Унаа айдоодогу коркууну кантип жеңүүгө болот?

Бүгүнкү күндө унаа айдоого ынтызар айымдардын саны улам артууда. Алардын айрымдары дароо рулга отуруп айдап кетип жатышса, бир бөлүгү машина айдаганды билип, колунда айдоочулук күбөлүгү турса да коркуу сезиминен арыла албай келишет. Мына ушундай “коркоктор” менен бир канча кеңештерди бөлүшмөкчүбүз.

 

Айдап бара жаткандай кыймыл жасаңыз

Рулга отургандагы коркуу сезиминен арылуу үчүн алгач бир нече мүнөт унааңызда жөн гана олтуруп, айдап бара жатканыңыздагы кыймыл-аракеттерди аткарып көрүңүз. Бул бир аракетти автоматтык түрдө аткарууга колуңузду көндүрөт.

 

Жолдун картасын чийип алыңыз

Үйдөн чыгардан алдын барчу жолуңуздун картасын кагазга чийип алып, аны бир канча мүнөт карап эсиңизге сактап алыңыз. Бул сизди кайсыл көчөдөн бурулуп, каерге келгенде ылдамдыкты жогорулатып же төмөндөтүп, кайда токтой турганыңызга жардам берет.

 

Эртең менен же дем алыш күндөрү айдаңыз

Унаа айдоодогу коркууңуздан арылуу үчүн эртең менен же дем алыш күндөрү айдап көнүү керек. Анткени бул учурларда жол тыгыны аз болот. Ошол эле учурда унааңызга көнүп алуу үчүн шаардын четиндеги трассада айдаганыңыз да дурус. Анткени ал жакта киши аз болуп, сизге эч ким тоскоолдук жаратпайт. Көпчүлүк адамдар шаар четине бир нече ирет айдап чыккан соң коркуу сезиминен арылып калышат.

 

Рулга отуруудан башка аргаңыз калбашы керек

Рулга отуруудан башка аргаңыз калбай калышы керек. Мисалы, кечеге сиздин машинаңызды айдап барган шеригиңиздин кайра сизди жеткирүүгө шарты туура келбей калды. Же болбосо үйдө эч ким жок болуп, бирок балаңызды бала бакчадан алып келүүгө туура келет. Мына ушундай сыяктуу жагдайлардан улам айдап жатып тажрыйба топтойсуз да, кийинчерээк коркуу сезимиңизден бүтүндөй арылып калганыңызды байкайсыз.

 

Атайын белгини унааңызга чаптап алыңыз

Өзүңүздү да эркин сезиш үчүн жана башка айдоочулардын да сиздин жаңы үйрөнчүк экениңизди билиши үчүн терезеңизге атайын белгини чаптап алганыңыз оң. Бул сизге жакшы көмөкчү болуп бермекчи. Анткени жаңы үйрөнчүктөргө айдоочулар түшүнүү менен мамиле кылышып, чыр-чатакка көп бара беришпейт.

 

Көбүрөөк айдап көнүңүз

Көбүрөөк тажрыйба кылуу керек. Рулга отурууга канчалык мүмкүнчүлүк болсо, анын баарын колдонууга аракет жасаңыз. Мисалы, анчалык деле алыс эмес дүкөнгө азык-түлүк алууга барсаңыз да машинаңызды айдап алыңыз. Сизге тааныш болгон жолдор бат көнүп кетишиңизге шарт түзөт.

 

Башкалар менен сылык мамиледе болуңуз

Жолдо жүрүп бара жатканда бардык айдоочу бирдей укукка ээ. Эгерде кайсы бир айдоочу сизге сын-пикирин айтчу болсо, ага сылык түрдө гана жооп кайтарып сапарыңызды улай бериңиз. Сиздин башкы максатыңыз барчу жериңизге аман-эсен жетип алуу болуп саналат. Ошондуктан анын сөздөрүнө көңүл бөлүп маанайыңызды чөктүрбөңүз.

 

Жаныңызга шерик алып алыңыз

Эгерде жалгыз рулга отуруудан коркчу болсоңуз, досторуңузду жаныңызга шерик кылып алып алсаңыз болот. Бирок демейде өзүңүз гана жалгыз айдай турганыңызды эске алыңыз. Такай жаныңызга шерик алып жүрүүгө көнүп албаңыз.

 

Төмөнкү ылдамдыкта айдаңыз

Төмөнкү ылдамдыкта болсоңуз, бул оор жагдайларда сизге жардам берет. Тагыраагы, алдыңыздан кокустуктан кимдир бирөө чыга калса токтотуп калууга жетишип каласыз.

 

Жакшы нерселерди гана ойлоңуз

Унаа айдоонун алдында өзүңүздү психологиялык жактан да даярдап, жакшы гана нерселерди ойлоңуз. Терс жана жаман ой-пикирлерден алыс болуңуз. Өзүңүзгө жаккан үналгы жыштыгын коюп алып музыка угуп кетүү да сизге бир топ жардам берет.

 

Видео сабактарды көрүңүз

Унаа айдоону үйрөтүүчү видео сабактарды көрүңүз. Ал сизге оор кырдаалдарда унааңызды кантип башкаруу керектигин үйрөтөт.

 

Алгачкы жолу рулга отурганыңызда....

Кенже Көбөкова, ырчы: “Жол чыракта машинем токтоп калган”

– Мен машинени жаңы үйрөнгөндө эч кимдин жардамысыз шаарга айдоону каалап, үйдөгүлөрдөн жашырынып айдап чыктым. “Хонда Фит” үлгүсүндөгү ал машинеме тыпыйып отуруп алып толкунданып жатсам да сыр бербей айдап баратып жол чыракка жеткенде токтоп калсам болобу. Төрт тарабымдан тең машинелер бипилдеп сигнал берип жатышат. Мен эмне кыларымды билбей жылбай тура бердим. Канча убакыт өттү билбейм, өзүмө келсем айдоочулардын баары мени сөгүп, жаман көздөрү менен карап, колдору менен бирдемелерди жаңсап өтүп жатышыптыр. Бир топтон кийин баары өтүп бүттү, анан мен да өтүп кетип калдым. Бирок ошол маалда эмне болуп машинем жүрбөй токтоп калганын али күнгө чейин түшүнбөйм.

 

Дилшат Кангелдиева, ырчы: “Токтоп турган машинени сүзгөм”

– Эң алгач рулга 16 жашымда отургам. Ошто автомектепти бүтүп айдоочулук күбөлүктү алгандан кийин дайыма атамдын көзөмөлүндө “Жигули” деген машинесин айдачумун. Айдап баратсам айылдагылардын баары мени карайт эле. Ошентип шаарга келдим. Бул жакта машине алып айдаганча бир топ тыныгуу болуп калды. Анан Кудай тилегимди берип бир күнү жаңы унаалуу болуп шаарда айдай баштадым. Түз жолдо айдаганды билген менен унаа токтоочу жайга кирип чыкканды билчү эмесмин. Аны да өздөштүрөйүн деп бир күнү жумушум жок болсо деле “Комфорт” базарынын унаа токтоочу жайына кирип, кайра чыгам деп жатып бир машинени сүзүп кеттим. Карасам токтоп турган машине эч нерсе болбоптур, өзүмдүн машинем чийилип, бир аз иймейип калыптыр. Токтоп турган унаанын ээси жоктугуна сүйүнүп кетип калдым. Ошондон бери рулга отурганыма 17 жыл болуптур, Кудайга шүгүр, ката кетире элекмин.

 

Ширин Сарыгулова, манасчы, актриса: “Милиция тоскондорго суктанчумун”

– Машинени жаңы айдап баштаганда мени качан МАИ тосот экен деп күтө берчүмүн. Себеби милиция тосуп, машинеден түшүп барып сүйлөшкөндөр көзүмө кыйындай көрүнүп, аларга суктана берчүмүн. Бир жолу Кудай тилегимди берип шашып “Сармерден” көрсөтүүсүнө кетип жатсам мени да тосту. Анан машинени токтотуп дароо курбу кызыма чалып: “Ураа, мени милиция тосту!” -деп мактанып жатпаймынбы. Антсем ал: “Кыйраттым деп жатасыңбы, эми айып пул төлөйсүң”,- деп урушуп салды. Түшүп барсам жаш эле байке экен. Мына менин визиткам жакшылыктарыңызга чакырсаңыз кызмат кылып берем, байке. Азыр КТРге “Сармерденге” шашып бараттым эле десем, айып пул албай узатып койду. Кийин бир тоюна чакырды, ырдап бердим. Андан кийин канча жолу МАИге түштүм, ошол байке куткарып жардам берип жүрдү.

 

Назира Кадыева, алып баруучу, ырчы: “Коркконумдан кийимим сыгып алма суу болгон”

– Жаңы машина алганда жолдошум акырын айдап жумушка барып-келип турганга эле уруксат берген болчу. Биринчи күнү айтканындай кылып жумушка эле барып келдим. Эртеси жумуштан чыгып алып шаарды кыдыргым келип түз эле Ош базарына жөнөдүм. Себеби унаа көп жерде тыгында калып, ошондой учурда жолумду таап чыгып кете аламбы, өзүмдү сынагым келди. Ошентип Ош базардын тыгынынан ийгиликтүү өтүп Военно-Антоновка айылына чейин кетип калдым. Толкунданып, бир аз коркуу сезими болгонго үйгө жеткенче тердеп, кийимим сууга чумкуп чыккандай сыгып алма суу болуп калыптыр. Терезени ачып алыш деле оюма келбесе керек.

 

Айзирек УРМАТБЕКОВА

Эскертүү: Lady.kg сайтынын материалдары редакциядан уруксат алгандан кийин гана көчүрүлүшү шарт.