Тилек Мирбек уулу: “Сөөк рагына чалдыккан келинчегимдин жанынан карыш жыла элекмин”

Редакциябызга ар кандай оор тагдырга туш болгондор, аты жаман ооруга чалдыккандар кайрылып кайгысын окурмандар менен бөлүшүп келишет. Бул жолу редакциябызга баш баккан Тилек аттуу мырза келинчегинин оорусу, кыйынчылык күндөрү тууралуу айтып элден жардам сурады.

 

“Келинчегим буту сынык боюнча уул төрөдү”

– Келинчегим экөөбүз 4 жыл сүйлөшүп жүрүп былтыр февраль айында баш кошконбуз. Бактылуу күндөрүбүз бир жылга жетип-жете электе, тактап айтканда, мартта келинчегим үйдөн жаздыкка чалынып жыгылып кетип эле жамбашын сындырып алды. Ошондон баштап бизде азаптуу күндөр башталды. Анткени сынган жамбашы такыр бүтпөй койду. Жыгылган кезде Айгеримдин 6 айлык боюнда бар болчу. Кош бойлуу учурунда рентген, томографияга түшкөнгө болбойт турбайбы, эптеп бир айды өткөрүп, бутунун сыныгы боюнча бала 7 ай болгондо кесарево жолу менен келинчегимди төрөтүп алдык. Кудай буюруп уулдуу болдук. Уулумдун атын атам Акжол деп койду. Бала 7 айлык төрөлгөндүгү үчүн вакуумда жатып чоңойду. Келинчегиме баланы эмизгенге догдурлар уруксат беришкен жок. Анткени тиешелүү текшерүүлөрдөн өткөндөн кийин догдурлар келинчегимдин сөөктүн онкологиялык ооруга чалдыкканын айтышты. Ошентип уулум менен келинчегим ооруканада экөө эки жакта жашоо үчүн күрөшүп жатышты. Оорунун залалдуу же залалсыз экенин аныктоо үчүн жалпы наркоз берип операция жасап, сөөктөн кесип алыш керек экен. Айгерим жаңы эле кесарево болгонуна байланыштуу ал операцияны көтөрө албайт деп ооруканадан чыгарып беришти. Үйгө алып барып 2 ай аябай жакшы карап, өзүнө келгенде кайра операцияга алып бардык. Бизди сүйүндүргөнү – анализдин жыйынтыгы боюнча рактын залалсыз түрү экен, демек, дарыланганга болот.

 

“Москвадан врач тапканда жашоого болгон үмүтүбүз жанды”

– Сөөктүн рагын биздин Кыргызстанда, атүгүл Казакстанда да дарылай алышпайт экен. Бул оору эмнеден пайда болуп, эмнеден күчөгөнү медицинада жок, изилденбептир. Айлабыз кетип чет мамлекеттердин кыйын догдурлары менен байланышып келинчегимди айыктыра турган врач издей баштадык. Түркия, Израиль, Германия, Франциянын клиникаларына байланышка чыгып сүйлөшүп жаттык. Бирок алар кымбатыраак экен. Москванын бир клиникасы менен сүйлөштүк, алар дарылай аларын айтышты. Ошондо гана бизде жашоого болгон үмүтүбүз жанды десем болот. Айгеримдин жамбаш сөөгүнүн ийилген жери сынгандыктан бул жерди дарылап протез салыш керектигин айтышты. Сабырбек Жумабековго барсак:“Протез салабыз, бирок ракты дарылап туруп салбасаңар протези кармабай түшүп калат”, - деди. Ошентип Москванын бир клиникасына дарылатууга токтолдук. Врачка жолукканыбызда ал: “Дарылаймын, бирок алгач тамагын текшерткиле. Анткени сөөк структурасын жоготкондо тамактагы без чоңоюп кетет. Ал ооруну күчөтөт, ошону алдырсаңар жакшы натыйжа берет”, - деди. Эми Айгеримдин тамагына Улуттук госпиталдан операция жасалат. Ошондон кийин жакшылап карап иммунитетин көтөрүп, гемоглобинин көбөйтүп, анан октябрда Москвага алып барабыз деп пландап жатабыз.

“Анализдери өтө начар болгону менен келинчегим өзүн жакшы сезип жатты”

– Москвадан бул врачты тапкандан бери азаптуу күндөр артта калып, тумандан жарык тапкансып алдыга жетеленип калдык. Болбосо эртең эмне болорубузду билбей эле отуруп калганбыз. Догдурлар: “Ашып кетсе бир жарым гана ай жашашы мүмкүн, акчаңарды коротуп карата бербегиле”, - деп үйгө чыгарып салган да. Бирок оорусу тууралуу такыр келинчегиме айткан жокпуз. Ал эмне болуп ооруп жатканын деле толук билбейт. Ошондон уламбы, өзүн сезүүсү аябай жакшы болду. Тамакка болгон табити да жакшы, өтө деле арыктап ооруга өзүн алдырган жок. Догдурлардын таң калганы мындай оору менен адам өзүн мынчалык жакшы сезбеш керек эле деп түшүнбөй жатышты. Себеби анализдери өтө начар чыгып жатты да. Мен 6 айдан бери иштеген жокмун, келинчегимдин жанынан кадам жылбадым. Баламды менин ата-энем багып жатышты. Келинчегимди кайнене-кайнатамдар карады. Алар менен 6 айдан бери мен да ошол жактамын. Акыркы бир айда Айгеримде аябай жакшы жылыш болду. Мурун кыймылдай албай чалкасынан эле жатса, азыр капталдап жатып, майыптар арабасына отуруп калды. Чет элдик врачтардан кеңеш сурап Америкадан кальций алдырып бердик эле. Химикаты жок жалаң чөп дарылар экен. Ошонун да таасири тийди окшойт.

 

“Баары бир бир жери сынмак экен”

– Көрсө, бул ооруда сөөк борпоң болуп кетет экен. Келинчегим жыгылбаса деле курсагындагы бала чоңойгондо салмакты көтөрө албай баары бир бир жери сынмак экен. Мосвадагы врачтар: “Баш-аягы дарылаганга 30 миң доллар кетет”, - деп жатышат. Алгач дарылап протез салбай бутуна тургузганга аракет кылабыз дешти. Эгер протез салынбай калса 30 миң доллардан азыраак кетип калышы мүмкүн экен. 500 долларлык дарыны 6 ай алат экен, бир жарым миң долларга бутуна корсет алышыбыз керек дешти. Айтор, андан сырткары протезге чейинки дарыланганга 10 миң доллардай коройт экен. Дарылардын арзандары 20 миң сомдун тегерегинде деп айтышты. Буга чейин жакындарыбыздын, туугандардын жардамы менен дарылап келдик. Эми кайрымдуу адамдардан жардам сурап жатабыз. Жакшы адамдар кайрымдуулук концертин уюштуруп берип жатышат. Кудай буюруп келинчегим бутуна туруп кетсе экен, балдарым менен чогуу бактылуу күндөрүбүздү улантсак экен деп колдон келишинче аракет кылып жатам.

Айгеримге жардам көрсөтүүнү каалагандар ЭлСОМ капчык номери аркылуу каражат которсоңуздар болот, эсеби: 0700360001

 

Нуриса БАЯЛИЕВА