Эгемберди ЧАЛАБАЕВДИН жубайы САЛТАНАТ: «Менин туугандарым атайын Казакстандан Эгендин палоосун жегени келишет»

Жаштар театрынын жетекчиси, кыргыз элине белгилүү актёр, өзгөчө «Издейм сени» сериалындагы ролун мыкты ачып бергени менен элдин эсинде калган каарман Эгемберди Чалабаевди баарыбыз актёр, режиссёр катары билебиз. Ал эми ата, жолдош, кожоюн катары кандай адам экени баарыбызга кызык. Агай менен 35 жыл бирге жашаган жубайы казак кызы Салтанат айым жолдошунун бейнесин ачып берди.

– Салтанат айым, жолдошуңуз Эгемберди Чалабаевди кыргыз эли актёр катары жакшы билет, сиз аны ата, жолдош катары, дегеле биз билбеген жактарын ачып берсеңиз?

– Эгемберди экөөбүздүн жашаганыбызга, Кудай буюрса, жакында 35 жыл болот. Эгерде ал жакшы адам болбосо мынча жыл чогуу жашай алмак эмес болсок керек. Эген эң биринчи кезекте абдан жакшы ата. Абдан баласаак, алардын бир нерселери жок болуп калса сарсанаа болуп, аны толуктамайынча жаны тынбайт. Мээримдүү, жумшак, балдарын катуу сөз айтып урушпайт. Ошол эле учурда ал сүрдүү адам, балдар атасын сыйлап бир нерсе айткысы келсе мен аркылуу айтышат. Мага да татыктуу жолдош болду. Үйдө болсо абдан чарбачыл, бардык ишти майын чыгара жасайт. Эгендин колунан бардык иш келет десем туура болот. Автоунаасы бузулса аны деле өзү оңдой берет. Үйдөгү оңдоп-түзөө иштерине киши жалдабайбыз, баарын өзү кылат. Баласына да үйрөтүп койгон, экөө жасай беришет. Анан да жакшы жери тамакты абдан даамдуу жасайт. Бирок убактысынын тардыгына байланыштуу чоң майрамдарда же болбосо өзүнүн каалоосу болгон кезде гана ашканага кирет. Палоону өзгөчө басат. Мен өзүм казактын кызымын, биз казактар эт менен камырды жактырып жейт эмеспизби. Бирок Эгендин палоосунан Казакстандан конокко келип калган менин туугандарым баш тарта алышпайт. «Эгендин палоосун жегени келдик эле», - деп турушат. Достору да үйгө Эгендин палоосун жегени келишет.

– Сиз казак кызы экенсиз, кыргыз жигитине кандайча турмушка чыгып калдыңыз?

– Эген экөөбүз Казакстандагы театралдык окуу жайда окуп жүрүп таанышып калганбыз. Совет бийлиги кезинде бизде «казак», «кыргыз» деген бөлүнүү жок болчу. Эген өзү да таза казак тилинде сүйлөгөндүктөн, анын кыргыз экенин билген эмесмин. Экөөбүз таанышканда мен 18 жаштагы кыз, Эген 21 жаштагы жигит болчу. Ал арык, абдан тың, чыйрак, фантазиясы күчтүү адам эле, аны менен жүрсөң айланаң дайыма шаңдуу болуп турчу. Экөөбүз тең өнөр адамы болгондон кийин көз караштарыбыз да туура келди. Экөөбүз эки жарым жылдай кыз-жигит болуп жүрдүк. Кудайдын буйругу экен, анан өмүр бою бирге болуп калдык. Эжем аталган окуу жайда кафедра башчысы, профессор болчу. Ал мени Ленинграддагы аспирантурага даярдап аткан. Мен турмушка чыгам дегенде бир аз кейип, анан унчукпай калган.

– Кыргызга келин болуп келгенде салттан, тилден кыйналган учуруңуз болсо керек?

– Мен Ошко келин болуп бардым. Бир дагы сөз түшүнбөйм. Ош облусунун Өзгөн районунда салтты катуу кармашат экен. Кайненем менен кайнатам да айыл аксакалдары, балдары, келиндери жакшы чыккан үлгүлүү адамдар экен. Мен же нан жаба албайм, же уй саай албайм. Бирок таң атпай туруп эшикке суу сээп шыпырчумун. Мен үчүн эң кыйын нерсе - бешиктеги балага чейин тергеген болду. Бирок барган жердин ыгына көңүш керек эмеспи, мен колумдан келишинче аракет кылдым. Кайненем менен кайнатам да абдан жакшы кишилер эле, акырындан үйрөтүп атышып жолго салып алышты. Бир жыл окууман академиялык эс алуу алып аларга кызмат кылдым. Эң кыйын учур - Эгенди армияга алып кеткен учур болгон. Ал армияга кетти, мен бир жарым жыл кайната, кайненем менен чогуу жашадым. Алар жаманымды жашырып, жакшымды ашырып, Эгендин жоктугун анчалык билдиришкен жок.

– Сиз да актриса эмессизби, чыгармачылык жолуңуз кандай башталды?

– Мен тил билбегендигимден улам театрга актриса катары иштей албадым. Жумуш жок эки жылдай жүрдүм да, андан кийин Кыргыз улуттук драма театрына гримдөөчү болуп ишке кирдим. Ошол кезде кыргыз тилиндеги гезит-журнал, китептерди окуп жүрүп, Эгендин да жардамы менен кыргыз тилин үйрөнүп алдым. Кийин Жамал Сейдакматованын «Туңгуч» театры ачылганда ал жакка актриса болуп кирдим да, он беш жыл иштедим. Режиссёр Нурлан Абдыкадыров койгон спектаклдердин баарында роль жараткам. Мисалы «Ак бешиктин тилеги», «Айлуу түн», «Чыңгыз хандын купуя сыры», «Мунабия», «Карагыз», «Апамдын махабаты» сыяктуу спектаклдердин баарында ойнодум. Чет өлкөдө болгон сапарлардын баарына барып, концерттерде интермедиядан бери аткарчумун. Кийин жаштар келгенден кийин аларга жол берип, драмалык жакка кеттим.

– Актрисаларды элге кино көбүрөөк таанытат эмеспи, сизди кино тармагынан көрө албайбыз.

– Чынын айтсам, сүрөткө түшкөндү жана кинодогу кадрлардан өзүмдү көргөндү жактырбайм. Бирок «Аян» жана «Запкы» тасмаларында эпизоддук ролдорду жараткам. Эмнегедир тасма жагы мени көп кызыктырбады. Анын үстүнө балдар чоңойгон сайын аларга көбүрөөк көзөмөл керек болду. Ошондон улам 12 жыл мурун окутуучулук жакка өтүп кеткем. Б.Бейшеналиева атындагы искусство университетинде кино жана театр бөлүмүндө окутуучу болуп барганымдан жарым жылдан кийин эле декандык кызматты беришкен. Ошентип 11 жылдан бери ошол кызматты аткарып, жаш таланттарга билим берүүгө салым кошуп келе жатам.

– Эгемберди агай менен бирге бир топ убакыт иштептирсиз, жубайлардын бир тармакта иштегенинин оң жана терс жактары бар бекен?

– Эген экөөбүз чогуу жумушка барып, чогуу келип, багытыбыз да бир болгону абдан жакшы болду. Бири-бирибиздин ишибизди түшүнгөндүктөн жолтоо болчу эмеспиз. «Кайда бардың?» деген суроо бизде болгон жок.

– Демек, кызганыч да болгон эмес?

– Кызганыч ар бир адамда болсо керек. Азыр деле болуп кетиши мүмкүн дегендей. Болгону чектен чыгып, ооруга айланып кетпеши керек. Адам өзүн кармай билсе баарын жеңет. Болбосо адамды адам да бузуп койгон учурлар болот. Биз экөөбүз тең чыгармачыл адам болгондуктан, чыгармачылыкты толук түшүнүп, бири-бирибизге колдоо көрсөтүп жашадык. Бир окуя эсиме түшүп кетти. Эген башкы ролду ойногон «Издейм сени» сериалы чыккандан кийин аяштарыбыздыкына конокко барсак, кичинекей баласы мага келип: «Сен аяш атамдын жанында эмнеге олтурасың?» - деп атпайбы. Жаныбызда олтургандар: «Аялы болсо олтурат да», - дешсе, «аялыңыз кинодо башка эле го, кечке аял алмаштырып эле жүрө бересизби?» - деп баарыбызды күлдүргөн. Аталган кинодогу кадр боюнча да мага көп суроолор болгон. Эми бул кино, бул сценарий, сюжет, режиссёр актёрго эмне тапшырма берсе, ошону аткарыш керек экенин жакшы билем. Кино бул жашоо эмес. Спектаклде деле экөөбүз кээде өнөктөш болсок, кээде эки башка адам менен өнөктөш болуп калчубуз. Эгерде бири-бирибизди түшүнбөсөк, анда иштебешибиз керек дегендей.

– Эгемберди агай өмүр бою театрда иштеп келди, баарыбызга белгилүү болгондой ал жакта айлык аз дегендей, кошумча жумуштарда иштедиби? Деги эле материалдык абалыңыздар кандай?

– Жаш кезде батирлеп жүрдүк. Ошол учурларда телеге дубляжга барып гонорар алчубуз. Мен го балдар менен көп болуп кошумча иштей алган жокмун. Эген болсо өзүнө дайыма жумуш таап алат. Жаш кезинде бир аз убакыт тамада болуп иштеп кошумча акча таап жүрдү. 1995-жылдан баштап режиссёр болуп иштейт, "Ала-Тоо" аянтында өткөн майрамдардын баарына Эген режиссёрдук кылып келет. Кудайга шүгүр, тапканы менен үй-бүлөсүн багып келе жатат. Бирок байлыкка кызыккан адам эмес, эгерде байлыкка кызыкса жашообуз башкача болмок болсо керек эле.

– Канча балага ата-эне болдуңуздар, билишимче балдарыңыздар да сиздердин жолуңуздарды жолдоп, чыгармачылыкта жүрүшөт окшойт?

– Эки балабыз бар. Улуу уулубуз 33 жашка чыгып калды. Үй-бүлөлүү, эки баласы бар. Эген экөөбүз чыгармачылыкта жүрүп материалдык жактан кыйналып калгандыктан, балдарыбыз башка эле кесипке ээ болсо экен деп ойлочубуз. Бирок аларга маданият, өнөр деген нерсе кичине кезинен сиңип калган экен. Уулубуз Алматыдан кино режиссёру адистигин бүтүрүп келди. Аны Алматыда калтырууга аракет кылышканда биз: "Жалгыз балабыз", - деп ал жакка калтырбай жаныбызга алып келип алдык. Учурда анын жеке студиясы бар. Акыркы учурда элдер жактырып көргөн «Бир тууганчик» тасмасында операторлук кылды. Андан сырткары дагы башка тасмаларды тартып атат, социалдык роликтерди, клиптерди тартат. Кызыбыз Искусство университетинде Эгемберди Бекболиев агайдын колунан актёрдук чеберчилик боюнча билим алды. Эки жылдан бери Жаштар театрында актриса болуп иштейт. Андан сырткары өзү билим алган Искусство университетинде окутуучу. Мурат Мамбетовдун курсунда окуп, агайга ассистент болуп жүрөт. Үчүнчү жумушу каскадёрлук. Тилекке каршы, ден соолугума байланыштуу эки эле балалуу болуп калдык. Жараткан 25 жылдан кийин бизге баланын ыйлаганын угузду. Неберелүү болуп ушунчалык кубандык. Азыр Эген экөөбүз неберелердин кылыктарына тойбой олтурабыз. Үчүнчү неберебизди чыдамсыздык менен күтүп жаткан учурубуз.

 

Динара ЧОКОЕВА