Тойду тоготпогон ырчылар

Мурун ырчылар тойго барып ырдоону уят көргөн болсо, азыр тескерисинче, сыймык көрүшөт экен. Тойдон акча чогултуп 2 кабат үй салып, жашоосун оңдоп алгандар ондоп саналат. Ал эми ушунча киреше түшчү булактан качып, тойдо ырдабаганга аракет кылган да ырчыларыбыз кездешет.

 

Роза Аманова каражатка муктаж эмес окшойт

Экс-министрдин жубайы Роза Аманова тойго барбаган ырчылардын сап башында турат. Бул эжекебизди жакшылыгына чакырууну көздөбөгөн кыргыз болбосо керек. Тилекке каршы, Роза айым эч кандай тойго барбайт. Жакындарынын гана тоюна барып, анда да ырдамак турсун, көпкө отурбай кетип калганын көрүп эле жүрөбүз. Ушунча киреше алып келчү булактан баш тартканына караганда, ырчы айым каражатка муктаж эмес сыягы. “Артык дөөлөт баш жарбайт” дегендей, ырчы тойго барып ырдап калса, күйөрмандарына майрам болот эле.

 

Жамиля Муратова: “Тойдо ырдаганга убактым жок”

– Той деле ырчынын ырыскысы, андыктан тойдо ырдоону жаман же жакшы деп айта албайм. Тойго барып ырдап коноктордун көңүлүн ачып, ыраазычылыгына татуу - бул да чоң эмгек. Ал үчүн тойго ылайыктуу атайын ырлар жазылат, музыка иштелет, аранжировка жасалат дегендей. Ырчылар эч жактан айлык албагандыктан ушинтип нанын тапканга муктаж. Мен өзүм сабак берип, жаштарды тарбиялоо менен алектенем. Бош убактымда ырларды жазып, чыгармачылык менен иштейм. Буга да көп убакыт талап кылынат. Ошондуктан менин тойду ойлогонго убактым жок. Кээде гана өтө жакын адамдарымдын көңүлүн кыя албай жакшылыгында ырдап калам.

 

 

 

 

Зейнеп Шакеева: “Тойдо ырдап баркымды кетиргим келбейт”

– Мен бейтааныш адамдардын тоюна барып ырдабайм. Анткени алар менен баалашып, соодалашуу өзүмдү кемсинткендей сезилет. Ошондуктан баркымды кетиргим келбейт. Ал эми туугандарымдын, жакындарымдын жакшылыгына барып калганда суранса ырдап коём.

 

 

 

Каныкей Эралиева: “Тойдо ырдаганды бир аз уят көрөм”

– Биздин убакта тойго барып ырдоо деген болчу эмес. Азыр эми заман башка, жашоо башка дегендей. Ошентсе деле чыгармачыл адам үчүн тойго барып ырдаган кичине уятыраак. Сен ырдап жатсаң: бирөө тамак ичип жатат, экинчиси мас, үчүнчүсү ырыңды укса, төртүнчүсү укпайт. Ошондуктан тойдо ырдаганда жаман болом. Анан да той ээси менен мынча бересиң деп соодалашкан да ыңгайсыз. Бизде бир окуя болгон: 1990-жылдары болсо керек, бир бай таанышыбыз мени, Атайбекти, Шахризада Аскарованы кыз узатуу той кылам деп 3 кабат үйүнө чакырып, биз таң атканча жандуу ырдап кызмат кылганбыз. Анан эртеси эки миң берем деген киши 200 сом берип узатканда аябай нааразы болдук. Ошол жалгыз кызы бир жылга жетпей ажырашып кетти. Ошондон тойго баргандан көңүлүм калган. Жакын кыйышпас адамдарыма барып бекер эле ырдап берем.

 

 

 

 

Бактыгүл Бадыева: “Менде тойдо ырдоо деген ой жок”

– Жолдошум: “Ыр жаздырасыңбы, клип тарттырасыңбы, баарын күндүз бүтүр”, - деп айтат. Ошондуктан менде гастролго чыгуу, той-топурда ырдоо деген ой жок. Кечинде тойдо жүргөнүм жолдошума деле ыңгайсыз. Кайсыл эркек жубайынын түндө көчөдө жүргөнүн кааласын. Мага биринчи кезекте үй-бүлө турат.

 

 

 

Керим Турапов: “Тойдо ырдабасаң элдин назарынан калат экенсиң”

– Кыргыз болуп туруп такыр тойго барып ырдабайм десем калп айткан болом. Бирок өзүңүздөр билгендей күнүгө тойдо жүргөн ырчы дагы эмесмин. Мен академиялык ырчылардын катарында болгум келет.

Мурун такыр тойлорго барбайт элем, барсам да ырдачу эмесмин. Бирок антсең элдин назарынан калат экенсиң. “Боюн көтөрдү, бизди угарман катары сыйлабады, болбосо ырдайт эле да” дегендер болот экен. Жакындарыңдын тоюна барып, кошумчаңды берип эле кетип кала албайт экенсиң, ал жерде ырдаганга туура келет. Ошондо чынын айтсам, айына бир жолу тойго барып калышым мүмкүн.

 

Аяна Касымова: “Менин репертуарым тойго ылайыктуу эмес”

– Менин чыгармачылыгымдын багыты тойго ылайыкталган эмес. Репертуарымдагы ырлар бийлеп, көңүл ачууга туура келбейт. Ошондуктан тойго аз барган ырчылардын катарындамын десем болот. Бирок кээде тойго арналган бир да ырым жок болгонуна карабай, чыгармачылыгымды сыйлап чакырган күйөрмандарымдын сунушун четке кага албай, барып ырдап берген учурлар кездешет. Эми бул той ээсинин табитине жараша болот окшойт. Тойлорун өзгөчө өткөрүүнү каалагандар классика, опера ырдаган ырчыларды деле чакырып жатышпайбы.

 

 

 

Асел Кадырбекова: “Тойго ырдаганга аракет кылбайм”

– Менин ырларымдын форматы тойго ылайыктуу болбогондуктан тойго чыкпайм. Өзүм деле тойдо ырдоону каалабайм. Ар бир ырчынын ырыскысы ар жакта экен. Мен тойго барып ырдабасам да өзүмдүн чыгармачылыгымды өркүндөтө турган каражат табуучу башка булактар бар. Азырынча тойго арнап ыр жазып, тойдо ырдаган видеолорду жүктөп, мени тойго чакырсын деп аракет кыла элекмин. Балким, келечекте бул жаатты да байкап көрөрмүн. Аны убакыт көрсөтөт.

 

 

Чолпонай тойдо эмес, сахнада да ырдабай калышы мүмкүн экен

“Тойдо ырдоону жактырбайм”, - деген Чолпонайды да эч бир тойдо кезиктире албайсыз. Жадагалса сахналаштарынын да тоюна барганга убактысы жок экен. “Мен тойлорго караганда концерттик долбоорлорго көп барам. Күйөөсү бай, акчасы көп, анан тойлорго да чыгып, тамадаларга жагалданган ырчыларды түшүнбөйм”, - деп айтканы бар эле. Турмушка чыгып, кыздуу болгон ырчынын тойго барып ырдабарын кайненеси Гүлмира Эсенгулова тастыктады. “Чолпонай жаш кездеги кыялын орундатып ырдады. Эми үй-бүлө күткөндүктөн тойлорго эмес, сахнада да ырдабай калышы мүмкүн. Анткени Чолпонайдын кесиби журналист”, - деп билдирди ал.

Нуриса Баялиева