Нарынбүбү МУСАКЕЕВА: “Кызымды аман алып калуу үчүн үйсүз калсам деле мейли”

Акыркы кезде медицина өнүктү деп кубанганыбыз менен оорунун түрү көбөйүп, ал аз келгенсип бардык оорулар жашарып баратат. Мунун себеби эмнеде? Балким, дем алып жаткан абабыздан, балким, жеп жаткан химикатка бышкан тамагыбыздандыр. Анткени болушунча дарылануудан улам курт жебеген жер-жемиштерди биз жеп организмибизди уулап жаткан жокпузбу? Бул башка маселе деңизчи, азыр айтайын дегеним, 30га чыга элек жапжаш кыздын эки бөйрөгү кургап жардамга муктаж болууда. Бул тууралуу 68 жаштагы Нарынбүбү апа көзүнө жаш алып кызы экөөнүн тагдыры тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди.

 

“Карыганда жалгыз калбайын  деп үч бала багып алдым”

– Менин кесибим медик, 32 жыл акушер болуп иштеп жүрүп пенсияга чыккам. Азыр 8 миң сом пенсия алам. 1969-жылы турмушка чыгып, 1970-жылы бала төрөгөм. Ал балам 8 айында чарчап калды. Ошол бойдон төрөй алган жокмун. Анткени бала кезимде ангинам бар эле, тамагым эле ооруй бергенинен 16 жашка чыкканымда ангинамды алдыргам. Кийин турмушка чыкканда билсем, ошондон улам жатын түтүгүмдүн бир жагы өспөй калыптыр. Бир түтүк менен эптеп төрөгөндөн кийин суук тийип, экинчиси да бүтөлүп калды дешти догдурлар. Балалуу боло албаганыма байланыштуу жолдошум менен 9 жыл жашап ажыраштым. Андан кийин 9 жыл бойдок жүрүп бир кишиге турмушка чыктым. Анын мурунку аялынан балдары болгондуктан балага муктаждыгы жок болчу. Мен болсо картайганда жалгыз калбайын деп агамдын кызын багып алдым. Муну менен эле калбай андан кийин төрөт үйүнөн бир уул, кийинчерээк 7 күндүгүнөн баштап дагы бир кыз багып алып чоңойттум.Улуу кызым Якутияда жашайт, ал өзүнүн ата-энеси менен катышып турат. Уулум болсо 35 жашка чыкты, үйлөнүп бир кыздуу болгон эле, бирок азыр ажырашып жүрөт.

 

“Аргабыз түгөнүп кызымдын туугандарын издедик”

– Азыр бөйрөгү ооруп жаткан кызым Айымкүл – багып алган балдарымдын үчүнчүсү. Учурда 28де. Чалым 1997-жылы каза болуп калып балдарымды жалгыз өзүм чоңойттум. Багып алды деген эле сөз болбосо, өз баламдай бапестеп мээрим төгүп баккам. Азыр мына алардын балдарын багып жатам. Айымкүл 2008-жылы 18 жашында Көлгө турмушка чыкты. Биринчи кызын төрөгөндө цистит болуп ооруган. Андан кийин бөйрөк жагым ооруйт десе: “Оор көтөрбө, өзүңдү этиятта”, - деп койчумун. Балдар бакчасында иштеп жүрчү. Күйөө балам Орусияга 2-3 жылдап иштегени кетчү. Кыйратып деле эч нерсе таппай келип калат, ал келген сайын кызымдын боюнда болуп калып жүрүп 3 бала төрөдү. Үчөөнү тең төрөт үйүнөн чыгарып эле өзүм багып жүрдүм. Былтыр эле күйөө балам балдары менен менден бөлүнүп батирге чыккан болчу. 4-жолу боюнда болгондо алдырган экен, андан кийин дагы болуп калыптыр. Анысы ичинде өлүп калып догдурлар тазалап дарылаган эле. Ошондо күчтүү антибиотиктерди алган окшойт, эки бөйрөгү тең ооруп, кургай баштады. Ошону менен былтыр сентябрдан бери дары менен жашап келе жатат. Бөйрөгү кичирейип отуруп азыр 15 эле пайызы иштейт. Бир айлык дарысына 22 миң сом каражат кетет. Ушул убакка чейин менин туугандарымдын жардамы менен, кайын журтунун анча-мынча берген каражатына дары алып жашап келди. Эми бөйрөгүн алмаштырыш керек болуп жатат. Мен бөйрөгүмдү берейин десем кан тобубуз туура келбейт экен. Анын үстүнө мен кант диабети менен ооруймун. Баламдын каны да туура келбей койду. Айлабыз түгөнүп кызыма окшоштуруп туугандарын издеп баштадык. Эч дайынсыз, жиксиз эле багып алгам да. Тааныштар аркылуу бирөөнүн мурду-башын окшоштуруп ага бардык. Алар табылган күнү эле бир тууганым экенсиң деп бир бөйрөгүн бере койбосун билсек да аргасыздын иши да. Кызым барса чын эле чалкасынан кетишиптир. Ушул кызымдын оорусу мени жаман кыйнады. Тонубуз жукарып, көйнөгүбүз эскирип бүттү. Күйөө балам 195-маршрутканы айдап күнүнө миң сом табат. Ижарага алган маршруткасы да бузулуп калып 4 күндөн бери бош болуп калды. Анын иштегени деле жетпейт. Улуу баласы 7 жашка чыгып быйыл 1-класска барат. Кызы 5 жашта, кичүүсү 3кө чыгат. Апасын сагынып көздөрүн жалдыратып ыйлап куса болгондо кирерге жер таппай калам.

 

“Жашап жаткан үйүбүздү саталы деп жатабыз”

– Кызымдын кан тобу менен кайненесинин кан тобу туура келет экен. Кайненеси: "Бир бөйрөгүмдү берем",- десе кубанып үмүтүбүз жанып калды эле. Кийин: “Балдарды да караш керек, бир үйдө эки оорукчан болуп калсак неберелеримди ким багат”, - деп айнып калыптыр. Ошентип донор издеп 15 миң долларга таптык. Бул биз үчүн аябай эле кымбат болуп жатат. Дагы деле арзаныраак донор издеп жатабыз. Аны тапкан күнү деле аты-жөнүн өзгөртүп кызым менен бир тууган кылып документ жасатышыбыз керек экен. Себеби донор болгонго бир туугандарга эле уруксат турбайбы. Айлам кетип жашап жаткан үйүбүздү сатыкка коёлу деп жатабыз. Үйдү көргөнү келген кардарлар коркуп качып кетпеш үчүн үйдү кичине оңдойлу дедик эле, ага да каражатыбыз жок болуп жатат. Эптеп үйдү сатып кызыма жумшап, бир аз акчасына жер алып бир айда баш калкалаганга бирдеме тургуза койсокпу деп ойлоп жатабыз. Балам курулушта иштейт, бирдеме кылар деп ошого ишенип отурабыз. Донорго 15 миң доллар, операциясына 15 миң доллар кетет экен. Анан бул операция Түркияда болгондуктан оорулуунун, донор болчу кишинин, аларды караган жакыны болуп 3 кишинин визасы, жашаган жери, дарылануусу, айтор, баш аягы 42 миң доллар керектелет деп жатышат. Эмнеси болсо да кызымды аман алып калсак экен деп отурам. Мага караганда кызым катуу болуп өзүн карап жатат. “Ыйлабагыла, Кудайдын буюрганын көрөбүз. Буюрса, баары жакшы болот”, - деп бизди сооротуп жатат. Ыйласа да бизге көрсөтпөй ыйлайт байкушум.

 

“Кайрымдуулук концертинен алданып калбасак экен”

– Таптакыр эмне кыларымды билбей калганымда президентке, спикерге, Сооронбай Жээнбековго, Өмүрбек Бабановго кат жаздым. Эми аны компьютерде тердирип, кызымдын сүрөтүн, диагнозун чаптап жөнөтөйүн деп жатам. Андан кийин мечиттерге жардам сурап урна орноткону барсам, имамдар уруксат бербей коюшту. Элди ыйманга чакыргандарда деле ыйман калбай калыптыр. Эми кудагыйларым бир Урмат деген бала менен сүйлөшүп 12-сентябрда кайрымдуулук концертин уюштуруп жатышат. Спорт ордосунун арендасы, билетти чыгарганга, кароолчусуна, светине, айтор, миң доллар каражат кетет экен. Билетти 250, 300 сомдон сатсак, бизге 4 миң доллар пайда түшөт имиш. Мага 100 билет беришти, сатайын десем артында мөөрү жок экен. Тааныштарым:“Алданып калган жоксуңарбы?” - деп жатышат. Эми Кудай жалгап алданбай концертибизди өткөрүп, бир аз болсо да тыйын чогултсак жардам болмок. Ушинтип элден кайыр сурап калам деп үч уктасам түшүмө кирген эмес. Кудайдын жазганынан адам пендеси эч жакка качып кутула албайт экенбиз. “Көп түкүрсө көл болот” дейт бир аздан болсо да акча чогултуп, кызымдын аман калышына мусулман бир туугандар көмөктөшүп себепкер болгула.

 

Нуриса БАЯЛИЕВА

Эскертүү: Lady.kg сайтынын материалдары редакциядан уруксат алгандан кийин гана көчүрүлүшү шарт.