Гречка – дан азыктарынын ханышасы

Баарыбызга белгилүү гречка дүйнөгө дан азыктарынын ханышасы катары таанылган. Ал азыктык өзгөчөлүктөрү, даамдуулугу жана негизгиси ден соолукка тийгизген пайдасынан улам мындай атка ээ болгон. Гречка эмнеси менен мынчалык пайдалуу болду экен, көз жүгүртүп көрөлү.

 

Темир. Гречка өзүнө темирди камтыганы боюнча эң алдыңкы орунда турат. Бул жагынан эт менен дээрлик бирдей деңгээлде турат. А темир кандагы эритроциттердин калыптанышын шарттап, гемоглобинди жогорулатарын баарыбыз эле билебиз. Мына ушул себептен улам дарыгерлер аз кандуулук менен ооругандарга гречканы сунушташат.

 

Калий. Анын курамындагы калий кан басымынын туруктуулугун камсыздап келет.

 

Рутин. Рутин кан тамырларынын морттугун токтотот. Тагыраагы, операциядан кийин кеткен кандын бат токтошун камсыздайт. Бул айрыкча улгайыңкы жана кош бойлуу айымдарга маанилүү болуп саналат.

 

Кальций. Ал эми кальций сөөктүн морт болушунан, тырмактын жука болушунан жана кариестен сактайт.

 

Фолий кычкылы. Гречка кош бойлууларга да абдан пайдалуу. Анткени курамындагы фолий кычкылы түйүлдүктүн баш мээсинин жана нерв системасынын туура калыптанышын шарттайт. Аны менен катар фолий кычкылы кан айланууну нормалдаштырып, жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооругандарга жардамын тийгизет.

 

Жез.Курамындагы жез болсо чачы түшүп жаткандарга пайдалуу. Ошондуктан муну сулуулук азыгы катары да рационуңузга киргизип алсаңыз болот.

 

Магний. Ал эми магний болсо депрессиялык абалыңыз менен күрөшүп, нерв системаңыздын иштешин жакшыртат. Ошондой эле чарчоодон арылтат.

 

В2 жана В9 витамини. Бул витамин адамдын организминдеги уулуу заттарды, токсиндерди айдап чыгарат. Ошондой эле адамдагы клеткалардын улам жаңыланып турушун камсыздап келет.

 

Фосфор. Бул элемент адамдын боору үчүн пайдалуу болуп саналат. Ошондой эле сөөктөрдүн бекем болушун шарттайт.

Кобальт. Адамдын организминде белоктордун пайда болушун камсыздоочу касиетке ээ болуп эсептелет. Кант диабети жана кан рагы, СПИД болуп ооругандарга зарыл элемент катары билинет.

 

Гречка төмөндөгү учурларда пайдалуу болуп саналат:

гемоглобин төмөн болгондо

холестерин жогору болгондо

кан коюуланып бат уюган учурда

кант диабетинде

ашыкча салмактан арылууда

жүрөк-кан тамыр ооруларында

геморройдо

нерв системасы бузулуп жабыркаганда

Мындан тышкары дарыгерлер гречканы адам өзүн алсыз, чарчаңкы жана такай стресс абалында сезген учурда да сунуштап келишет. Анткени гречка допамин гормонунун пайда болушун камсыздайт. Ал болсо депрессиядан бат чыгып кетүүгө шарт түзөт.

 

Гречкадан жаздык да жасалат

Гречка азык катары гана колдонулбастан, жаздык жасоого да пайдаланылат. Андан жасалган жаздык терди өзүнө сиңирип алып, температуранын туруктуулугун камсыздайт. Бул жаздыктардагы массаж эффектиси моюнда бырыштардын пайда болушун алдын алат. Ошону менен бирге кош ээк болуудан арылтат. Чачтардын коюу болуп жакшы өсүшүн да шарттайт. Анткени массаж кылуу аркылуу кандын чачтын тамырларына жетүүсүнө өбөлгө түзөт. Адистер гречкадан жасалган жаздыктарды спортсмендерге, айдоочуларга, физикалык оор жумуштарда иштегендерге жана дагы ден соолугуна кам көргөн бардык адамдарга сунушташат. Анткени бул жаздыктардын сколиоз, остеохондроз, артрит, радикулит, неврит сыяктуу бир топ оорулардын алдын аларын ырасташат. Алардын бири - гречкадан жаздык жасап элинин ден соолугуна кам көрүп жүргөн мекендешибиз Арстан Кадыров.

 

Арстан КАДЫРОВ: “Гречка өстүрүп кабыгынан жаздык жасап жатабыз”

– Арстан мырза, сиздер жасап жаткан жаздыктардын ден соолукка тийгизген пайдаларын өзүңүз байкай алдыңызбы?

– Албетте, анын ден соолукка кандай таасир этерин алгач изилдеп чыктык. Кантип дебейсиңби? Жанагы жаздыкты машинамдын олтургучуна салып алып бүтүндөй Кыргызстанды тегеренип чыктым. Ушундан улам натыйжасын эң сонун байкадым. Мисалы, көпкө жол жүргөндө жамбаш талып, адам аябай чарчап кетет го. Жаздыкты колдонгондо ушул нерсе болбойт экен. Экинчиден, тердетпейт. Үчүнчүдөн, бир жылга чукул такай колдонсо, геморройго да жардам берет экен. Андан сырткары эркектердеги простатит оорусунун алдын алат экен. Ал оору кан жүгүрбөй калгандан пайда болот да. Бул жаздыктардын массаждык натыйжасы бар болгондуктан, ага жол бербейт. Ал эми башка жазданып жатчу жаздыктар остеохондроз болгондорго аябай жакшы жардам берет. Терчилдер үчүн да табылгыс буюм. Жаздыктын ушул өзгөчөлүгүн текшерүү максатында “бир күндө 2-3 жаздык алмаштырабыз” деп даттанып жүргөн аябай терчил досторубузга колдонууга бердик. Алар жаздыктын таасирин өз көздөрү менен көргөндөн кийин үй-бүлөсүнүн баарына алып кетишти. Биз чыгарган бул жаздыктарды 3 жылдан 5 жылга чейин колдонууга болот.

– Бул пайдалуу жаздыктарга суроо-талап кандай болууда?

– Чынын айтканда, азыр бизди эл жакшы тааный элек. Билгендер гана келип алып кетип жатышат. Биз башында тааныштарыбызга сунуштап сата баштаганбыз. Учурдагы кардарларыбыз – ошол тааныштарыбыз аркылуу келгендер. Кызыккандар үчүн маалымат бере кетсем, азыркы учурда жаздыктар Бишкек шаарында гана “Таатан” соода борборунда сатылып атат. Андан сырткары биздин фирманын жеткирүү бөлүмү бар. Аларга чалуу аркылуу сатып алса болот (0706 63 79 79). Бааларын аябай ыңгайлуу койдук. Отургучка койчу жаздыктын баасы - 500 сом. Ал эми башка жазданып жатчу жаздык 600 сом турат. Дүң түрүндөгү баасы мындан да арзан.

– Өзүңүз мурда гречка өндүрүп көрдүңүз беле?

– Жок, мурун гречка өндүрүп көргөн эмесмин. Жумгалда менден мурун башкалар гречка өстүрүп көрүшүптүр. Анан кабыгын аарчыган станоктор жок деп ошол бойдон токтоп калыптыр. Биз гречканын уругун Алтайдан алып келип, ошону сээп көрдүк. Биринчи жолу жакшы чыкпай банкрот болдук. Анан былтыр жолдорун дагы жакшылап изилдеп, кайрадан септик. Кудай буюрса, бул жылы түшүм жакшы болду.40 гектар жерге гречка эктик эле, азыр 15 тоннадай түшүм алдык. Дагы баарын чаап бүтө элекпиз. Гречканы атайын станоктун жардамы аркылуу даны менен уругун ажыратып экиге бөлүп алабыз. Анын даны менен Кыргызстандын ички базарын камсыздап супермаркеттерге таратып, базарларга сатып атабыз. Ал эми кабыгын болсо жууп-тазалап, атайын ыкмалардын негизинде иштеп чыгып, андан соң гана жаздык жасап жатабыз. Мисалы, 1 тонна кабык болсо, атайын жогорудагыдай тазалоо кылгандан соң 500 кг жараксыз болуп, 500 кг гана жаздык жасаганы жарактуу болуп калат.

– Жеке ишкерлик менен качантан бери алектенесиз?

– Өзүм жеке ишкерлик менен 1997-жылдан бери эле алектенип келдим. Жумгалга уюлдук байланыш жаңыдан гана кирип жаткан учурда досум экөөбүз СМС аркылуу бирдик салган дүкөндөрдү ачып, Кыргызстанга ошол системаны киргизгенбиз. Кийин ал фирманы сатып жиберип башка тармактарда улам изденип иштеп жатабыз. Учурда Москвадагы Кыргызстандын 7 областынын жана Бишкек шаарынын өкүлдөрү түзгөн “Эл аралык ишкерлер ассоциациясынын” Кыргызстандагы өкүлүмүн.

А гречкадан жаздык жасоо идеясын мурунтан эле ойлоп келгем. 3 жыл мурда бул оюмду айтсам, “Эл аралык ишкерлер ассоциациясы” идеямды колдоп кубатташты, технологиясын өздөрү үйрөтүштү. Анан“Эко-Сонун” деген компанияны негиздеп, чогуу чыгара баштадык.

 

Айзирек Урматбекова

Эскертүү: Lady.kg сайтынын материалдары редакциядан уруксат алгандан кийин гана көчүрүлүшү шарт.