Сиздин фигураңыз кандай?: «Алмабы», «алмурутпу» же «бананбы»?

Белгилүү болгондой айымдардын фигурасы ар кандай түрлөргө бөлүнөт. Организмге майлар да дал ушул фигуранын түрлөрүнө жараша чогулат. Андыктан алгач өзүңүздүн фигураңыздын кайсы түргө кирерин билип алыңыз да, андан кийин денеңиздин бул же тигил бөлүгүндөгү ашыкча салмактан арылуунун камын көрүңүз.

 

«Алма» фигурасы

Эгерде белиңиздин өлчөмүн жамбашыңыздын өлчөмүнө бөлгөндөгү сан 0,75тен жогорку санды көрсөтсө, анда сиз «алма» фигуралуу айымдардын катарына киресиз.

«Алма» фигуралуу аялдарды белинин жоктугунан айырмаласа болот. Ал эми курсагы болсо тез чоңоёт да, андан арылуу кыйынчылыкты туудурат. Мындай айымдар үчүн эртең мененки тамакка таттуу эмес жемиштерди жана дан азыктарынан жасалган ботколорду жеген пайдалуу. Алар каймакмай, каймак сыяктуу азыктарды рационунан азайтып, жаныбарлардын майларынан таптакыр эле баш тарткандары оң. Алар үчүн балык, буурчак өсүмдүктөрү, жаңгак пайдалуу.

«Алма» фигуралуу айымдар бир аз да болсо белин ичкертип алууга болот. Кантип? Эң негизгиси – туура тамактануу. Эгерде туура тамактануунун эрежеси сакталбаса, бир дагы көнүгүү, бир дагы диета жардам бере албайт. Мындай айымдардын организмине тамак менен суу бирдей өлчөмдө барууга тийиш. Алар пайдаланган азыктар минералдарга, витаминдерге бай болушу керек. Ал эми курамында шекер, май, крахмал бар азыктарды өтө аз, колдон келсе таптакыр жебей эле койгондору жакшы.

 

 

«Алмурут» фигурасы

Аягында чыккан сан 0,65тен аз санды түзсө, анда сиздин фигураңыз - «алмурут». Статистикалар көрсөткөндөй, дал ушундай фигуралуу айымдар эркектердин кыялындагы айымдар.

Май мындай аялдардын жамбашына келип чогулат. Алар целлюлитке жакын болушат. Маселени кантип чечсе болот? «Алмурут» фигуралуу айымдар күрүч, картошка сыяктуу крахмалга бай азыктарды жана макарон азыктарын өтө аз пайдаланууга тийиш. Жегенде сөзсүз түрдө көк чөптөр менен жеш сунуш кылынат. Помидорду жана помидор ширесин көбүрөөк пайдаланса болот. Анткени алар зат алмашуу процессин жөнгө салат.

 

 

«Кум сааты» фигурасы

Аягында чыккан сан 0,65тен 0,75ке чейин болсо, анда сиз «кум саатысыз» жана эң келбеттүү айым болуп эсептелесиз. Анткени мындай келбеттүү болуу - ар бир айымдын кыялы.

Мындай фигурага ээ болуунун жакшы жери толуп кетүү коркунучу жаралган учурда аларга эч кандай диетага отуруунун кажети жок. Болгону жеген тамагынын порциясын бир аз азайтып коюу жетиштүү болот. «Кум сааты» фигуралуу айымдардын жамбашына май чогулат. Мындай учурда алар «кум саатынан» «алмурутка» айланышат. Кудай белек кылган мындай келбетин жоготууну каалабагандар таттуудан, ак ундан жасалган нандан жана башка нан азыктарынан , жемиш кактарынан, жаңгактын түрлөрүнөн баш тартуулары керек. Аларга белок диетасы сунуш кылынат. Ошондой эле тоок этин, балыкты, жумуртканы, аларга кошуп көк чөптүн түрлөрүн көп жеш керек.

 

 

«Банан» фигурасы

Аягында чыккан сан 0,75 болсо, анда сиз «банансыз».

«Банандарда» ашыкча салмак деген маселе дээрлик болбойт. Алар каалаган нерсесин ылгабай жегенине карабай келбети эч өзгөрүүсүз кала берет. Эгерде май чогулса, курсакка чогулат. Анын алдын алуу үчүн шекерден, шоколаддан, кофеден алысыраак болгон жакшы.

Анан да бардык калориялуу, майлуу тамактарды жей берүүнүн кереги жок. Мындайда ашыкча салмак кошулбаганы менен зат алмашуу бузулуп, өнөкөт оорулардын пайда болуу коркунучу күч. Майлардан жүгөрү, күнкарама, зайтун майын көп колдонуу сунуш кылынат.

 

Нуриса БАЯЛИЕВА