Жашаруунун заманбап ыкмалары

Убакыттын өтүшү менен жүздө билине баштаган майда бырыштар айымдар үчүн жагымсыздыкты жаратат. Андан улам заман талабына ылайык ар кандай жашартуучу ыкмаларды колдонуп, пластикалык операция жасатышат. Кызыккандар үчүн жашартуунун жолдору тууралуу “VIVA” медициналык борборунун дерматокосметологу Динара Аймукамбетова жооп берет:

– Динара Көчөрбаевна, сиздерге кайрылган айымдар жашартуучу процедураны өздөрү тандайбы же сиздер тандайсыздарбы?

– Алгач кардардын бетинин түзүлүшүн, өңүн карап картаюунун кайсы түрүнө кирерин аныктайбыз. Себеби, ар кимде бырыштын түшүшү ар кандай болот. Кээ бирлердин бырышы көп, кээ бирлериники чоң-чоң болот. Бырыштын кайсы түрүнө кирерин аныктап алгандан кийин ага жараша процедураны өзүбүз тандайбыз.

– Кандай адамдарга жашартуучу процедуралар сунушталбайт?

– Жугуштуу оорулар жана кант диабети менен ооругандарга, кош бойлууларга, эмчек эмизип жаткандарга, венерикалык жана онкологиялык оорусу барларга процедура жасалбайт.

– Жашартуучу процедура жасатууну каалаган айымдарга кандай эскертүү берет элеңиз?

– Аз кандуулук учурунда жасаткан жашартуучу процедура 100 пайыз жардам бере албайт. Диетада олтурган адам процедура жасатардын алдында жакшылап тамактанып алуусу керек. Мындан тышкары алкоголдук ичимдиктерди ичүүгө болбойт. Ал эми бетке эч кандай процедура жардам бербей калган маалда пластикалык жол менен жашарса болот.

Ботокс

Ботокстун толук айтылышы - ботоло таксин. Косметологияда ботокс аз гана өлчөмдө колдонулат. Ошондуктан, зыяны көп болбойт. Ботокс чекеге, эки каштын ортосуна жана ооз, мурундун четине шприц аркылуу сайылат. Ал 10-15 мүнөттө өзүнүн таасирин берет. Бул зат булчуңдардын нервин өлтүрүп, кыймылдатпай, мимикалык бырыштарды жок кылат. Натыйжада мурда күлгөндө, кабак түйгөндө бырыш пайда болгон болсо, ботокстан кийин бырыш пайда болбойт. Жогорудагыдай натыйжалар ботокстун сапатына дагы көз каранды. Мисалы, Кореянын ботоксу 4-6 айга чейин жетет. Ал эми америкалык түрү “Диспот” деп аталат. Ал өз таасирин 8 айга чейин кармап турат. Ботокс тарагандан кийин булчуңдар кайра калыбына келип, адам кабагын бүркөгөндө чекеси мурдагыдай бырыша баштайт. Эгер адам спорт менен машыкса организмде зат алмашуу күчөйт дагы ботокс өз таасирин бат жоготот. Ботокстун 1 бирдиги 300 сом турат. Ал эми бир адамга бырышына жараша болжол менен он бирдик сайылат.

3d жип лифтинги

Бул лифтинг ыкмасына атайын медициналык жол менен иштетилип чыккан жип колдонулат. Ал жип хирургиялык бычаксыз эле теринин алдына киргизилип коюлат. Дароо эле натыйжасы билинип, эң көп дегенде 2-3 жылга чейин таасирин жоготпойт. Бир адамга 25ке жакын жип колдонулат. Жиптин аз же көп колдонулушу анын бетинин терисине, бырыштарынын санына жараша болот. Бир жиптин баасы 500сомдон 1000сомго чейин.

Плазмолифтинг

Аллергиясы барларга мезотерапия эмес, Плазмолифтинг сунушталат. Кыргызстанда Плазмолифтинг 5 жылдан бери колдонулуп келет. Бул ыкмада адамдын өзүнөн кан алынат. Ал кан Плазмолифтинг ыкмасы менен иштетилип тазалангандан кийин шприц аркылуу кайра бет терисине сайылат. Иштетилген кан өз таасирин берип, адам жашара баштайт. Бул ыкма бетке безетки чыкканда, жашартуу максатында жана чач түшпөөсү үчүн колдонулат. Бул ыкма эң сонун натыйжа берет. Ал көпкө сакталуусу үчүн бир айда бир жолу келип бетти тазалатып туруу керек. Мындай шартта Плазмолифтинг бир жылга чейин сакталат. Баасы 3500сом.

МЕЗОТЕРАПИЯ

Мезотерапия - дары заттардын коктейли. Ошон үчүн муну коктейль да деп атап коёбуз. Жашартуунун бул ыкмасын 18 жаштан баштап жасаса болот. Коктейлдин чачты түшүрбөө, беттеги безеткилерден арылтуу жана жүздү агартуучу да түрлөрү бар. Бирок, бизде жашартуучу түрү көбүрөөк колдонулат. Мезотерапияны ишке ашырууда шприц жана массаж колдонулат. Тактап айтканда, шприц аркылуу коктейлди бет териге сайып алган соң бетке атайын массаж жасалат. Мезотерапия алган адам эгерде өзүнө кам көрбөсө, анын таасири 3 айга гана жетет. Аны көпкө сактоо үчүн убак-убагы менен дерматокосметологго келип турганы жакшы.Ошондо ал 6-8 айга чейин таасирин жоготпойт. Баасы 3000 сомдон жогору.

Искен Качкынбаев, Медицина академиясынын медициналык борборунун Хирургия бөлүмүнүн жетекчиси:

“Бизге операция жасатууну каалап келген кардарлардын 70 %ын артка жөнөтөбүз”

– Сиздерде жашартуучу операциянын кандай түрлөрү бар?

– Негизи жашартуучу операциялардын көп түрү бар жана ар биринин аты бар. Ошолордун ичинен бизде SMAS-лифтинг жана эндоскопиялык жол аркылуу бетти тарттыруу деген эки түрү колдонулат.

– Буларга кененирээк токтоло кетсеңиз?

– SMAS деген бул бет терибиздин ичиндеги булчуң. Ал эми SMAS-лифтинг бул кичинекей тешик аркылуу инструменттердин жардамы менен бет терисинин ичинен SMAS булчуңду тартуу. Ал эми беттин бырышын эндоскопия аркылуу тарттыруу - беттин алдына кичинекей камера алып кирип, ошол камеранын жардамы аркылуу терини тартуу.

– Мындай кызматтарды пайдалануу үчүн көбүнчө кимдер жана кайсы курактагылар кайрылат?

– Негизи биздин кардарлар 18 жаштан баштап 70 жашка чейинкилер. Ал эми жашартуучу операцияга 30 жаштан өйдө 70 жашка чейинкилер кайрылышат.

– Жашартуучу операция жасатардын алдында атайын даярдануу керекпи?

– Сөзсүз түрдө даярдык керек. Мисалы, көздүн тегерегиндеги бырыштарды жасатардын алдында көз доктурга барып көзүн көрсөтүп, көз оорусу жокпу жана адам өзү байкабаган өзгөрүүлөр жокпу далилдеп келиши керек. Мындан тышкары кандын сапатын дагы текшертүү зарыл. Мына ушул текшерүүдөн кийин операция кылууга боло тургандыгы тууралуу жыйынтык чыгарса болот.

– Операция кийин терс таасирин тийгизиши мүмкүнбү?

– Окумуштуулардын изилдегенине таянсак, көздүн тегерегиндеги терилерин алдырган жана көздүн үстүндөгү бырыштарын тазалаткандан кийин көз жакшыраак көрүп калат. Эмне үчүн дегенде мында көздүн көрүүсү чоңоюп жатат. Ушундан улам пластикалык операциянын пайдасы көбүрөөк деп айта алам. Себеби, кээ бир адамдар өздөрүн кысынып алып жүргөн болсо кийин эркин сезип калат.

– Жашартуучу операция жасагандан кийин бетке кандай кам көрүү керек?

– Ар бир операциянын өзүнүн айыгуу убактысы бар. Ал бир жумадан бир айга чейин созулат. Бул учурда алар биздин карообузда болот. Андан кийин бетке кадимкидей эле кам көрүлө берет.

– Операциянын болжолдуу баалары канча?

– Баалар башка мамлекеттерге караганда эки эсе арзаныраак десек болот. Бизде баалары ачык маалымдалбайт. Себеби, ал адамдын өзүнө жараша болот. Биз келген кардарды текшерип көрөбүз, ченейбиз жана жасатып жаткан опрециясына жараша баалайбыз.

- Келген кардарлардын баарына операция жасай бересиздерби?

– Негизинен биз операция жасатууну каалап келген кардарлардын 70 %ын артка жөнөтөбүз. Себеби, келбеттүү, бетинин түзүлүшү туура болуп турган эле айымга операция кыла берүү максат эмес. Жүзүндө чындап эле чоң кемчилик болсо же чындап эле биздин операциядан кийин жакшы болуп кете турганы бышык болсо гана операцияга кабыл алабыз. Болбосо Кудай берген табигый келбет менен жүрүүгө кеңеш берүү биздин адистик милдетибиз.

 

Даткайым Досматова