Уланбек ЭГИЗБАЕВ: «Үйлөнүү тоюбуз шайлоого бир жума калганда болот»

 «Ыңгайсыз суроолор» телеберүүсү аркылуу ар жумада ар кандай кызыктуу, курч берүүлөрдү даярдап келген журналист Уланбек Эгизбаев бүгүнкү күндөгү жаш журналисттердин алдыңкысы десек болот. Кары-жашка бирдей таанымал журналист болочоктогу түгөйүн жакында интернеттеги баракчасына жарыялап күйөрмандарынын көңүлүн бурду.

– Улан, жүрөгүңдүн ээсин тапканыңды жарыя кылганың көптөгөн күйөрман кыздарыңдын жүрөгүн оорутуп турган учуру, эми той качан?

– Негизи мен башынан эле жеке жашоом тууралуу маалыматтарды коомчулукка чыгарганды жактыра бербейм. Бул убакка чейин Сапаргүл экөөбүздүн жеке мамилебизди жакшы тааныштар, кесиптештер билишчү. Биз баш-аягы төрт жылдай убакыт сүйлөштүк, бирок интернетке сүрөт коюп жарыя кылган эмесмин. Эми баш кошорубузга жакын калганда дароо тойду айтсак баары үчүн күтүүсүз болуп калбасын деп, өзүбүздүн тил менен айтканда, «пресс анонс» кылып коюуну чечип сүрөтүбүздү чыгарып койдук. Биз Сапаргүл экөөбүз Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин журналистика факультетинде төрт жыл чогуу окуганбыз. Таанышканыбызга сегиз жыл болуп калыптыр. Башында жактыруу сезимдери бар болгону менен бирге окуган студенттердей эле мамиледе жүргөнбүз, окууну аяктагандан кийин гана ортобузда сүйүү пайда болду. Ошол сүйүү тереңдеп олтуруп баш кошууга алып келди. Үйлөнүү тойду, буюрса, 8-октябрда деп атабыз, шайлоого бир жума калган убакытты белгиледик. Мен үй-бүлөдө жалгыз эркек баламын, анан да эң кенжесимин. Атам - бир аз куудул чалыш киши. «Уулума үч жыл мурда эле үйлөн деп билдирме бердим эле, кагаздарынын алдында калып калган окшойт. Үч жылдан бери каралбай келе жатат», - деп тамашалап келет. Пландарыбызды бир жолго коюп, эми даяр болдук. Эгерде быйылдан өтүп кетсе, жашыбыз отузга жакындап кете турган, учурда Сапаргүл экөөбүз тең 27 жаштабыз.

– Жашташ болгондо талашып-тартышуу көп болот дешет го, ал нерсени байкай алдыңбы?

– Ооба, мен да эркек улуураак, аял кичүүрөөк болушу керек деген сөздөрдү угуп калам. Бирок жашыбыздын теңдиги мен үчүн көп деле маселе жараткан жок. Эң башкысы бири-бирибизди түшүнүшүп, сыйлашып турсак болгону деп ойлойм. Сапаргүл Баткендин кызы болгондуктан ийкемдүүрөөк, баш кошкондон кийин «сиз» деп айтам деп сөз берип атат (күлүп).

– Сапаргүл сендей тапан жигиттин жүрөгүн кандай өзгөчөлүгү менен багындырып алды?

– Биз чогуу окуп жүрүп аны жакындан тааныдым. Эң эле жакканы - анын мүнөзү болду. Абдан түшүнүктүү, ыймандуу, жөнөкөй кыз. Экөөбүз тең карапайым үй-бүлөдөнбүз, ошондуктан бири-бирибизге төп келиштик. Мен Нарын облусунун Кочкор районунан, ал Баткен шаарынан болот.

– Экөөңөр тең эл аралык абройлуу ММКда иштейсиңер, жумуш жагынан да бири-бириңерди жакшы түшүнсөңөр керек?

– Ооба, мен «Азаттыкта», ал «Би-Би-Сиде» иштейт. Биздин багыттарыбыз да окшош. Кесиптештер: «Экөөңөр тең журналист болуп үйдө сүйлөшө турган тема көп болот болушу керек», - деп күлүп калышчу. Биз бири-бирибиздин материалдарыбызга көбүрөөк сын айтып, оңдоп-түзөп күзгү болуп турабыз. Кесиптеш болгон ошол жагынан жакшы экен, кээ бир темаларды да чогуу талкуулайбыз.

– Үй-бүлө кургандан кийин карьераңар кандай уланат?

– Мен буга чейин деле айтып келгем, аял үчүн эң чоң карьера – үй-бүлө. Сапаргүл менин сөзүмдү угуп, экөөбүз азыр макулдашып атабыз. Биз үй-бүлө кургандан кийин ал белгилүү бир убакытка чейин өз жумушунда иштейт. Андан кийин үй- бүлөгө залакасын тийгизбей турган жеке иштер менен хобби катары алек болом деп атат. Журналисттик иш кыздар үчүн бир аз оорураак: иш сапарларга барыш керек, ызы-чуу, митинг болсо кайсы убакта болбосун ишке жөнөгөнгө даяр болушу керек дегендей. Жубайымдын андай шартта иштешин каалабайм. Мен иштеп, ал үйдөгү иштер менен эле алек болсо дейм. Азыр балалуу болуп, ага тарбия берип, бала бакча, окууга ташуу - эң чоң жумуш.

– Өзүң келечегиң кең жигитсиң, келечекте өзүңдү кайсы жерден көргүң келет?

– Көпчүлүк «депутат болгуң келсе, “Азаттыкта” иште» деп тамаша кылып калышат. Сөздүн ачыгы, мен мектепте окуп жүргөн учурумдан бери эле саясатка кызыгам. Буга чейин партиялардан, мамлекеттик кызматтардан, өкмөттөн пресс-катчылыкка сунуштар болгон. Бирок анын баарын четке каккам, анткени азыр мен журналист катары иштесем элге салымым көбүрөөк болот. Кеминде 3-5 жылдай журналистика тармагында эмгектенип, баштаган ишимди аягына чыгарышым керек. Кыргызстанда журналистиканын иликтөө жанры анчалык өнүккөн эмес, ошол жанрды жакшыраак өнүктүрүп, элге пайдасы тийген, коррупциялык схемаларды ачкан иликтөөлөрдү тартсам дейм. Документалдык фильмдерге кызыгып, аларды да тартсам деген ойлорум бар. Журналисттик, режиссёрдук иштерди өркүндөтүп, анан татыктуу сунуштар болуп калса, ойлонуп көрөм. Депутат катарыбы же мамлекеттик кызматкер катарыбы, элдин көйгөйүн көтөрүүгө салым кошом деген ниеттерим бар.

– Каерде ызы-чуу болсо сен жүрөсүң, анан да чуулгандуу иликтөөлөрдү жасап келесиң, жеке коопсуздугуңдан чочулабайсыңбы?

– Жеке коопсуздугум тууралуу чочулап «атып кетпейби, коркпойсуңбу?» деп сурагандар көп болот. Чынын айтсам, көнүп деле калдым. «Ыңгайсыз суроолор» берүүсүнүн иликтөөлөрүн жасаганымдан бери ар кандай чалуулар, коркутуп-үркүтүүлөр көп болот. Тынчсызданган досторума: «Чындык үчүн атып кетсе, ага деле макулмун», - деп тамашалап калам. Чындыкты айткандан коркпош керек. Эгерде факт менен айтып жатсаң, эч ким эч нерсе дей албайт.

– Карьераң кайдайча башталган?

– Алгач программист болсомбу деген максат менен Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин компьютердик инженерия бөлүмүнө тапшыргам. Бирок программист болгондо чектелип калат экенсиң. Мектепте окуп жүргөндө «чымындарың бар» дешчү, ошол нерсе коё бербеди го, журналист болгум келип журналистика бөлүмүнө которулуп алдым. Эмгек жолум аталган университеттин гезитинде башталган. 1-курстан баштап макала жазып, аны түрк тилине которуп, Стамбулдан жаш журналист катары 2 жолу сыйлык алгам. Ошол жерден такшалып, бир жылдан кийин шеф редактор болуп иштедим. Андан кийин 2-курста Мелис Эшимкановдун мектебине «Агым» гезитине бардым. Ал жерде такшалып, интернет барактарына макалаларымды жарыялап жүрүп, «Азаттык» радиосуна чакырышкан.

– Сен президент Алмазбек Атамбаевдин кайниси болот деген сөздөр тарады эле, ошол сөздүн канчалык чындыгы бар?

– Ушул суроону жакшы бердиңиз да. Бул сөз эмнеден улам чыкканын айтып берейин. Мындан 2-3 жыл мурда Жакшылык Бердибек уулу экөөбүз «Жаш журналисттер кыймылы» аттуу кыймыл түзгөнбүз. Ошол учурда журналисттердин көпчүлүгү акча деп бирөөлөрдү каралоо үчүн буйрукка иштеп калышкан. Жакшылык экөөбүз аталган кыймылды түзүп: «Келгиле кесиптештер, деңгээлибизди көтөрөлү, биз таза болсок бийлик бутактары таза болот», - деп айтып иш баштаганбыз. Мен ачык эле буйрукка иштеген журналисттердин атын да атагам. Ошондо кайра бизге атака жасалды да, кесиптештерибиздин бири гезитке: «Улан Эгизбаев Атамбаевдин кайниси», - деп жазып чыкты. Азыркы учурда элибиз чындыкка караганда калп, имиш, ушактарга көп ишенишет экен. Чындыгында анын жазганы эч кандай чындыкка коошпойт. Былтыр да Атамбаевдин колунан «Ардак грамота» алганымда дагы айтып чыгышты. Ал сыйлык Атамбаевдин жеке сыйлыгы эмес, мамлекеттин сыйлыгы да.

– Кыргыз тилди кадырлаган балдардын бирисиң, көчөдө кайсы тилде сүйлөйсүң?

– Мен 100 пайыз кыргызча сүйлөйм. Андай принцибимди билбегендер орус тилин билбейт деп ойлошу мүмкүн, абдан эле аргасыз болгондо орус тилинде сүйлөбөсөм кыргызча сүйлөйм.

– Техникага кызыгасыңбы?

– Тамашалап Чыңгыз Айтматов, Өмүрбек Текебаев, анан мен автоунаа айдаганды билбейбиз деп коём. Чынын айтсам, автоунаа айдаганга такыр кызыкпайм. Менин атам да кызыкпаган киши: «Айылда баары такси айдап, жалгыз эле кардар мен болуп калсам экен», - деп тамашалап калат. Атамдай болуп мен да кызыкпайм, бирок үйрөнүп койгом. Эгерде кызыксам автоунаа алып алсам керек эле. Дайыма коомдук унаа менен жүрөм, айла жок шашылыш болсо гана такси чакырам. Акыркы убакта коомдук унаадан ыңгайсыздык жаралчу болду, айдоочулар мени таанып калып: «Төлөбөй эле кой», - деп калышат. Ошондуктан көз айнек тагынчу болуп калдым. Ал эми уюлдук телефонумду алганыма 4 жыл болуп калды, алмаштырбай көтөрүп жүрөм. Жаңы чыккан телефондорго деле кызыгуум жок, жөнөкөйлүктү жактырам.

 

Динара ЧОКОЕВА

Эскертүү: Lady.kg сайтынын материалдары редакциядан уруксат алгандан кийин гана көчүрүлүшү шарт.