Бекболот ЖОРОБЕКОВ: «Таш шырдак аркылуу кыргыз маданиятын таанытабыз»

Жакында эле кафелердин жана үйлөрдүн короосунун көркүн ачкан кыргыз оймолуу брусчаткалар чыгып баштады. “Таш шырдак” деп аталган өзгөчө брусчаткалардын ойлоп табуучуларынын бири Бекболот Жоробековду кепке тартып, иши тууралуу маек курдук.

– Брусчаткага оймо түшүрүп, кооз таш шырдактарын жасоо идеясы кандай пайда болду?

– Улуттук колоритте бир нерсе чыгаралы деп ойлоп жүргөн элем. Анан дал ушул брусчатканы кыргыз оймосуна келтирип жасоо демилгесин атам Жаныкул жана тааныш агам Абдыкасым менен биргеликте ишке ашырдык. Максатыбыз - кыргыз оймосун, кыргыз шырдагын элге жайылтып, сырттан келген конокторго таанытуу.

– Мурда-кийин брусчатка чыгаруу иши менен алектенчү белеңиз?

– Жок, бул тармакта эч кандай иш алып барган эмесмин. Биринчи жолу тажрыйба кылып жатам. Брусчатканы оймо түрүндө кылып жасоо үчүн кылдаттык жана тактык керек экен. Атайын станоктор бар, компьютердик чип деп коёт, компьютер аркылуу ошого оймо-чиймелерди салабыз. Атайын калыпка келтире турчу каражаттарды Россиядан сатып алдык. Бир сантиметр эмес, бир миллиметр туура эмес болуп калса эле брусчатка жарабай калат экен. Ошондуктан улам-улам жасап, тажрыйба жүргүзүп отуруп натыйжа ала алдык. Анан бул табылгабыз үчүн Кыргыз патенттен патент алдык. Эми буюрса, жакынкы аралыкта сертификатын дагы алабыз.

– Суроо-талап кандай болууда?

– Чыкканыбызга аз болгонуна карабай суроо-талап көп болуп жатат. Көбүнчө Жалал-Абад менен Ошко сурап жатышат. Ошого байланыштуу бул шаарларга филиалдарын ачып жатабыз. Учурда кезек күтүп турган кардарлар көп. Көбүнчө үйдүн короосуна жана кафелерге буйрутма беришет экен. Эң биринчи кардарыбыз дагы Бишкектеги “Белес” деген кафе болгон.

– Бул өзгөчө табылгаңардын баасы кандай?

– Баасы бир чарчы метри 650 сомдон башталат.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жаңыл ИСАЕВА

Эскертүү: Lady.kg сайтынын материалдары редакциядан уруксат алгандан кийин гана көчүрүлүшү шарт.