24 АЛА - ТОО телеканалы 1 жашта

Баарыбызды жаңылыктар менен камсыз кылган Кыргыз телевидениесинин “Ала-Тоо” маалымат программалар студиясы былтыр 12-сентябрда өзүнчө бөлүнүп “Ала-Тоо 24” каналы болуп ачылган эле. Бир жылдан бери үзгүлтүксүз 24 саат бою элди жаңылыктар менен кабардар кылып жаткан телеканалды 1 жылдык юбилейи менен куттуктап, кызматкерлери менен маектешип кайттык.

 

 

“Ала-Тоо 24” телеканалынын продюсери Мирбек Молдакунов: “Ала-Тоо 24” каналы ачылат дегенде эч ким ишенген эмес”

– Мирбек, саламатсызбы, алгач 1 жылдык маарекеңер менен куттуктай кетсем. Каналыңар там-туң басып кеткичекти кыйынчылыктар болбой койбосо керек?

– Саламатсыздарбы, куттуктооңузга рахмат. Туура айтасыз, ар бир иштин баштапкы этабында кыйынчылыктар болот эмеспи. 24 саат бою тынбай жаңылык берүү оңой иш эмес. "Мындай канал ачылыш керек" деген сөздөр айтыла баштаганда, ачык айтсам көптөр ишенип-ишенбеген ойдо болчу. КТРКнын башкы директору Илим Карыпбековдун бул каналдын ачылышына салымы абдан чоң. “Көз - коркок, кол - батыр” дегендей, ишти баштап аягына чыгарды. Ишти алып кеткен "Ала-Тоо 24" каналынын жалпы жамаатына алкыштан башка айтар сөз жок. Бул багытта чыйыр жол салгандар болуп калдык десем жаңылышпайм. Учурдан пайдаланып бардык кесиптештерибизди майрамы менен куттуктайм.

– Чын эле көрөрмандар мындай форматты кандай кабыл алышты?

– Башында көпчүлүк "Ала-Тоо 24" каналынын башкы максатын түшүнө албай, “жаңылыктар бир канча убакыттан кийин кайталана берет экен” деп жатышты. Баса белгилеп айта кетсем, биздин форматтын көрөрмандарга ыңгайлуу жери - бул мурдагыдай жаңылыктардын чыккан убактысын күтүп отурбай, керектүү маалда акыркы жаңылыктардан кабардар боло алганында.

– Түшүнүктүү, сиздин бул тармакта иштеп жатканыңызга канча убакыт болду?

– КТРКда иштегениме 10 жылдын жүзү болуптур. Алып баруучуларга жарыяланган кастингтен өтүп, иштеп калгам. Эфир менен чектелбей кесиптин ар кырдуу багыттарын өздөштүрдүм. Репортаж жасаганды абдан жактырам. Иштин аркасы менен көп жерлерди көрүп келдим. Ушул жактан өмүрлүк жарымды таптым, бир уул, бир кыздын ата-энеси болдук. КТРК мен үчүн чоң мектеп, экинчи үйүм десем жаңылышпайм.

– Маегиңизге рахмат, ишиңизге ийгилик!

 

 

“Ала-Тоо 24” каналынын кыргыз редакциясынын жооптуу чыгаруучу редактору Каныкей Жунусова: “Заводдун станогундай иштейбиз”

– Каныкей айым, кичинекей Кыргызстандан 24 саат бою тынбай кетчү жаңылыктарды кайдан табасыңар? Эфирди кантип толтурасыңар?

– “Бышкан ашка сынчы көп” дегендей, башында “ой, кенедей Кыргызстан үчүн жаңылык кайдан чыкмак эле. Бул максатыңар ишке ашпайт, иштеп кете албайсыңар” деген пикирлер айтылган. Өлкөбүздөгү, керек болсо чет мамлекеттердеги саясий, маданий, спорт жаңылыктарынын бардык жагын камтып берип жатабыз. Биздин жумуш эртең менен саат 9да башталат. Жарым саат планёрка өткөндөн кийин Өкмөттөн, Жогорку Кеңештен, социалдык мекемелерден өтө турган иш-чаралардын заявкасы түшөт. Аларды карап талдап журналисттерди жөнөтөбүз. Андан сырткары журналисттер өздөрү жаңылыктарды табат, аймактагы кабарчылар менен тыгыз байланышта иштейбиз. Орус, кыргыз тилинде чыккан жаңылыктардан сырткары атайын репортаждар, студияга конок чакырып түз эфирде маектерди берип, эфирди токтотпой толтуруп турабыз.

– Жамаатыңарда канча кызматкер эмгектенет?

– Аймактардагы кызматкерлерди кошкондо 100гө жакын киши иштейбиз. Бардыгы билимдүү, тажрыйбалуу, өз ишин мыкты билген кызматкерлер. Биздин жамаат ыкчам иштегенге калыптанып калышкан. Жаңылыктарды убагында тартып келип, жазып, монтаждап эфирге берип, айтор, заводдун станогундай эле иштейбиз. Жадагалса тамакты да жумуштагыдай шашып жеп көнгөнбүз. Жумушубуз оор, түйшүктүү болгону менен Кыргыз телевидениесинин көч башы болгон КТРКнын жүрөгү аталган “Ала-Тоо 24” каналында иштөө - биз үчүн сыймык.

– Сөзүбүздүн аягында өзүңүз тууралуу маалымат бере кетсеңиз?

– Мен 1998-жылы Нарын облустук телевидениесине дикторлукка кастинг жарыяланып, сынактан өтүп диктор болуп иштеп баштагам. 2005-жылы Бишкекке келип КТРКнын “Ала-Тоо” маалымат программасына кабарчы болуп кирдим. Андан кийин президенттик кабарчы, парламенттик кабарчы болуп эмгектенип жүрүп, 5 жылдан бери жооптуу чыгаруучу редакторлук кызматты аркалап келе жатам.

 

 

Жогорку баскычтагы режиссёр Дамира Сатаева:  “Мүнөт эмес, секунд санайбыз”

– Дамира эже, режиссёр болуп иштегениңизге канча болду?

– Мен телевидениге 1987-жылы келгем. Режиссёр болуп 30 жыл иштеген болсом, анын 25 жылын ушул жаңылыктар бөлүмүндө, түз эфирде өткөрүптүрмүн. Бул эмгегим текке кетпей КТРКнын отличниги, маданияттын мыкты кызматкери, Президенттин ардак грамотасы менен сыйлангам.

– Түз эфирдин жүрүшү режиссёрдон көз каранды болсо керек?

– Албетте, эфирдин жүрүшүнө, убактысына режиссёр жооп берет. Бизди текшерүүчү кызматкерлер бар. Эфирдин убактысы ашып кетсе эмнеге ашып кеткенине да биз жооп беребиз. Ошондуктан биз мүнөт эмес, секундду санайбыз. Эфир кетип жатканда жаңы сюжеттер келип калса жаңылап которобуз, ага жетишпей баратсак дикторго: “Жайыраак оку”, - деп айтып коёбуз. Ошол алып баруучунун кулагындагы кичинекей микрофон байкалып калса, ал эфирден бажырайып жаман көрүнүп калат. Түз эфир ушунчалык дыкаттыкты талап кылат. Оператор, жарык берүүчү, алып баруучу,үн режиссёр, ассистент баарыбыз команда болуп иш алып барабыз. Бизде пикир келишпестик деген нерсе жок. Анткени бизди миңдеген көздөр карап турат. Эфир аяктаганда “ух” деп эс алганыбыз менен кайра экинчи эфир башталат.

– Түнүүнү түз эфир болуп турса, канча режиссёр иштейсиздер?

– Кезектешип 6 режиссёр иш алып барабыз. Түнкү сменибиз таң аткыча уктабай иштейт. Биз олуттуу канал болгондуктан тактыкты, жоопкерчиликти талап кылат. Канал алгач ачылган күнү түз эфирге чыгып баштаганда аябай сүрдөгөнбүз. Пульт жаңы, студия жаңы, жаңы иш баштап жатабыз бири-бирибизге кыйкырып иштеп, ошол күнү тамагыбыз бүтүп эсибиз ооп калган.

 

 

Орус редакциясынын кабарчысы Эльвира Сатыбекова: “Аман калганыма эмес, жакшы кадр тартылганына сүйүнгөм”

– Эльвира, силерде кабарчы болуп иштеш үчүн кандай сапаттарга ээ болуш керек?

– Тың, тыкан, жоопкерчиликтүү болуш шарт. Анан албетте, оперативдүү иштеш керек. Ар бир жаңылыкты жеткиликтүү кылып бере алышың зарыл. Ар тараптуу болуу менен бирге мүнөз да катуу болсо жакшы. Анткени бир күнү майрамды репортаж кылып жыргап келсең, эртеси өрт чыккан жерге, ар түрдүү кырсыктарды тартканга барып материал жасап келесиң. Менин кабарчы болуп иштегениме 4 жыл болду, жумуш жактан эле такшалбастан кырдаалга жараша бардык нерсеге даяр болгонду үйрөндүм.

– Чындыгында жумушуңар кызыктуу, кандай эсте калган окуяларга туш болосуңар?

– Ар бир материалдын изюминкасы болуш керек да. Ошондуктан сюжет даярдап жатканда болгон окуянын ичине кирип, жон терибиз менен сезип, ошону элге көрсөтүшүбүз керек. Бир жолу мэрдин шаардагы мыйзамсыз курулуштарды уратып жаткан жеринен репортаж даярдаганмын. Стендап жасоо үчүн урап жаткан имараттын алдына туруп алып сүйлөп жатсам кирпичтер, шыйпырлар ыргып түшүп жаткан. Мен бүтөрүм менен дубал урап кетти. Кудай сактап мага тийбей калды, бирок мен ошондо аман калганыма эмес, жакшы кадр тартылганына сүйүндүм.

– Кооптуу жана кызыктуу ишиңде ийгиликтер болсун.

 

 

Жогорку баскычтагы башкы телеоператор  Нуркамил Асанов:  “2 мүнөттүк сюжет кээде бир күндү
талап кылат”

– Нуркамил мырза, операторлор кабарчылар менен тыгыз байланышта иштейсиздер, кабарчы тарткан түйшүктү сиздер деле тартсаңыздар керек?

– Албетте, планёркадан материалдар бөлүнгөн соң команда болуп материал даярдаганы жөнөйбүз. 2 мүнөттүк сюжетти тартуу үчүн кээде бир күндүк убактыбыз кетиши мүмкүн. 20 секунд бирөөнүн сөзү керек болсо, 3 саатка чейин убакыт кетирип барып тартып келесиң. Күндүн кайсыл мезгили, кандай кырдаал болбосун, репортаж  тартышыбыз зарыл. Анан келип алып тартылган видеолорду чогултуп монтаждап, аябай тездикте даярдап беребиз.

– Студия жаңы, аппаратуралар жаңы иштегенге аябай жакшы шарт түзүлгөн экен?

– Жетекчилик  “Замана” студиясынынын имаратын ремонттоп бизге бардык шартты түзүп берди. Аппаратуралардан баштап отура турган отургучтарыбызга чейин 100 пайыз камсыздап берген. Жаңы 10 видеокамералар сатылып алынды. Менин иштегениме 27 жыл болуптур. Мурда камералар оор болуп иштегенге ыңгайсыз болчу. Азыр иштегенге бардык шарттар бар. Эсимде 20 жыл мурун чет мамлекеттердин президенттери келип, “Ак кеме” мейманканасынын 12-кабатына 12 килограммдык камераны, 12 килограммдык штативди, бардыгы 24 килограммды көтөрүп жөө чыккам. Анткени лифтке келген коноктор түшүп, биз кадрды кармап калуу үчүн жөө чыгууга туура келген. Жумушумдун арты менен көптөгөн мамлекеттерди көрүү мүмкүнчүлүгү да болду.

 

Нуриса БАЯЛИЕВА