Өсүмдүктөрдүн ак сөөгү-орхидея

Орхидея – өзүнүн кооздугу менен адам баласын суктандырып келет. Бул гүлгө байланышкан көптөгөн уламыштар менен ишенимдер бар. Антарктидадан башка бардык континенттерге таралган бул өзгөчө өсүмдүк чындыгында эле өзүнчө кеп кылууга арзыйт экен.

 

Орхидея тууралуу кызыктуу фактылар:

Орхидеянын пайда болуу тарыхына байланыштуу ар түрдүү уламыштар айтылып келет. Биринде орхидея талкаланган күн желесинин сыныктарынан пайда болгон делсе, дагы биринде болсо сулуулуктун жана cүйүүнүн кудайы Афродитанын бут кийими жоголгон жерде өсүп чыккан деп айтылат.

Бүгүнкү күндө орхидеянын 35 миң түрү бар жана ал дүйнөдөгү бардык өсүмдүктөрдүн 10 пайызын ээлейт. Окумуштуулар тарабынан дагы деле жаңы түрлөрү табылууда.

Анын 17 миңдей түрү жоголуп кетүү коркунучунда турат.

Өлчөмү боюнча эң кичинекейи оймоктун ичине батып кетсе, эң чоңу 30 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Орхидеянын айрым түрлөрү 100 жылга чейин жашайт.

Орхидеянын айрым бир түрлөрүнөн ваниль жана суусундук жасалат. “Салеп” деп аталган ал суусундук ичкен адамга күч берип, көпкө чейин ток кармайт.

Бул гүл өзүнүн формасынын уникалдуулугу менен таң калтырат. Мисалы, жөргөмүш, ак куу, көгүчкөн, аары, кескелдирик жана башка формалардагы орхидеялар бар.

 

Өзгөчө формадагы орхидеялар

Маймыл орхидея – бир көргөндө фотомонтаж деп ойлошуңуз мүмкүн. Бирок чындыгында орхидеянын так ушундай түрү бар. Маймыл орхидея Перунун, Колумбиянын, Эквадордун бийик тоолуу райондорунда өсөт. Жыты болсо апельсин буркурайт.

 

 

  Көпөлөк – орхидеянын бул түрү да өзгөчө.

 
 
 

Күлүп жаткан аары – Ачык жана ала-була түстөгү бул гүл бүт дүйнөгө күлкү тартуулаган аарыны эске салат.

 
 

 Чулгоолонгон балдар – Жалбырактын арасында катылган көрүнүш уктап жаткан ымыркайдын кебетесин    элестетет.

 

Учуп бара жаткан өрдөк – Бул орхидея өтө кичинекей, ошондуктан гүлү да чоң эмес. Бирок кандай гана кайталангыс! Учуп бара жаткан өрдөктүн формасындагы орхидея Түштүк жана Чыгыш Австралияда өсөт.

 

 

 Чоң ак көк кытан – Японияда өскөн бул орхидея коргоого алынган өсүмдүктөрдүн тизмесине кирген.  Бажырайыган чоң ак жалбырактарынан улам көк кытан деген аталышты алган.

 
 

Балерина – орхидеянын бул түрү болсо кадимки эле бийлеп жаткан кызды элестетет.

 

 

Орхидея тууралуу ишенимдер

Гүлдүн бир өзгөчөлүгү – магиялык күчкө ээ экенинде. Ал терс энергияны кубалоо үчүн жардамга келет. Гүлдүн магиясы менен үйүңүздү жакшы энергияларга толтуруп, терс энергиядан арылтууга, ийгиликти тартууга мүмкүн. Ал эми үйүңүзгө жаман ою бар адам келсе, ал көпкө тура албайт. Анткени орхидея өзүнүн энергиясы менен аны кубалап жиберет.

Орхидея өтө назик жана аял кишиге таандык гүл. Ал моралдык жактан да, физикалык жактан да эргүү, сулуулук, ажар, назиктик, жумшактык жана башка аялдык сапаттарды алып келүүчү өзгөчө мүнөздүү тумар болуп саналат. Андыктан аны аял киши убактысын көбүрөөк өткөрчү жерге, мисалы, ашканага өстүргөн туура.

Ал эми эркек киши орхидеянын жанында көп боло турган болсо, анын мүнөзү өзгөрүп жумшак, назик тартып кетет деген ишеним бар.

Гүлдүн активдүүлүгү түн ичинде өтө жогорулап кетет. Андыктан түн уйкуңуздун тынч болушун кааласаңыз, аны уктоочу бөлмөгө өстүрбөңүз.

Орхидея адамдарга түсүнө жараша таасир берет: кызыл түстүү орхидея – ишке болгон жөндөмдүүлүктү арттырат, сары – чыгармачылык эргүү берет, ак – универсалдуу, ал тынчтыкты чакырып, бөлмөнүн ичине толгон чыңалууну жоготот.

 

 

Бөлмө орхидеясына кантип кам көрүү керек?

Үй шартында өстүрүлгөн орхидеянын эң кеңири жайылган түрү – фаленопсис деп аталат. Анын мекени Индия болуп эсептелинет. Фаленопсис бийиктиги 20дан 90 сантиметрге чейинки бийиктикте өсүп, ар кандай түстөгү гүл ачат. Ачылган гүлү 3-4 ай, эгер кам көрүү жакшы болсо жыл бою деле тура берет.

Фаленопсис гүлү жылуу жана нымдуу чөйрөнү сүйөт. Күндүз 22-30 градус, түнкүсүн 15 градустагы жылуулук бул өсүмдүктүн гүл ачуусуна эң жакшы шарт түзөт. Үйдөгү ага эң ылайыктуу жай – чыгыш тараптагы терезенин текчеси.

Орхидеяны жылуу суу менен сугаруу зарыл. Бир жумада бир жолу суу куюп, бир жолу жөн эле чачып турсаңыз болот. Чачканда да жылуу, таза суу пайдаланганды унутпаңыз.

Орхидеянын тамыры өтө назик болот. Аны күйгүзүп албоо үчүн башка гүлдөрүңүзгө караганда эки эсе аз жер семирткич пайдаланыңыз.

Бул гүлдү 2-3 жылда бир жолу жазгы маалда көчүрсөңүз болот. Көчүрүүнү да, кам көрүүнү да канчалык чын көңүлүңүз менен жасап, гүлгө канчалык жылуу мамиле кылсаңыз, ал ошончолук бажырайып ачылып, бөлмөңүздү көрккө бөлөп турат.

Орхидея гүлүн өстүргөн Сазида Абдувалиева: «Орхидеянын тамыры - анын эң назик жери»

Орхидея гүлү - негизинен тропикалык токойлордо өскөн, нымдуулукту сүйгөн өсүмдүк. Үй шартында да аны кайна­-
тылган карагайдын чирин­-
дисине өстүрүү кажет. Гүл челекти бөлмөнүн жарык, бирок күндүн нуру түздөн-түз тийбеген жерине койгон жакшы. Орхидеяны тамырына карап сугаруу керек. Эгер гүлдүн тамыры жашыл болуп турса, анда сууга муктаж эмес болот. А эгер тамыры бозоруп, кургап бараткан болсо, анда сугаруу маалы келгенин билдирет. Бирок күн сайын чачыратуу жолу менен жалбырактарына нымдуулукту жеткирип туруу керек. Орхидеянын тамыры анын эң назик жери жана ал жарык көрүп туруусу керек. Ошондуктан гүлдү айнек же пластик идишке отургузуу талапка ылайык.

 

Ширин Турдакунова