Нурлан АБДРАХМАНОВ, актер: “Бала кезде көргөн жомокторго таасирленип актёр болуп кеттим окшойт”

Азыр эл үйлөнүү тойлорду эле эмес, жентек той, бешик той, тушоо той, сүннөт тойлорду да өзгөчө өткөргөнгө аракет кылышат. Балаңыздын кичинекей кечесин шаңга бөлөп, жомоктогу каармандар менен эсте каларлык майрам тартуулаймын деген кыялыңызды орундатууга убакыт келди. Кантип дейсизби? Бул тууралуу “Эрк” театрынын негиздөөчүсү, актёр Нурлан Абдрахманов кененирээк айтып берсин.

– Нурлан мырза, биздин редакцияга кош келипсиз, сиздин балдарга арналган театр ачууңузга эмне себеп болду?

– Саламатсыздарбы, негизи мен балдарга жакынмын. Бала менен бала болуп ойноп кете алам. “Балдар” радиосунда наристелерге аңгеме окуймун, балдарга арналган “Таалимтай” көрсөтүүсүнө көп тартылам. Айтор, балдар дүйнөсү мага кызык. Аларды жомок дүйнөсүнө алып барып бийлетип көңүл ачуу менен бирге жан дүйнөсүнө таасир калтырып, тарбиялаганга аракет кылабыз. Учурда мамлекеттик театрларга да эл келбей калбадыбы. Биздин максат - театрды тойлорго, балдар бакчаларына, мектептерге алып барып көрсөтүп балдарды кызыктыруу. Бул аркылуу бала менен каармандар арасында жандуу байланыш түзүлүп, өтө жакшы жыйынтык берет. Костюмдарыбыз да кызыктуу.

– Тойлордон сырткары бала бакча, мектептерге да барып жомок көрсөтөсүздөрбү?

– Албетте, биз көбүнчө балдарга басым жасагандыктан, репертуарыбызда аларга ылайыкталган жомоктор, спектаклдер бар. Мына окуу жылы башталганы турат, алдыда өлкөбүздүн аймактарына гастролдорду баштайбыз. Мектептерге, бала бакчаларга, клубдарга спектакль коюп балдарга майрам тартуулайбыз. Алыскы райондорго 6 жылдан бери театр бара элек деп жатышат. Кудай буюрса, ошол жакка чейин жетип балдардын жүрөгүндө бир сезимдерди калтырсак дейбиз. Мисалы, мен кичине кезимде көргөн мультфильм, жомокторго таасирленип, ошондогу элестер бүгүнкү күнгө чейин менин жүрөгүмдө жашап келет. Ошол сезимдер мени чыгармачылык дүйнөгө, балдар ааламына, боорукерликке алып келди болуш керек. Азыр эми илгеркидей жомокторду койсок балдар тартылбайт. Анткени алардын көз караштары башка. Ошондуктан бүгүнкү күндүн каармандарын алып чыкканга, мурунку жомоктордун каармандарын заманбапташтырып койгонго аракет кылып жатабыз.

– Жакшы экен, жомок жана спектаклдерден кийин балдардын сезимдерин байкай алдыңыздарбы?

– Балдар аябай жакшы кабыл алышууда. Алар чоңдордой болуп сын көз караш менен карашпайт, түз кабыл алышат. Бирок кичине эле чындыкка жакындабаган калпты байкап калса дароо айныйт. Бир жолу балдар бакчасында “Кетпечи” деген жомок коюп жатсак турнанын баласын мышык жейин деп жатса 5 жаштагы бала: “Кач, келбе бул жакка, мышык жеп кетет!” - деп кыйкырып жомоктун ичинде жүрөт. Кийин жомок бүткөндөн кийин апасы ээрчитип келип: “Турна болуп сүйлөшүп койчу?” - деди эле турнанын баласы болуп бөбөк менен сүйлөшүп жатсам, турнанын баласына аябай акыл айтты. “Макул анда, досум, мен кеттим”, - деп коштошуп чыгып кетсем. “Шашпа, мышыкка мен көрсөтөм”, - деп кобуранып сүйлөнүп баратат. Бул баланын жоругу бизди аябай кубандырды. Эмгегибиз текке кетпеген экен да.

– Андан сырткары тойлордо шоу көрсөтөбүз деп калдыңыз?

– Ооба, балдардын тоюнан баштап үйлөнүү тойлорго чейин кар жаадырып, көбүк чачыратып, жалтыраган кооздуктарды чачып, залды тумандатып балдарды эле эмес, чоңдорду да жомок дүйнөсүнө алып барып келебиз. Бул видеого да, сүрөткө да аябай жакшы түшөт. Буюрса, мындай шоу эффекттер менен чоң концерттерге чыгабыз деген ниетибиз бар. Биздин дагы бир максатыбыз шоу аркылуу театрга кызыктырсак дейбиз. Шоу менен философиянын айкалышуусу жакшы жыйынтык берет.

– Театрыңардын атын эмне үчүн “Эрк” деп атап алдыңар эле?

– Кыргыздар бир кичинекей ишти деле “анан кылалычы, эртең кылалычы” деп ошону менен эркибиз бошойт да, эртеңкиси эртесине жылып отуруп эч нерсе ишке ашпай калат. Ошондуктан эрктүү болуп максатыбызга жетели, жаштарды эрктүүлүккө тарбиялайлы деген ниетте ушул атты койгонбуз. Бизде 4 киши уюштуруу иштери менен алектенет. Андан сырткары Кыргызстандагы бардык артисттер менен иштешебиз. Алар менен бир айдан бир жылга чейин келишим түзүп алабыз. Келинчегим Нуржан Качкынбекова - театрдын менеджери. Өзү “Достук” радиосунда үн режиссёру болуп иштейт.

– Театр менен таанышып алдык, эми өзүңүздү да кененирээк тааныштыра кетсеңиз?

– Мен өзүм Көлдөн болом, Бишкек шаардык драмалык театрда актёр болуп 10 жыл иштедим. Андан соң режиссёрлукка кызыгып Ташкентте “Илхом” театрында Орто Азиядагы режиссёрлордун лабораториясынан окуп сертификат алып келгем. Бул боюнча Москвадан да окуп келдим. Андан сырткары телевидениеде кино, мультфильмдерде үн коштойм. “Даңазалуу доор”сериалында Мустафанын, “Жашоо сүртүмдөрүндө” Рыфаттын үнүн коштогом. Элден калбай тамадалык, алып баруучулук да кылып жүрөм.

– Маегиңизге рахмат, ушинтип элге кызмат кыла бериңиз.

Гулиза Алимбекова