

- Он күн мурун баламдын канындагы канттын деңгээли дагы абдан көтөрүлүп реанимацияга жатып чыктык. Азыр да абалы өтө жакшы эмес, дене табы көтөрүлүп, ичкен тамагын кусуп абдан кыйналып жатат. Күйпөлөктөп жанынан чыкпай олтурам. Бизге жардам берген эле дары. Дарылары да абдан кымбат. Мен баламдын жанында жөн олтурбай баштыктарды колго токуп олтурам. Токуганга мурунтан шыгым бар эле. Ошолорду интернетке коюп 600 сомдон жогору сатып, дарыларына, массажына жумшайм. Жолдошум ар кайсы жумуштарда иштеп бизди багып жүрөт. Бирок тапканыбыз күнүмдүк оокаттан ашпайт. Жакында интернеттен карап олтуруп, менин баламдыкындай диагноздогу бала 20 күн дегенде жөрмөлөп калганын көрдүм. Москвада дарылайт экен. Ошону көрүп абдан кубандым  да, аларга кат жаздым. «Азыр келсеңиз болот. Ар бир сеансы 10 миң рубль, сиздин балаңыздай оор диагноздорго 1 курс 24 сеанстан турат», - деди. Ошондо бизге 240 миң рубль керектелет экен. Аны долларга алмаштырганда       

4 миң доллар болуп калат экен. Азыр ошол суммадагы акчаны тапканга зар болуп олтурабыз. Ошондуктан кыргыз элимден жардам сурайт элем. Кайрымдуу адамдар колдон келген жардамын берип же менин Инстаграмдагы @handmade_bags_shirin баракчама кирип баштыктарымдан сатып алышса,  Умарга чоң жардам болмок эле.  

ЭлСОМ: 0555 028262

Байланыш телефону: 0555 02 82 62

 

 

Алия ДАНИЯРОВА