Керез МАМЫРБАЕВ: “КЕЛИНЧЕГИМ ҮЧ БАЛАНЫ МАГА АМАНАТ КЫЛЫП КАЛТЫРЫП КЕТТИ ЭЛЕ, АМАНАТЫН АТКАРА АЛБАДЫМ...”

8-август күнү Бишкек шаарынын Түштүк магистралында жүргүнчү ташыган 202-маршрутканы “Volkswagen Transporter” үлгүсүндөгү машина жол чыракка карабай капталдан сүзүп, натыйжада маршрутка оодарылып калган. Анын кесепетинен 19 жаштагы Альбина аттуу кыз каза болгон. Жапжаш кызын жоготкон Керез ата көзүнө жаш ала төмөнкүлөрдү айтып берди.

                            

“Шашып чай ичпей кеткен кызымды ажал шаштырган экен”

– Мен Мамырбаев Керез 1964-жылы туулгам, 3 баланын атасымын. 23 жыл орган кызматында иштеп пенсияга чыккам. Көлдүн Темир деген айылынан болом. Бирок көп жылдан бери Бишкекте турабыз. 2 жыл мурун келинчегим оорудан кайтыш болгон. 3 баланы мага аманат кылып калтырып кетти эле. Мен келинчегимдин аманатын аткара албадым деп өзүмдү коёрго жер таппай жаман болуп жатам. Эч бир ата-эне балам деп ыйлабасын. Гүлдөй болгон кызым жол эрежесин сактабаган айбандардын айынан соолуп кете берди.

Ошол кырсык болгон күнү кызым Альбина Киев-Совет көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан англис тили курсуна жөнөгөн. Ар ишемби, жекшемби күндөрү курска барып 2 сааттан окуп келчү. Адаттагыдай эле эртең менен туруп жөнөп жаткан экен: "Кызым, чай коёюн”, - десем,“ата, кечигип жатам”, - деп шашып чыгып кетти. Көрсө, кызымды ажал шаштырган экен да. Артынан чыгып дарбазада кызымдын караанын узатып кала бердим.

 

“Тез жардам жарым саат эрте келгенде кызым тирүү калат эле”

– Биздин үй Арча-Бешик жаңы конушунда, 202- маршрутканын акыркы аялдамасы жакта да. Анан кызым шашып барып эле 202-маршруткага отуруптур. Ошондо баратып кырсык болуп жатпайбы. Мен кызым кеткенден кийин эле машинамды от алдырып жумушка чыгып жаткам. Анан эле бирөөлөр кызымдын телефонунан чалып кырсык тууралуу айтышты. Аны укканда өзүмдү жоготуп, кырсык болгон жерди таппай бир топ убакыт өтүп кетти. Барсам эле кызым жерде жатат суналып. Жанына жетип барсам үзүлүп калган экен. Андан кийин “Тез жардам” келип алып кетип жатпайбы. Бизде “Тез жардам” машиналары өтө начар иштейт. Күбөлөрдүн айтуусунда,“Тез жардам” бир жарым сааттан ашык убакытта келиптир. Ага чейин Альбина кыймылдап тирүү жаткан экен, каралдым десе. Ошо атың өчкүр “Тез жардам” жарым саат эртерээк келгенде кызымдын жанын сактап калат эле го.

 

“Кызымды өлтүргөн кылмышкердин басып жүрүүгө укугу жок”

– Чай ич десем ичпейм деп койбодубу. Балким, Альбинам чайга алаксып үйдө жок дегенде 2 мүнөткө кармалганда, бул маршрутка кетип калмак да, башкасына түшүп кетмек деп ар нерсени ойлоном.

Элдер кызымды маршрутка басып калды деп жатышыптыр. Жок, андай эмес. Маршрутканы капталдан машина сүзгөндө Альбина терезеден учуп кетип жерге башы менен түшүптүр. Эми ким күнөөлүү экенин деле териштире элекмин. Анткени андай абалда эмесмин, катуу стресске кабылып, катуу коркуп калыптырмын. Нервден да кеткен окшойм. Азыр дагы деле өзүмө келе албай делдиреп эле басып жүрөм. Айылга барып кызымды жерге берип, куран окутуп жүрүп шаарга кечээ эле келдим. Эми балдарым:“Ооруканага жат”, - деп жатышат, бир дарыланып өзүмө келип алган соң анан бул ишке киришем го. Али эч кимисин көрө элекмин, маршрутканы сүзгөн түрк улутундагы бала экен. Ооруканада жатат дешти, маршрутка айдаган айдоочу да жатып чыккан имиш. Ким күнөөлүү болсо да жазасын алсын. Бирөөнүн бапестеп өстүргөн кызын өлтүрүп коюп, бул жарыкта басып жүргөнгө кылмышкердин акысы жок.

 

Үйдө апасынын жогун билдирбей турчу

– Кызымдын келечеги алдыда болчу, көптөгөн ой-тилектери, максаттары бар эле. Тил үйрөнүп жүрчү дебедимби: “Ата, сени дүйнө кыдыртам”, - дечү эле. Аябай аракетчил болчу, өз күчү менен эки окуу жайга өткөн экен.“Ата, кайсынысына окуюн?” – дегенинен, “өзүң каалаганыңа оку”, - дегем. Анан БГУнун англис тили бөлүмүн тандап 2-курста окучу. Альбина кызымдан улуу 24 жашта Жаныбек деген уулум бар. Ал да орган кызматкери. Альбинадан кичүү кызым Элдана 8-класска окуйт. Ушул үч баламдын ичинен мага эң жакыны Альбинам эле. Үйдө апасы жогун билдирбей түрдүү тамактарды жасап, сиңдисин эркелетип, үйдү жыйнап, айтор, баарыбыздын көңүлүбүздү алат эле. Болбосо апасы барда эркелеп анчалык оокат жасачу эмес. Апасы каза болгондон кийин эле дароо чоңоюп интернеттен пирог, тамак, салаттарды жасаганды үйрөнүп алды. Күнүгө ар кандай тамак жасап мени жумуштан күтүп алат эле. Өзү да ак көңүл, бетке айткан, өзгөчө кыз болчу. “Атамды капа кылбайлы”, - деп менин көңүлүмө карап турчу каралдым. Бир күнү жаныма басып келип: “Атоо, эми үйлөнбөйсүңбү?” - деп жесир калган жакын эле жеңебизди сунуштап калды зирек кызым. Анан кыргыздын салты, балдарымдын сунушу менен жеңебизге үйлөнгөнүмө 2 эле ай болгон. Балдарым “апа” деп жакшы кабыл алышты. Андан кийин: “Эми байкем үйлөнсүн, жеңелүү болсок экен”, - дегенинен баламды да үйлөнтөм деп 16-сентябрга ресторанга акчасын төлөп сүйлөшүп койгон элем. Кызымдын тойду башкача кылып өткөрөбүз деген өзүнүн идеялары, пландары бар болчу. Тойго жетпей эле минтип каралдым бизди кайыштырып кете берди. 15-сентябрда кыркын өткөрөбүз. Ал эми уулумдун тоюн арыраак жылдырып койдум.

Айланайын айдоочулар, абайлагылачы, силердин айыңардан канчалаган өмүрлөр кыйылып жатат.Меникиндей тагдырды душманыма да каалабас элем.

 

Нуриса БАЯЛИЕВА

Эскертүү: Lady.kg сайтынын материалдары редакциядан уруксат алгандан кийин гана көчүрүлүшү шарт.