КЫЗСАЙКАЛ Кабылова: «Кыз-жигит болуп жүргөн кезибиз эле жакшы болчу...»

Куудул Кабыл Бөрүбаевдин кызы, ырчы Мажиттин карындашы Кызсайкал эсиңизде болсо керек. Бир кездеги ырчыларды туурап пародия ырдаган секелек кыз бүгүн турмушка чыгып келиндик доорду сүрүп жаткан кези. Жаш түгөйлөрдүн таттуу жашоосунан бөлүшө кетүүнү туура көрдүк.

 

– Эрнист, Сайкал, куш бооңор бек болсун, кантип таанышып калдыңар эле? Экөөңдүн минтип шашылыш баш кошконуңарга эмне түрткү болду?

Эрнист:

– Мен Сайкалды эжеси аркылуу тааныгам. Мурун ырдачу экенин деле билчү эмесмин. Жакындан сүйлөшүп жакшы кыз экенин билгенден кийин башкага тарттырып жибербейин деп үйлөнүүгө шаштым. Ошондо деле 1 жылга жакын сүйлөшүптүрбүз.

Кызсайкал:

– Биз эң алгач интернет аркылуу таанышканбыз. Анан дос катары жазышып жүрүп ортобузда чоң сүйүү пайда болуп кетти. Анан анча-мынча каршылыктарга карабай баш кошуп алдык.

– Каршылык демекчи, “азырынча жашсыңар, бир аз коё тургула” дегендер болсо керек?

Эрнист:

– Үйдөгүлөр:“Бир аз эртерээк эмеспи, балам”, - дешти. А бирок мен 20 жашка чыгып үй-бүлөмдү каржылай аларыма көзүм жеткендиктен коркпой эле үйлөнө бердим. Мен жактан деле, Сайкал жактан деле өтө каршы болушкан жок, болгону “жашсыңар” деген эле сөз болду. Сайкал деле 18 жашка чыгып калган. Элдер 16 жашында күйөөгө тийип жатышпайбы азыр. Ошентип Сайкалымды ала качып кеттим.

– Жакшы, кыз-жигит болуп жүргөндөгү кез менен үйлөнгөн кездин айырмасы бар бекен? Дегеним баш кошкондон кийин кыз-жигит кездеги бет каптар чечилип, чыныгы жүз ачылса керек?

Э:

– Билбейм, мага үйлөнгөн жакты. Сайкал ар дайым жанымда. Ага “жолугуш керек эле, каякта жүрөт?” деп сарсанаа болбойсуң. Чай ичем десең чайың даяр, чарчадым десең төшөгүң даяр дегендей. Азырынча бет кабы чечиле элек.

С:

– Мага, тескерисинче, кыз-жигит болуп жүргөн кезибиз жакшы болчу. Мүмкүн муну келин болуп бир аз көнө албай, уялып ыңгайсыз болгонумдан айтып жатсам керек. А Эрнистке эмне, эч нерседен уялбайт, буга жыргал эле болду. Ал эми менин башка бет кабым жок, кыз кезимде чорт болсом, чорт бойдон эле калдым.

– Чындыгында бир үйдөн экинчи үйгө көнүп кетүү оңой эмес?

К:

– Ооба, негизинен бардык жактан караганда аялдардын түйшүгү көп экен. Келин болуп келүү түйшүгү бул башталышы гана болсо керек деп ойлойм. Кайын журтум, апам аябай жакшы адамдар болгондуктан, мен өтө деле кыйналган жокмун. Болгону эмне кылсам да жакпай калсачы деп эле сарсанаа боло берет экенсиң. Тамак жасап кирип дасторкондо отура албай чыгып кетип, жеп жатышабы же жактырбай жебей койдубу деп ашканада туруп алып абысындарымдан сурап жаттым. Дасторкондо чай куйгандан сүрдөп калтырадым дегендей.

Э:

– Бир таякем бар, Сайкал жаңы келгенде ошонун кебетесинен эле коркуп кача берчү. Ал кишиге эми көнүп:“Жакшы адам турбайбы?” - деп качпай сүйлөшүп калды. Азыр ал таякемди өз байкесиндей жакшы көрөт.

– Кызсайкал го ыймандуу келин болуп жатыптыр, Эрнист кандай күйөө бала болууда?

К:

– Эрнист азыр күйөө балалык милдетин аткара элек. Анткени менин төркүнүмө бара элекпиз. Бир айдан бери мага күлүп жатты эле, эми тойдон кийин көрөбүз да Эрнисттин кандай күйөө бала болорун.

Э:

– Мен жакшы эле ыймандуу, эки жакка тең караган, кайын журтту сыйлаган жакшы күйөө бала болом деп мактана кетпейминби. Кыскасын айтканда, сени уят кылбайм. Бирок билесиңби күйөө баланы пайгамбар сыйлаган. Андыктан мага кызмат кылдырып кыйнашпайт деп ойлойм.

Баса, ошондо Сайкал сен кайсыл жакка турмушка чыктың, кайын журтуң менен тааныштыра кетсең?

К:

– Мен Алайга турмушка чыктым, бирок Бишкекте турушат. Үйдүн улуу келинимин. Бизден кийин бир кайын сиңдим, бир кайним бар. Ага карабай Эрнист экөөбүз тең эркебиз. Эрнист жеке ишкерлик менен алектенет.

– Бири-бириңердин кайсыл сапаттарыңарга арбалдыңар, негизи кыздар романтик жигиттерди жактырчу эле?

Э:

– Сайкалдын адамгерчилиги, эң негизгиси менин сөзүмдү эки кылбагандыгы жаккан. Айта берсе жакшы жактары көп, бирок таарынчаактыгы жакпайт.

К:

– Эрнист болсо ыймандуу, 5 убак намаз окуйт. Анан өтө сабырдуу, ачуусу келсе да, оозунан жаман сөз чыкпайт. Бирок такыр романтик эмес. Кемчилиги катары ушуну айта алам. Азыркыга чейин кимибиз кызганчаак экенибизди билбей жатабыз. Экөөбүз тең билдирбегенге аракет кылат окшойбуз.

– Эрнист, сен Сайкалдын кайсыл тамагын тамшанып жеп жатасың?

Э:

– Негизи мен такыр тамак тандабайм, ошол эле маалда тамактын кемчилигин да айтпай жейм. Бул жагынан Сайкалга жеңил болсо керек. Бирок келинчегим да бардык тамактарды жакшы жасайт экен. Келин болуп келгенде бысмылда дегенде эле нан палоо жасап берип баарыбызды таң калтырган. Аябай даамдуу болгон экен, үй-бүлөбүз менен тамшанып эле жегенбиз.

К:

– Эрнист менин тамакты жакшы жасарымды кыз-жигит кезибизде эле билчү. Ошондо эле тамак жасап берип ашказаны аркылуу сүйдүрүп алгам дебейинби (күлүп).

– Сайкал турмушка чыгып эле хиджаб кийип алганыңа ким түрткү болду?

К:

– Кыз кезимде эле жоолук салынуу ниетимде бар болчу. Үйдөгүлөр каршы болгондуктан, максатымды ишке ашыра албай жүргөм. Анан турмушка чыккандан кийин Эрнисттин колдоосу менен жоолук салынып калдым десем болот.

Э:

– Мусулман аялдары уяттуу жерин жаап жүрүш керек эмеспи. Сайкал жоолук салынгандан кийин мурункудан сулуу, ажарлуу болуп кетти. Менин тилимди алып жоолук салынганына ыраазы болдум.

– Алдыда кандай пландары бар болду экен бул “кичинекей мамлекеттин”?

Э:

– Алдыда максаттарыбыз абдан көп, эң негизгисин айтсам, 28-сентябрда үйлөнүү тоюбузду өткөрүп, элдин батасын алып алсак деп турабыз. Андан кийин элге пайда келтире турган жумуштарды жасайбыз деген ниеттерибиз бар Мисалы, мусулман бала бакчаларын ачып дегендей. Айта берсе көп, ага чейин аман бололу.

С:

– Менин эң негизги максатым Кудай канча бала берсе, ошончо төрөп, аларга татыктуу тарбия берсем дейм. Айтор, кичинекей мамлекетибизди чоң гүлдөгөн өлкөгө айландыргым келет.

– Маегиңерге рахмат, бардык тилектериңер орундалсын демекчибиз.

 

Аймээрим КУРБАНАЛИЕВА

Эскертүү: Lady.kg сайтынын материалдарын көчүрүү, редакциядан уруксат алгандан кийин гана көчүрүлүшү шарт.