Нурлан НАСИП: “Өзбек усталар алдап кетишти”

Нурлан Насип:  Марат досумдун ата-энеси, бир туугандары келип жаңы салынган ак өргөөмдүн биринчи коноктору болуп кетишти. Жакын адамдарыбыз аман болсун.

 

- Нурлан, үйүң бүтүп калдыбы, үй салуу түйшүгү менен алышып келе жатканыңа канча болду?

- Кудайга шүгүр, көбү бүтүп, азы калды. Негизинен ичи бүттү, эми үйдүн сырты менен эшиктин алдын оюмдагыдай жасатып алсам деп турам. Анан эмерек, парда сыяктуу үй оокаттарын алып ичин толтуруш керек. Бул үйдү салып баштаганыма бир жарым жыл болуп кетиптир. Сиз айткандай өтө түйшүктү талап кылат экен.

- Өзүңдүн табитиң менен салындыбы же дизайнерлердин кеңешин пайдаландыңбы?

- Ал үйдө мен жашагандыктан өзүмө ыңгайлуу болуусу үчүн көбүнчө менин табитим эске алынды. Албетте, мындайда адистердин да кеңешин угууга туура келип жатты. Андан сырткары ата-энем, жакындарым да өз ойлорун айтып, тажрыйбалары менен бөлүштү. Айтор, бул жагын аралаш болду десем болот. Мен гастролдорго кетип калганда үйдөгүлөр туш кагаз же дагы башка курулуш каражаттарын алып коюп, мага жакпай кайра алмаштырган күндөрүбүз да болду. Кыскасы, баштан-аяк көзөмөлдөй албай жаттым.

- Канча кабат үй салдың, ага канча каражат кетет экен дегендей?

- Негизи жер тилкем 14 сотых. Бул жерге 2 кабат үй салдым, 10 дон ашуун бөлмөдөн турат. Канча каражат кеткенин азырынча эсептей элекмин. Бирок тапканымдын баарын ушул үйгө чаптадым. Аябай эле көп каражат кетет экен. Башында макташканынан өзбек усталарды жалдадым эле. Алар акчамды алып, үйдү бүтүрбөй качып кетишти. Аларды издеп эми Андижанга барыш керек (күлүп). Анан башка уста таап, калганын алар улантты. Ошентип жатып үйдүн бүтүшү узакка созулуп кетти окшойт.

  Nurkg140310: - Эми Аселге үйлөн! Конушуңар жайлуу болсун, тойлор көп болсун. Куттуктайм, азаматсың.

Popul9rniy: - Тынбай эле чет өлкөгө гастролдоп калды эле , көрсө, үйүн бүтүрүп алайын деген экен да топтонуп.

77_77_06: - Ии, Асел экөөң ушул үйдөн агарып, көгөргүлө. Асел ата-энеңе күйүмдүү келин болуп беришине ишенебиз. Бактыңар тоодой болсун! Көрө албастарга акыл-эс берсин.

Asilaiemirlanabdumalik: - Акчаны каяктан таап жатасың? Биз башыбыз менен жер казсак деле дегеле 2 бөлмө батир ала албай жатабыз го?

Vzhakypova: - Укмушсуң го, үйдү бүтүрүп салдыңбы? Азаматсың, үйүңдү өзүңө кут кылсын, жакшылыктар болсун. Бактылуу бол. Аябай мээнеткеч бала экенсиң. Талантыңа таазим.

Awyrbekova_ : - Асел ак жоолугун салынып конокторго качан чай берип калат болду экен?

Glamurnay85: - Үйүң ургаачы үйлөрдөн болсун, иним. Эми жакшы келинчек жолуксун. Сыймыктанам сени менен, уулдуу болсом атын Нурлан деп коём. 

 

Атактуулар алгачкы үйүн кантип алышкан?

 

Тынар Курбаналиев: “1 бөлмөлүү времянкам болсо деп кыялданчумун”

– Бишкекке келгени батирден-батирге көчүп жүрүп, шаарда мен жашабаган район калбады. “Кедейди көчкөндө көр” демекчи, көчкөндөн тажаганда “1 бөлмө времянкам болсо кана?..” деп кыялданчумун. Күндүзү концертте, кечинде тойдо кызмат кылып катуу иштедим. Ошко тойго чакыруу болсо жол киремден бир аз ашса эле жөнөп калат элем. Ошентип маңдай тер, ак мээнет менен жарым үй сатып алдым. Апам ошондо менин жардамым деп кой десем болбой бир уйун сатып, акчасын түйүп келиптир. Кийин жарты үйдү бүтүн үй кылдык. Ал жакка эки жолу ууру киргенден кийин аны сатып, 5 бөлмөлүү батир алып чыгып кеттик. Адам баласы болгон сайын болсун дей берет турбайбызбы, азыр жаңы курулуп жаткан үйдөн алдым, Кудайга шүгүр.

 

 

Гүлшайыр Садыбакасова: “Насоско үй алмашкам”

– “Кыз-Бурак” жаңыдан чыгып популярдуу болуп турганда, эмгегиң үчүн деп мамлекет мага Ош шаарынан эки бөлмөлүү батир берген. Анан заман өзгөрүп ишкердик кылам деп ал батирди саттым. Жер астынан суу чыгаруучу насос алып, аны Өзбекстанга үч эсеге кымбат сатып жакшы иштедим. Анан бир орус улутундагы киши мендеги 9 насоско 4 бөлмөлүү батирин алмашты. Кийин Акаевдин заманында депутаттыкка талапкерлигимди коём деп ал үйдү сатып, үйүмдөн да, акчамдан да кол жуудум. Андан кийин көгөрүп эмгектенип жатып Ош шаарынын так ортосунан 7 сотых жери бар үйдү 12 миң долларга сатып алдым. Андагы эски үйдү бузуп, эки кабат кылып там салып, азыр ошондо жашап жатам. Бишкектеги үйүмдү болсо 2001-жылы үйлөр аябай арзандап кеткенден пайдаланып алып койгом. Шаарга барган сайын батир жалдагандан чарчадым да. Анда азыр Сайкал “Кыз-Бурактын” кыздары менен турат.

 

Гүлбү Иманалиева: “Алты жыл дегенде үч бөлмөлүү батир алдым”

– Биз Элмирбек экөөбүз баш кошкондо бир канча жыл жатаканада жашадык. Экинчи кызым төрөлгөндөн кийин Болот Абилдаев деген министр агабыздын жардамы менен бир бөлмөлүү үйгө жеттик. Андан кийинки үйүбүзгө Садык Шер жубайы экөө жардам кылган. Тактап айтканда, бир бөлмөлүү батирибизди, Элмирбек байгеге утуп алган унааны сатып, үстүнө өздөрү бир аз кошуп бизди 3 бөлмөлүү батирлүү кылышкан. Кийин Элмирбек экөөбүздүн турмушубуз болбой калганда ага үйдү калтырып чыгып кеттим да, өзүм тырышып жатып 6 жыл дегенде 3 бөлмөлүү батир алдым. Ал аралыкта тигүү цехин иштеттим, кредитке акча берчүмүн. Ошентип жүрүп кийин жер там да алдым. Кыскасы, аракет кылсаң, баарына жетсең болот экен.

 

Мыктыбек Арстанбек: “Бизге үйдү Кудай берген”

– Менин алгач үйлүү болгонум өтө кызык. Ал кезде үй-бүлөм менен батирден-батирге көчүп жүрүп эки бөлмөлүү батирге туш болуп калдык. Ал батирдин акысын бизден мурунку жашаган квартиранттар эки жылга алдын ала төлөп койгон экен. Ээси орус кемпир Орусияга кетип калыптыр. Ошентип биз квартиранттарга төлөп жүрдүк, алар үй ээсине төлөгөн акчасы чыккандан кийин албай коюшту, кийин Индияга кетип калышты. Анан эмне кыларыбызды билбей жашай бердик. Орус кемпир келип калабы десек, ал да такыр келбей койду. Же акчаны кайда алып барарыбызды билбейбиз. Ошентип 3 жыл жашагандан кийин сотко кайрылып, батирди мыйзамдуу түрдө өзүбүзгө өткөрүп алганбыз. Кудай берем десе ушинтип эле берип коёт экен.

 

        Айназик РАИМКУЛОВА

Эскертүү: Lady.kg сайтынын материалдарын көчүрүү, редакциядан уруксат алгандан кийин гана көчүрүлүшү шарт.