Лавр жалбырагы - тазалыктын символу

Сиз үйүңүздө лавр жалбырагын бир гана ашканада колдонуп, тамагыңыздын даамын чыгарып жүрөсүз. Бирок бул жыттуу чөптү жашоодогу ар кандай шартта колдонууга болот.

 


Лавр дарагы кайда өсөт?

Лавр дарагы - бул субтропикалык дарак. Дээрлик 400 жылдык тарыхты өзүнө камтыган дарактын мекени - Жер ортолук деңиздин бойлору. Аны жылуу, нымдуу температурада өстүрүү керек делгени менен -15 градуска чейинки суукка туруштук бере алат. Учурда Түркия, Греция, Италия, Франция, Испания, Португалия, Албания, Югославия өлкөлөрүндө өстүрүлүп, кеңири таратылып келет.

 

Пайдалары

Тамак-ашка колдонууда

Лавр жалбырагын биринчи тамактын бышарына беш мүнөт калганда, ал эми экинчи тамактын даяр болушуна он мүнөт калганда саласыз. Тамагыңыз бышкан соң жалбыракты алып салганыңыз дурус. Себеби ашыкча кычкылдыкты бөлүп чыгарат.

 

Жагымсыз жыттарды кетирет

Эгерде сизди оозуңуздан чыккан жагымсыз жыт же болбосо бүйлөлөрдүн сезгенүүсү ойлондуруп жатса, бир күндө бир канча жолу жалбыракты чайнаңыз. Эскерте кетчү нерсе, лавр жалбырагын чайнагандан кийинки бир саат аралыгында эч нерсе жегенге болбойт.

Бутуңуз бат тердеп, жагымсыз жыт чыгып турса, анда жарым литр сууга 20 даана жалбырак салып беш мүнөт кайнатасыз. Андан кийин дагарага куюп, жылуу температурага келгенде бутуңузду салып бир нече мүнөт отуруңуз. Бул ыкманы күнүгө бир жума кайталасаңыз, сизди кубантарлык натыйжа берет.

 

Үйдү тазалайт

Эгерде үйүңүздө оорулуу адам жатса же жөн гана үйүңүздөгү вирустарды кетирип ашыкча бактериялардан арылгыңыз келсе, бир канча лавр жалбырагын жаңы кайнаган сууга 15 мүнөткө демдеп коюңуз. Даяр болгон сууну идиштерге куюп, үйүңүздүн ар кайсы бөлмөсүнө коюп чыгыңыз. Же болбосо бир даана лавр жалбырагын күйгүзүп коюп үйүңүздү тазалай аласыз.

 

Балаңыздын тынч уктоосун камсыз кылат

Чүрпөңүз кечинде уктабай же эртең менен турууда кыйналып сиздин тынчыңызды алып жатабы? Анда лавр жалбырагынан балаңыз жатчу жаздыктын алдына коюп коюңуз. Бул балаңызды тынчтандырып, таттуу уктоосуна шарт түзөт.

 

Тери ооруларын айыктырат

Эгерде сиз аллергия же анын өрчүп кеткен формалары дерматит же псориаз сыяктуу оорулар менен жабыр тартсаңыз, бул ыкмаларды сунуш кылабыз:

Аллергия учурунда беш даана лавр жалбырагын кайнап жаткан 250 грамм сууга салып 15 мүнөт кайнатасыз. Маңыз жылуу абалга келгенде кебездин жардамы менен кызарган жерлериңизди сүртүп, анын өз алдынча кургоосун күтүп туруңуз.

Псориаз же дерматити барлар термоско 10 даана лавр жалбырагын салып, ага 0.5 литр кайнак сууну куюп тиешелүү витаминдерди бөлүп чыгаруусу үчүн эки саатка демдеп коюңуз. Андан соң тамакка чейин күнүнө үч жолудан ичип туруу сунуш кылынат. Же болбосо лавр жалбырагын блендерден өткөрүп майдалап алыңыз. Ага бир чай кашык каймак же болбосо кадимки эле өсүмдүк майын аралаштырып алып, жок дегенде 20 мүнөткө коюп, андан соң гана жара бар жерлериңизге сүйкөңүз.

 

Перекистин ордун басат

Эгерде сиздин кулагыңыз ооруп жатса, бир стакан кайнак сууга эки аш кашык майдаланган лавр жалбырагын кошуп, 1-2 саатка демдеп коюу абзел. Аны менен күнүнө үч жолу кулагыңызды жууп же тамчылатып туруу керек.

 

Ашыкча салмактан арылууга жардам берет

Жалбырактын дагы бир өзгөчөлүгү - организмдеги ашыкча шлактарды бөлүп чыгарып тазалоочу касиетке ээ. Ошондуктан арыктоону каалаган айымдар мүмкүнчүлүктөн пайдаланып калыңыздар. Бул үчүн 300 мл сууга үч даана лавр жалбырагын кошуп беш мүнөт кайнатып алыңыз. Андан кийин термоско куюп төрт саатка демдеп коюп, бир күндө төрт маал, тамактанууга 15 мүнөт калганда бир аш кашык менен ичип туруңуз. Ушул эле суусундукка кара чай кошуп бир күндө алты кружкага чейин ысык бойдон иче берсеңиз, натыйжасы сизди кубантпай койбойт.

 

Геморройдо

25 даана жалбырактын үстүнө үч литр кайнаган сууну куюп 10 мүнөт демдеп коёсуз да, бир күндө бир гана стакандан ичип турасыз.

 

Суук тийүүдө

 Кокус шамалдап суук тийгизип алсаңыз, ал күчөп кетип гайморитке алып келберине эч ким кепилдик бербейт. Ошондуктан мындай кырдаалга туш болбос үчүн 10 даана жалбырактын үстүнө жарым литрдей суу куюп, аны беш мүнөт кайнатып туруп бетиңизди чүмкөп буусуна тосуңуз. Же болбосо бир аш кашык майдаланган лавр жалбырагына 0.5 литр кайнак суу куюп, аны 10 мүнөт кайнатыңыз. Кайнатылган сууну төрт саат тыныктырып, тамактанарга 20 мүнөт калганда күнүнө үч маалдан ичиңиз.

Чачыңыздын майлуулугу артып, андан арыла албай жатасызбы? Анда беш даана лавр жалбырагына 100 г алма уксусун кошуп, бир сутка караңгы жерде, салкын абада кармаңыз. Таза жуулган чачыңызды бул суюктук менен чайкап көйгөйүңүздү чечиңиз. Бул майлуу чачтарга гана эмес, ак чачы барларга да пайдалуу.

Эгерде териңиз кургап, чачыңыз какачтап жатса, 30 даана жалбырактын үстүнө 0.5 литр кайнак суу куюп, үч саатка демдеп коюп чачыңызды жуусаңыз, какачтан биротоло арыласыз.

Чачыңыз көп түшпөй, түптөрүнүн катуу болуусун каалайсызбы? Анда үч саат демделген лавр суюктугуна балды аралаштырып, чачыңыздын түптөрүнө сүйкөп чыгыңыз. Бир саат өткөндөн кийин шампунь менен жууп саласыз. Бул ыкманы бир ай колдонуп, кайра бир ай чачыңызды эс алдырып жасаңыз.

 

Лавр жалбырагы тууралуу пайдалуу кеңештер

1. Лавр жалбырагын жабык идиште, кургак жерде сактаңыз.


2. Лавр жалбырагын жыйналып, сорттолуп алынгандан кийин тогуз ай, баштыкчаларга салынгандан кийин дагы 12 айга чейин сактаганга болот.


3. Лавр жалбырагын салган идишке ным колуңузду салууга болбойт. Кургак гана кол менен алуу талап кылынат.


4. Ашыкча өлчөмдө колдонууга болбойт.


5. Сапаттуу лавр жалбырагынын узундугу 2-5 смге чейин болот.

6. Бат сынган, бетинде тактары бар ачык күрөң түстөгү лавр жалбырагын колдонуу сунушталбайт.


Айгерим ТОКТОБАЙ кызы

Эскертүү: Lady.kg сайтынын материалдары редакциядан уруксат алгандан кийин гана көчүрүлүшү шарт.