Чаң бизге кайдан келет?

Чаң – бул кызык нерсе. Үйүңүздү жаркырата тазалап, эшик-терезелериңизди бекем жаап койсоңуз да чаңдан кутула албайсыз. Бир нече күндөн кийин полуңузду, эмеректериңизди чаң басып калат. Бул чаңдар кайдан келет? Муну билүү үчүн алгач чаңдын курамы эмнелерден турарын билип алуу керек

 

Адамдын өлгөн терилери. Окумуштуулардын изилдөөлөрүнө ылайык, адамдын организми жылына 500 грамм өлгөн терини сыртка таштайт. Биздин терилерибиз эмеректерде, жууркан-төшөктө, кийимдерибизде калат.

Океан чаңы. Дүйнөлүк океан бууланганда абага майда кристалл туздарын таштайт. Бул туздар океан чаңдарына айланып, шамал аркылуу өтө чоң аралыкка тарайт. Андыктан сиздин үйүңүздө да дал ушул океан чаңдары бар.

Вулкан чаңы. Дүйнөдө вулкандар эң эле көп. Алардын күлдөрү абага тарап, чаң болуп ар бир үйдөн байыр алат.

Кум чаңы. Кум дагы жер жүзүндөгү чаңдардын булагы болуп эсептелинет. Мындай чаңдын бир бөлүгүн биз кийимдерибиз, бут кийимибиз аркылуу үйгө алып кирсек, бир бөлүгүн шамал айдап келет. Айтмакчы, Сахара чөлү дүйнө жүзүнө жылына 400 миллион тонна чаң таратат.

Жылдыз чаңы. Мындай чаң космосто пайда болот, учкан кометалардан, метеориттерден жана башка асман телолорунан. Жылына биздин планета мындай чаңдан 10-12 тонна алат.

Үй жаныбарларынын жүндөрү. Мындай чаңдын жалпы чаң массасына кошкон салымы албетте аз, бирок мунун да өз орду бар.

Гүл чаңчалары. Ар бир үйдө гүл бар. Булар бизге кычкылтек ташыгандан тышкары чаң менен да камсыз кылат.

Үй буюмдары. Буга туш кагаздар, жумшак эмерек, килем-палас, жууркан-төшөк, шейшептер жана башкалар кирет. Поролон сыяктуу жасалма материалдардан чыккан чаң өзгөчө зыяндуу болуп эсептелинет.

 

Мына ушул булактардан пайда болгон чаң үйүңүзгө терезелердин, эшиктин кичинекей кычыктарынан кирет. Ал эми бөлмө ичиндеги булганган аба төмөнкүлөрдү чакырышы мүмкүн:

Мурундун, тамактын, дем алуу органдарынын кычышуусун;

Өнөкөт жөтөлдү;

Иммунитеттин төмөндөшүн;

Аллергиянын симптомдорун;

Тез-тез кармаган суук тийүүнү жана башка жугуштуу ооруларды;

Бронхит жана астманы;

Баш ооруну;

Өнөкөт чарчоону.

 

Абадагы чаңда мына ушундай чаң кенелер жашайт

Үйдөгү чаң кенеси, башкача айтканда, сапрофит – аллергияны чакыруучу көзгө көрүнбөгөн жандык. Ал ар бир үйдө жыл бою жашайт жана адамдын бүткүл өмүрүндө коштоп жүрүүчү спутниги болуп эсептелинет. Адам баласынын жашоосуна качан келгени белгисиз, бирок алгач куштун уясында жашап, андан соң адамдарга “секирип” кеткен деп айтылат.

Бир кене төрт айга чейин жашайт. Бул убакыт ичинде ал өз салмагынан 200 эсе көлөмдүү заңды бөлүп чыгарат жана 300гө чейин жумуртка таштайт.

Кене жылуулукту жана ашыкча нымдуулукту сүйөт.

Кене тоңууга чыдай албайт.

Кене адамды чакпайт жана эч кандай инфекцияны ташыбайт.

Чаң кенеси өтө кичине болгондуктан, көзгө көрүнбөйт. Анын орточо көлөмү – 0,2 мм. Сүйлөмдүн акырына коюлуучу бир чекиттин ордуна болжол менен 3 кене батат. Учурда алардын 150дөй түрү белгилүү.

Чаң кенеси байырлаган негизги жай – шейшеп. Анда 2 миллионго чейин кене жашашы мүмкүн. Анткени адамдын жылына 2 килограммга чейин жоготкон терисинин көпчүлүгү шейшепте калат. Бирок кене шейшепте эле эмес, килемде, жумшак эмеректе, жумшак оюнчукта, китептерде, кийимде жана башка жайларда да аз эмес.

Чаң кенеси жөргөмүштөр түркүмүнө таандык. Анын 3 жуп буту болот. Ошол буттары сүлүктөй болуп бекем жармашып алчу жөндөмдүүлүккө ээ болгондуктан, аны чаң соргуч менен тазалоого мүмкүн эмес. Кене суудан да качып кетет, аны бир гана самын суу менен өлтүрүүгө болот.

Абадагы 1 грамм чаңда 100 кененин жашашы - бул норма. Бул деңгээлден ашыкчалык кылганда ден-соолугу чың адамда да аллергия пайда болушу мүмкүн.

Кене түз тийген күндүн нурун көтөрө албайт.

 

Үйдөгү чаң менен кантип күрөшүүгө болот?

Аллергиядан жабыр тарткандарды сактоочу бирден-бир нерсе – үйдү күн сайын атайын каражаттар менен нымдуу тазалоо. Эмеректерди, текчелерди, китептерди – баарын аарчып чыгыңыз. Батареянын, шкафтын артындагы, жалюзидеги чаңдарды аарчууну да унутпаңыз.

Абанын нымдуулугуна көңүл буруңуз. Абанын оптималдуу нымдуулугу –
40-60 %.

Итти, мышыкты эч качан уктоочу керебетиңизге жакын­датпа­ңыз.

Чаң соргуч менен жумасына 2ден аз эмес жолу үйдү тазалаңыз. 1 метр чарчы жердеги чаңды жок дегенде 2 мүнөт сордуруңуз. Айрыкча кенелер жашынып калууга мүмкүн болгон бүктөлгөн жерлерди, үйдүн жасалгаланган бурчтарын кылдат карап, чаңдарын аарчып чыгыңыз.

Мүмкүн болушунча өзүнө чаң топтоочу кездеме менен капталган эмеректердин ордуна булгаары эмеректер менен бөлмөңүздү жабдыңыз. Оор пардалардын ордуна жалюзиге көбүрөөк басым жасаңыз.

Жумшак оюнчуктарды бөл­мө­ңүзгө көп эле топтой бербеңиз. А сүйүктүү сувенирлериңиздин чаңын тез-тез аарчып туруңуз.

Куштун жүнү, пахта салынган жаздыктарыңызды синтепон салынган жаздыктарга алмаштырыңыз. Жүн, пахта салынган жууркандарыңызды мүм­күнчүлүгүңүз болсо аллергендерге каршы материалдардан тигилген заманбап жуурканга алмаштырыңыз.

Шейшептериңизди бир жумада бир жолу жууп туруңуз.

Бөлмөлөрдү, өзгөчө уктоочу бөлмөнү күн сайын желдетип туруңуз.

Суу фильтри менен чаң соргуч колдонуу чаң кенелери менен күрөшүүнү бир топ жеңилдетет. Чаң соргучтун бул түрү биздин өлкөгө жаңыдан жайылып келатат.

 

Гулиза АЛИМБЕКОВА

Эскертүү: Lady.kg сайтынын материалдары редакциядан уруксат алгандан кийин гана көчүрүлүшү шарт.