Студент ыктыярчылыктан эмне пайда табат?

Студенттер үчүн шаар турмушунда окуу менен бирге алып кетүүгө мүмкүн болгон өтө көп кызыктуу иштер бар. Мисалы, өзүңдүн эле окуу жайдагы ийримдерге, КВНге, студенттик кеңештин мүчөсү катары ар кандай иш-чараларга катышсаң болот. Мына ошолордун ичинен ары пайдалуу, ары кызыктуу болгон иш - ыктыярчылык тууралуу төмөндө сөз кылабыз. Кызыгы, ыктыярчылык студенттердин, деги эле адамдардын түрдүү жөндөмдүн ээси болоруна карабай бардыгынын башын бириктирчү иш болуп саналат.

 

    Ыктыярчы деген ким?

Күнүмдүк турмушубузда ыктыярчы же волонтёр деген терминди угуп эле жүрсөк да, ал ким жана эмне иш кылары жөнүндө баарыбыз эле биле бербейбиз. Эмесе, ыктыярчы ким экенин анализдеп көрөлү. Ыктыярчы - кайсы бир ишти өзүнүн көңүлү менен аткарып, аткарган иши үчүн эч нерсе, анын ичинде акчалай төлөм талап кылбаган адам. Көпчүлүк ыктыярчылар белгилүү бир коомдук уюмдарга катталып, ошол уюм аркылуу түрдүү иштерди жасашат. Алар кыз, эркек, улуу, кичүү адамдар болушу мүмкүн. Бирок ыктыярчылык менен көбүнчө студенттер алек болушат.

 

     Ыктыярчылык эмнеси менен пайдалуу?

Кээ бир адамдар табиятынан тартынчаак болушат дагы уялчаактыктын азабын далай тартышат. Ал эми сен ыктыярчылык менен алектенүүнү чечсең сөзсүз түрдө сени жаңы тааныштар, өзүңө окшош ой жүгүрткөн пикирлештер курчай баштайт. Алар менен бирге түрдүү иш-чараларга, акцияларга катыша аласың. Бул өз учурунда сендеги коммуникативдик, лидерлик сапаттардын өнүгүүсүн шарттайт.

Көптөгөн коомдук уюмдар убак-убактысы менен башка аймактарга семинар, акцияларды уюштуруу үчүн чыгып турушат. Ушундай образда ыктыярчы бекер саякаттоого мүмкүнчүлүк алат. “Окуу учурунда аймактарга чыгып, окуумдан аксап калам ” деп тынчсыздануунун кажети жок. Себеби коомдук уюмдар студент-ыктыярчыларга окуусуна залал келтирбей турган акыбалды түзүп беришет.

Студенттер окууну бүткөн соң иш таба албай кыйналган учурлар көп кездешет. Эгерде сен окуу жылдарында эле ыктыярчылык менен алектене баштасаң, кийин жумуш табуу кыйла жеңил болот. Керек болсо кээ бир уюмдар активдүү ыктыярчыларынын арасынан өздөрүнүн критерийлерине туура келген студентти жаңы вакансияга сунуштоосу да толук мүмкүн. Ошондой эле ыктыярчылык бул ишкерликтин башаты деп айтылат. Себеби ыктыярчылык тажрыйбасы бар студент ишкерлик чөйрөсүнө аралаша турган болсо, аны өтө жеңил алып кетет.

Азыркы убакта иш алып барып жаткан коомдук фонддор, уюмдар студент- ыктыярчыларга эмгек акы төлөп бербесе дагы ар кандай жеңилдиктерди түзүп берип жатышат. Мисалы, айрымдар мыкты ыктыярчыларга ай сайын стипендия бөлүп берсе, айрымдары студенттердин окуу акысынын жарымын төлөп беришет.

 

 

Ыктыярчылык сизге эмне алып келди?

Максат Кутманбеков, Кыргыз- Орус Славян университети, Архитектура, дизайн жана курулуш факультети, 4-курс.

– 8-класста окуп жүргөндө таптакыр ыктыярчылык тууралуу маалыматым жок кезде мектебибизге “Дил мүрөк” адеп-ахлак жана маданият борбору келип, ыйман темасында сабактарды өтүп баштады. Ошол сабактардан мен активдүүлүгүмдү көрсөтүп, ал уюмдун мүчөлөрү мени мектептин өкүлү катары шайлашты. Жогорудагы уюм жыл сайын активдүү окуучулар үчүн Ысык-Көлгө лагерь уюштуруп, ыктыярчылыктын аркасы менен алгачкы жолу көлдү көрүү мүмкүнчүлүгү пайда болгон. Айтмакчы, өзүм Таластан болом. Ошентип студенттик күндөр башталып, менин ыктыярчылык ишим башталды. Ыктыярчылыктын аркасы менен билимдүү, дүйнөгө болгон көз карашы башкача болгон мыкты досторду таап, чөйрөм абдан кеңейип жатат. Лидерлик сапатымды да өнүктүрдүм. Кыргызстандын эң мыкты 100 жаш лидеринин курамына кошулдум. Ал эми азыркы учурда ыктыярчылыктын үзүрүн көрүп өзүмдүн командам менен биргеликте “ПрофYouth” аттуу коомдук бирикме ачып, иштеп жатабыз. Ошондой эле ушул жылдын октябрь айында Сочи шаарында өткөрүлө турган XIX Дүйнөлүк студенттердин жана жаштардын фестивалына чакыруу алып олтурам. Албетте, бул да болсо ыктыярчылыктын пайдасы. Санай берсе ыктыярчылыктын пайдасы өтө көп, керек болсо ыгын таап, мындан акчалай пайда тапсаң да болот. Ошондуктан жаштарды, студенттерди ыктыярчылыкка үндөйт элем.

 

Алиман Канатбекова, Эл аралык “Ататүрк-Алатоо” университети, Эл аралык мамилелер
факультетинин бүтүрүүчүсү.

– Алгачкы жолу 1-курста окуп жүргөн кезимде жарыя аркылуу “W-Fund” кайрымдуулук фондуна ыктыярчы болуп киргем. Ал фонд аркылуу ыктыярчылар өзүбүз тамак-аштарды, таттууларды жасап алып, кайра аны сатчубуз дагы түшкөн каражатты балдар жана карылар үйүнө которуп берчүбүз. Андан соң “AIESEC” уюмуна 2-курсумда ыктыярчы болуп катталгам. Ал жерден түрдүү темадагы тренинг, семинарларга катышып жүрүп, кадимкидей билим запасым кеңейген. Окуу жайдан үйрөнүп жаткан англис тилин практика жүзүндө да ушул уюмдун башка ыктыярчылары менен колдончумун. Кийин жапондордун кайрымдуулук фондуна кирдим. Ошондо аларга өлкөбүздүн кооз аймактарын көргөзүп жүрүп өзүм да "саякатчы-бака" болуп кеткем. Жапондордон жоопкерчиликти, сылыктыкты, сабырдуулукту үйрөндүм. Анан албетте, жапон тилине болгон кызыгуум ойгонуп, жапончо курска да бара баштагам. Азыркы учурда англис, түрк, жапон тилдеринде сүйлөй алам. Ыктыярчы болуу менен бирге жер көрдүм, өзүмдөгү айрым комплекстерди жоё алдым. Ушундай сонун, мыкты инсандар менен тааныштым. “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары-2016да” да ыктыярчы болуп иштегенимди айта кетпесем болбойт. Ал жактан абдан кызыктуу күндөр өттү. Кыскасы, ыктыярчылык мага көп нерсени берди.

 

Нестан Сыдыкова, Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, Биомедициналык системалар жана технологиялар факультети, 4-курс

– Кандайча жана кантип ыктыярчылыкка келип калгандыгым тууралуу ой жүгүртүп көрүп,тээ бала кезимден эле ыктыярчылык менен алектенип баштаганымды ойлодум. Болгону мектепте бул нерсе ыктыярчы эмес, активист катары айтылат. Бирок ошол эле ыктыярчы аткарчу иштерди кыласың. Кандай иш- чара болбосун кызыгуум артып, баарына катыша берчүмүн. Азыр болсо ыктыярчылык менен алектенем. Анткени бул иш мага жагат. Көп окусаң дүйнө таанымың кеңейип, фантазияң өнүгөт, ой жүгүртүүң өзгөрөт. Ушул сыяктуу эле ыктыярчылыктын да ар тараптуу пайдалары көп. Команда менен иштешүүнү үйрөнөсүң, өзүңө билимдин жаңы багыттарын ачасың, жаңы идеяларды ишке ашырасың, коммуникативдик сапаттарың өрчүйт. Жардамга муктаждарга жардам бересиң, керектүү адамдар менен пайдалуу таанышууларды жүргүзөсүң. Анан албетте, жөн гана ыктыярчы болуп иштөө процессинен эргүү алып жашайсың. Жашоодо бардык эле нерсе акча менен ченелбейт жана ыктыярчылык - бул сөздүн бирден-бир далили.

 

 

Коомдук фонддор  жана алардын багыты

“Ыйык Ата Журт” коомдук жаштар фонду

1.Жаштардын патриоттук сезимдерин чыӊдоо, аларды заманбап жана прогрессивдүү илим-билимге тынымсыз умтулууга үндөө жана элине, жерине татыктуу жаран катары кызмат кылууга чакыруу. 2.Жаштар арасындагы демократиялык маданиятты калыптандыруу. 3.Жаштар арасында элибиздин руханий дөөлөттөрүн жана адеп-ахлактуулуктун асыл принциптерин жайылтуу. 4.Таланттуу жаштардын чыгармачылыгын колдоо. 5.Жаштар арасында кыргыз тилин өнүктүрүү. 6.Жаштарды сергек жашоого үндөө.

“Келечек жаштары” коомдук фонду

Жаштарга ар тараптан колдоо көрсөтүп, алардын руханий баалуулуктарын өнүктүрүү, интеллектуалдык деӊгээлин жогорулатуу.

“Ала Тоо” өнүктүрүү борбору” коомдук фонду

Билим берүү тармагын өнүктүрүү  жана жарандык коомдук секторду өнүктүрүү.

“Ыйман” фонду

Коргоо чөйрөсүндөгү диний саясатты ишке ашыруу миссиясын аркалайт жана өлкөдөгү экстремизмге, терроризмге каршы диний маданиятты көтөрүү, профилактикалык иштерди жүргүзүү, тактап айтканда, агартуу-маданий иш-чараларды өткөрүү. Медиа мейкиндик, тарбиялык маанидеги тасмаларды, роликтерди тартуу, котормолор менен иш алып баруу багытында долбоорлорду ишке ашырат.

“AIESEC” эл аралык коммерциялык эмес жаштар уюму

Кыргызстандык жана башка чет өлкөлүк жаштардын тажрыйба алмашуусун шарттоо.

“Республикалык  Манас жаштар ордосу” коомдук фонду

Жарандарды социалдык жана маданий жактан колдоого алуу.

“Ак жоолук ажары” коомдук фонду

Кыз-келиндердин, деги эле аялзат чөйрөсүнүн руханий жактан өнүгүүсүнө салым кошуу.

“Көчмөн” коомдук фонду

Кыргыздын улуттук баалуулуктарын сактап, муундан-муунга өткөрүп берүү, каада-салттарды унутта калтырбай сактап калуу.

“Эл аралык кыргыздар ассоциациясы”

Дүйнөнүн ар тарабындагы кыргыздардын башын бириктирүү жана өлкөгө пайда алып келүү.

“Кызыл Жарым Ай” коому

Жетишсиз үй-бүлөлөргө, кароосуз калган карыларга, балдарга гуманитардык, медициналык жана материалдык жардам көрсөтүү.

“Коломто” кайрымдуулук фонду

Социалдык жана материалдык муктаждыгы бар инсандарга жардам көрсөтүү.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Алина АСАНБЕКОВА