Жылдыз энелер бала багуу ыкмаларын бөлүшөт

Эл көзүндө жүргөн ырчыларды үйдө отуруп бала карап жаткан образда элестетүү сизге да кыйын болсо керек. Бизге дайыма той, концертте эле жүргөндөй таасир калтырган ырчы айымдардын үйдө мыкты эне экендиги төмөнкү кеңештерден улам байкалып турат. Эмесе, жылдыз энелердин балага кам көрүү боюнча тажрыйбалары менен таанышып алыңыз.

 

Гүлзада Рыскулова: “Балаңыздын ичи өтсө дарыканага чуркабаңыз”

Кичүү баласы Бакай, 10 ай

– Баланын ичи өткөндө дарыканага чуркоо керек эмес. Балага кургатылган жемиштерден жасалган компот ичирүү менен бул дарттан арылсаңыз болот. Ошондой эле күрүчтүн кайнатмасын бир күндө алты маалга чейин берсеңиз да ич өткөктү басат. Ал эми апамдын алтын кеңеши боюнча, ичи өткөн балага анардын кабыгын кайнатып ичирүү - эң натыйжалуу.

 

 

Жийдеш Идирисова: “Баланы тынчтандыруучу чөпкө чайкаңыз”

Кичүү кызы Адель 3,5 ай

– Ымыркайды жуунтуу өзгөчө жоопкерчиликти талап кылат. Алгач дагараны марганцовка менен жууп алыңыз. Суук кирбеш үчүн эшик жана терезени сөзсүз жабыңыз. Ымыркайды жуунтчу суунун температурасы 37 градус болушу керек. Илгери апаларыбыз суунун температурасын чыканакты салып текшерчү экен, азыр атайын ченегичтер бар. Баланы чочутуп албаш үчүн алгач бутун салып, бир аз ойнотуп сууга көндүрүп, анан жуунта баштоо керек. Кулагына суу кирип кетпеши үчүн кебез салганды унутпаңыз. Баланы уктардын алдында жуунтуп, тынчтандыруучу чөптөрдүн тундурмасына чайкоо пайдалуу.

 

 

 

Акмаанай Эшбаева: “Баланын ичине жел турса атасынын төшүнө жаткырыңыз”

Кичүү уулу Биймырза 3 ай

– Ымыркай курсагы ток, асты кургак болсо да чиренип ыйлаган учур болот. Демек, анын ичине жел туруп калган. Мындайда балаңызды чалкасынан жаткырып, киндигинин айланасын сааттын жебеси боюнча укалаңыз. Ошондой эле атасынын жылаңач төшүнө жаткырсаңыз да туруп калган жел чыгып наристе жеңилдеп калат. Баланын ичине жел турбаш үчүн эмизердин алдында сүтүңүздү бир аз саап салыңыз. Себеби алгачкы сүттүн сиңимдүүлүгү жай болуп баланын ичин көптүрөт. Эмизүүдө эмчекти баланын оозуна толук салса да ичине жел кирбейт.

 

 

 

Азиза Адиева: “Балаңыз менен ойноңуз”

Кичүү кызы Селима 3,5 жашта

– Балаңызга кызыктуу оюнчуктарды сатып берип эле "өзүң ойно" деп койбостон, бирге ойнооңузду сунуштайм. Анткени ата-эненин бала менен чогуу ойноосу анын акыл-эсинин өсүүсүнө пайдалуу болот. Бул ой жүгүртүүсүн гана өстүрбөстөн, баланын өзүнө болгон ишенимин да бекемдейт.

 

 

 

Гүлнара Калдарова: “Балаңызды эркелетип ойготуңуз”

Кызы Аяна, 6,5 жашта

– Кызым Аяна 7 жашка толо электе эле мектепке баргандыктан, кантип көнөр экен деп чочулагам. Айрыкча эртең мененки таттуу уйкусунан ойготуу кыйын болду. Эми бир жумадан бери эртең менен кызымды чачынан сылап эркелетип, ырдап ойготууну адат кылып алдым. Ушунда бала чочубай, коркпой жай, жакшы маанайда ойгонот экен. Ошондуктан ата-энелерге чырылдап баланын нервин жабыркатып ойготкон будильнигиңизди өзүңүздүн жагымдуу үнүңүзгө алмаштырыңыз деп кеңеш берер элем.

 

 

Айгүл Чалова: “Сүтү аздар дарбыз жегиле”

Кызы Айбийке, 9 ай

– Мен сүтү аз болуп баласын жакшы тойгуза албай жаткан энелерге тажрыйбам менен бөлүшө кетсем. Сүтүңүз көп болсун десеңиз жылуу суюктукту көбүрөөк ичиңиз, уйдун сүтүнө бал кошуп жана чөп чайларды ичсеңиз натыйжалуу. Азыркы мезгилге ылайык дарбызды көп жесеңиз да сүтүңүз көбөйөт. Ал эми башка мезгилде жүгөрү боткосу же кайнатылган жүгөрү, загыра нан да жакшы жардам берет.

 

 

Алтынай Нарбаева:  “Балага таттуу жегенден кийин оозун чайкоону үйрөтүңүз”

Кичүү кызы Карина, 2 жаш

– Балдар таттууларды абдан жакшы көрүшөт. Айрыкча кичинекей курактагы бөбөктөрдү таттуудан алыстатуу дээрлик мүмкүн эмес. Ал эми таттуунун пайдасынан зыяны көп экени белгилүү. Мындайда балага момпосуй, шоколаддарды жегенден кийин сөзсүз тишин жууп, оозун чайкаганды үйрөтүү керек. Балаңызда бул жакшы адат калыптанып калса тиши таза сакталып, көптөгөн маселелердин алдын алат.

 

 

Гүлзинат Суранчиева: “Балаңыз тиштеген оюнчукту муздаткычка салыңыз”

Кичүү баласы Рауль, 1,5 жаш

– Баланын тиш жаруусу да энеге түйшүк жаратат. Балаңыздын тиши орсойбой түз чыгуусун кааласаңыз 6 айдан кийин упчу бербегениңиз оң. Наристеңиздин тиши чыгып баштаганда бүйлөсү кычышып, ар нерсени тиштегилеп оозул (стоматит) болуп калышы ыктымал. Анын алдын алуу үчүн бала тиштечү оюнчуктарын муздаткычка салып, муздатып берсеңиз бүйлөсүнүн оорусун басат. Андан сырткары бүйлөсүн бал менен сүртүп туруу керек.

 

Аймээрим КУРБАНАЛИЕВА