Кран башкарган Зарина: “Мен өзүмдү кран башкарып бактылуу сезем”

Азыркы убакта кай жакка кылчайып караба аялдардын ар кыл кесипте иштеп жүргөнүн байкоого болот. Базарда, мамлекеттик, орган кызматында болобу, жадагалса курулуш иштерин, унаа оңдоочу жайларын да аялзатысыз элестетүү мүмкүн эместей. Ушундай кыз-келиндердин катарын тогуз жылдан бери Москвада кран башкарып иштеген Зарина толуктайт.

– Зарина, айтсаңыз, бул кесипке атайын окудуңуз беле?

– Башында Ош облусундагы юридикалык окуу жайында окудум. Бирок биринчи курсту бүткөн соң атамдын чакыртуусу менен Москва шаарына келдим. Себеби атам бул жакта көп жылдардан бери кран башкаруучу болуп эмгектенип бизди багып келет. Анын: “Кийин турмушуңда кереги тиет, окуп ал”, - деген сунушу менен 2008-жылы окуу комбинатында кран башкаруучунун окуусун окудум. Кийин атамдын жардамы менен практика жүзүндө аткарып көрүп, бара-бара көнүп кеттим. Иним али жаш, менден тышкары эки эжеме, жездеме да атам кран башкарууну үйрөттү. Азыркы учурда эжем экөөбүз бирге иштейбиз. Атам болсо бизди үйрөтүп коюп, беш жыл мурда мекенибизге кеткен.

– Юридикалык кесипти таштап, кранчы болуп калганыңызга азыр өкүнбөйсүзбү?

– Окуумду таштаганымдын дагы бир себеби - башка теңтуштарымдын Москвага агылуусу болду. Юридикалык окууну болсо сырттан окуп аяктадым. А бирок ал кесипке ылайык жумушка орношуу азыр кыйын. Мен өзүмдү ушул тармакта деле бактылуу сезем, бул кесипте иштеп жатканыма сыймыктанам. Себеби кыз балага ишенип чанда гана берилчү жумуштардын катарында. Кыздар эмес, канчалаган балдардын бийиктикке чыгууга эрки жетпейт.

Жумушта кандай кыйынчылыктарга туш болосуз?

– Жумуш моралдык жактан адамды жейт. Эртең мененки саат сегизден кечки сегизге дейре үч күн иштеп, бир күн эс алам. Оор жүктөрдү крандын жардамы менен бир жерден экинчи жерге жылдыруу үчүн 65-215 метрге чейинки бийиктикке өз өмүрүмдү тобокелге салып чыгам. Бирок менин коопсуздугум үчүн эч ким жооп бербейт. Болгону бир жылда бир жолу медициналык көзөмөлдөн өткөрүп турат. Андан сырткары кран астында иштеген бригаданын ар кайсы улуттагы балдары менен тил табышып иштөө керек. Күн бою отуруп иштегенге туура келгендиктен, танапис учурунда көнүгүүлөрдү жасап эс алып алам. Жаңы үйрөнүп баштаганда оор сезилчү, жадагалса ызаланып ыйлаган күндөрүм, атам үйрөтүп жатса кетип калган күндөрүм да болбой койгон жок. Балким, анда эч нерсени түшүнбөгөн атасынын эрке кызы болгондуктан, ошондой күндөргө туш болгондурмун. Бирок азыркы учурда чыйралган, эч нерседен коркпогон, чыдамдуу кызга айландым.

– Айлык маянаңызга өзүңүз канааттанасызбы?

– Ушул жумушта тогуз жылдан бери эмгектенип, Кыргызстандан үй алдым, эки балам жана ата-энеме ай сайын акча, кийим-кече, белек-бечкектерди салып турам. Бир туугандарыма каралашам дегендей. Аялзатынын көркү болгон чүпүрөктөрдөн да куржалак калбай, аларды сатып алууга да көп каражат сарптайм. Айтор, баарына жетет, айлыгым мени канааттандырат. Бирөөнүн көзүн карап жашоо менин жашоо образыма туура келбегендиктен, финансылык жактан эч кимге көз каранды эмесмин. Медалдын да эки тарабы бар дегендей, кышында жумушсуз үйдө отуруп калган күндөр болот. Ал эми жумуш күч алып турган маалда тынымсыз иштеп, жумушума болгон жоопкерчилигимди көрсөтө алам.

– Азыр Кыргызстанда деле курулуш иштери активдүү болуп жатат, бул жакка келүү планыңызда барбы?

– Эгерде 40 миңден ашуун айлык сунуштаса, балким, бармакмын. Бирок бизде андай жок да. Азырынча жаш кезде иштеп, каржы топтоп алып, кеминде дагы үч жыл иштеп анан барам го. Баргандан кийин Кыргызстанда да бул кесипти өнүктүрүүгө салымымды кошуп кыз-келиндерге үйрөтсөм деген кыялдарым бар.

 

Айгерим ТОКТОБАЙ кызы