Көл жээгинде

 (Башы өткөн санда)

– Антип айтпа. Сенин ордуңда башка бирөө мүмкүн ошондо өз жанынан жаралган наристеден баш тартмактыр. А сен азамат экенсиң. Сенин ордуңда башка бирөө нышааны менен жарыкка келген баласына мүмкүн ак сүтүн эмизгенден баш тартмак. А сен ушунча асырап чоңойтуп алыпсың…

– Ырахмат, байке. Мага ушинтип Эрназардын атасы да айткан эмес. Мен ошого аябай ызаланам. Эрназар экөөбүз төрөтканадан чыгып келерибиз менен атасы экөөбүздүн турмушубуз тез эле кыйрады. Бир да жолу баласын колуна көтөргүсү келбей, өзүнүн эмес, жырткычтын баласын көргөндөй болду. Мени баарынан катуу ызалантканы ушул. Мейли, ал мени башка учурда таштап кетсин, бирок турмушумдагы эң оор ошол учурда таштап кеткенин эч качан кечиралбайм. Экөөбүздүн ортобузда төрөлгөн наристеге аталык мээримин айтпайын, жок дегенде…

Ширин сөзүнүн ары жагын улай албай, эчкирип жиберди. Мен да өз ичимен: «Мейли, бугун чыгарып алсын», - дедим. Ошол учурда тагдыры тайкы бет маңдайымдагы шолоктоп отурган аялзаттын кайгысына, көз жашына жапакеч бирөө керек экенин туйдум. Адамдын адамдык касиети ушундайда ойгонсо керек. Биз бири-бирибизге шерик болбосок, адамдын эмнеси адам. Алдымдагы асылзаттын таяна турган аска тоосу болгум келди. Бул ой кадыресе канымды дүркүрөтүп, негедир көкүрөгүмдө белгисиз да, күтүүсүз да бир эрк пайда болду. Жигиттин эрдиги канчага жетсе, ошол акыркы дем, акыркы кубатым калгыча Шириндин айкөл баатыры мен болорумду айталбай отурдум…

– Ширин, көп ыйлай бербе… Мунун баары артта калат. Көрөсүң, Эрназарды өзүм бала кылып алам…

Бул сөз өзүнөн-өзү айтылып кетти. Бирок чын ниетимен айттым. Ширин аны кандай түшүнсө, ошондой түшүнсүн дедим ичимден. Ушунча болуп оозуман чыккан эч бир сөз, эч бир убадамды жерде калтырган жан эмесмин. Мүмкүн мурдатан бери Ширин мени жакындан билбегендиктен, бул айтканыма ишенбестир. Жаңы эле көрүшүп, жаңы эле билишип аткан мени азырынча көп эркектин бири катары көрсө көрө берсин. Кеп анда эмес, кеп убакыт өткөн сайын Шириндин тагдыры үчүн ар дайым тикемден тик турарыма көзү жетсе болду дедим ичимден…

– Сизге мунун баарын эмнеге айтып атам, билбейм. Ойдо жок жерден… Билбейм, эмнеге… Сиз деле уккуңуз келген жок, билем…

– Уккум келбесе туруп кетпейт белем. Сенин тагдырыңды угуп отуруп, негедир экөөбүз бир туугандай болуп калдык. Сезип атасыңбы?

– Сиз мага негедир башынан эле бир тууган адамдай сезилип, өз тагдырымды айта баштадым окшойт… Болбосо… Бирөөгө айтайын деген деле оюм жок болчу.

– Адамдар бири-бирин ушинтип табышат. Сен мага ушунча сырыңды айткандан кийин мен эми мындан ары сага бөтөн адам болалбайм. Жүрөгүңө эмне сыр жашырып жүрсөң, мага айта бер. Мага ишенсең болду. Мага сенин ишенимиң гана керек. Башка эч нерсенин кереги жок. Бардык кайгыңды экөөбүз таанышкан бүгүнкү күндөн баштап унутсаң болду. Кеттик, андан көрө экөөбүз да элден калбай сууга чөмүп келели.

Ширинди колдон жетелеп сууга тарттым. Экөөбүз тең эл жок тарапка чабак урдук. Ал тез эле озуп кетип, артынан мен жеткиче күтүп калып атты. А мен жеткен жерден анын көңүлүн көтөрүш үчүн суу чачып калам же колунан тартып сууга чөмүтүмүш болуп тамашалайм. Бирок менин шоктугум ага жагып атты. Кайра өзү шоктук кылып суунун бир жеринен чумкуп кетип, артыман же алдыман «култ» этип чыга калып суу чачат. Каткырабыз. Мен аны көл үстүндө эркелетип наристедей эки колума типтике көтөргүм келсе, ал жеткирбей шыңкылдап күлөт. Артынан кууп жетпегениме маашырланып, улам озуп кеткен ойноок мүнөзү менен эркелигин жактырдым. Күн нуруна жаркылдаган денеси суу түбүнөн секирген балыктай түйүлүп, балыктай култулдап карматпайт. Бир убакта түйүлгөн чачы чечилип кетти. Сууга жайылган олоң чачынын узундугу ошондо билинди. Колум жетип турса да, чачынан кармалап эркелеткенге эрким жетпеди. Болгону чачтарынын учунан кармалап эркелеткеним болбосо, ашыкча кетип таарынтып алгандан жасканып турдум.

– Байке, тигилер каягында жүрүшөт, көрүнбөйт?

– Алар жаңеле жээкти карай баратышкан. Тээтигинде, көрдүңбү?

– Аа, көрдүм. Мен бирок суудан чыккым келбей атат.

– Мен дагы.

Биз дагы көпкө сүздүк. Жээкте болсо Шириндин курбулары: «Келгиле», - деп кол булгалап атышты.

– Баралыбы? – дедим.

– Суудан чыккым келбей атат, байке.

– Сен мени атыман эле айтчы.

– Көнөр бекем… Суранып калдыңыз, анда атыңыздан эле айтайын.

– Сиз деп да айтпа. Сен десең…

– Жээкке баралы, кандай дейсиң?

Жээкке келсек, тигилер тамакка бара турган болуп кийинип алышыптыр. Мен бирок алардан бөлүнүп кетип, Ширин менен өзүнчө тамактанганды кааладым. Жанымда велосипед алып берейин деп уулума бекитип жүргөн акча бар эле. Мени ошол азгырды. Ширинди чекеге чакырып, өзүнчө кетүү планымды айттым: – Курбуларың капа болбосо, Боро менен Татынын сыйын өздөрүнчө көрө берсин. Сен экөөбүз тегеректеги кафелердин башкасына баралычы, – дегениме Ширин да жандилинен макул болду. Тигилер да биздин айтканыбызга кыйылбастан көнүп өздөрүнчө кетишти. Биз өзүбүзчө жайлуу кафелердин биринен орун алдык. Алдыбызга экөөбүз берген эки түрлүү салат келди. Вилка учундагы салатты Ширин оозуна салары менен экинчисин менин оозума салды.

– Белек, меникинен ооз тийчи. Жакшы салат бекен?

– Ох-хоо… Мына салат деп ушуну айт.

Ширин өзүнүн оозуна салган салаттан менин оозума салганы үчүнбү же чын эле салаттын өзү укмушпу, даамы мыкты эле. Мен да өзүмдүн алдымдагы салаттан анын оозуна салдым.

– Ох-хоо… Сеники да жакшы салат экен.

Экөөбүз бирибиздикин-бирибиз мактап, бирибиздин салатты бирибиздин оозубузга салган үчүн тез эле тарелкаларыбыздын түбү көрүнүп калды. Андан кийинки келген ысык тамактарыбызды да бирибизге-бирибиз жедирип атып түгөттүк.

– Өмүрүмдө тамакты бүгүнкүдөй кызыгып жеген эмесмин, Белек.

– Мен дагы.

– Биринчи, экинчиден да эч нерсе калтырбай жедим.

– Баарын өзүң жеген жоксуң, менин оозума салбадыңбы.

– А сен улам эле оозуңду ачып атпайсыңбы.

Шириндин бул жообуна экөөбүз абдан күлдүк.

– Соргок экенсиң дечи.

– Жок, сендей жигит тамакты ушундай жеш керек.

– Азыр кайра барып көлгө жанагыдай дагы түшүп келип, дагы ушинтип отуруп тамак ичели. Кандай дейсиң?

– Жүрү анда, кеттик.

Ширин экөөбүз ал күнү кечке суудан чыкканыбыз жок. Күн аркан бою ылдыйлаган маалда Татыныкына келсек, Айсанат менен Назира жарашыктуу бөлмөлөрдүн биринен үч орундукту дайындап коюшуптур. Алардын бака-шака түшүп отурганын көрүп, Ширин экөөбүз көл жээктеп келүүнү туура көрдүк. Сыртка чыгарыбыз менен кечки салкын түшүп калгандыктан, Ширин кофтасын алып чыкканы кайра кирип кетти. Аны күтүп көчөдө турсам, чийнеге кайык жүктөгөн балыкчылар көрүндү. Арасында абамдын баласы Мукан жүргөн экен, аны чекеге чакырдым.

– Кайыкты кайда?

– Биздин үйгө. Эртең таң атпай достор болуп балыкка баралы дегенбиз.

– Мага бүгүн кечинде бир-эки саатка берип тураласыңарбы?

– Сизге кантип бербей коёлу, аба. Алыңыз, качанкыга керек?

– Качан... Азыр. Мынча эрдик кылганыңа жараша түз эле анда көлдүн жээгине жеткирип бергин. Бир аздан кийин артыңардан келип калам. Жарайбы? – Мукандын колуна акча сунсам албады.

– Ава, коюңузчу.

– Макул, анда жээкке бара бергиле.

Аңгыча жаныма Ширин да келип калды. Кайык жүктөп бараткандарды көрүп, эки көзү оюнчукка көзү күйгөн балдардыкына окшоп кетти.

– Ах-тий… Кайык менен көл үстүндө сейилдеген кандай сонун ээ?

– Азыр сейилдейбиз.

– Койчу?!

– Койбой эле. Баса берсең.

Ал ишенип-ишенбей келатты. Жээкке жакындаганыбызда балыкчыларга 5-6 бөтөлкө пиво алганымдан кийин гана ишенди окшойт, «ура-алап» ийди. А мен компоюп калдым.

– Айттымбы? Аткарылат. Мен ошондоймун.

– Белек аба, кайык даяр.

– Ме, Мукан, досторуң менен пиво ичип тур, биз азыр.

– Ширин, биз адегенде шам-шум этип алалы, кандай дейсиң? Курсак ачып кетти.

Экөөбүз кайра эле түштөгү тамактанган кафебизге келип, түштө кандай сукулдасак, так ошондой тандаганыбызды калтырбай жедик. Шараптын кызылынан да, агынан да тандап ичтик. Шириндин эки бети албырып чыкты.

– Кеттикпи, Белек?

Кайыкка түшкүчө шаштысы кетип атканын байкадым.

– Кеттик.

Көл шарпылдап, түн бейпил. Саратан жайдын жумшак желине термелген көл шооратынан башка эч нерсе угулбайт. Ширин экөөбүз тез эле жээктен алыстап кеттик. Төбөдөгү айдын жарыгы алдында кайыкта соксойгон экөөбүздөй бактылуу жан жок эле. Башын менин ийниме жөлөп алган Ширин кыңылдап ырдап баратты. Кулагыма да, жүрөгүмө да жагымдуу ал ырды мурда эч жерден уккан эмесмин. Мен ага чейин музыкалык аспаптардын коштоосундагы ырларды гана укканым болбосо, андай ырды укпагам. Айдын жарыгында суунун угулар-угулмаксан шарпылдагы коштогон Ширинден Кудай мукамдуу үндү да аябаптыр. Ажарлуу келбетине Ай нуру тамган андай сулууну көргөн кайсы жан бар? А жанында жанашып ким отурган?

(Уландысы кийинки санда)

Олжобай ШАКИР