Кимдин миллионер болгусу келет? ЖЕ ДҮЙНӨЛҮК БАЙЛАРДАН ТҮРКҮН КЕҢЕШТЕР

Албетте, ийгиликке жетүү үчүн тигил же бул бай адамдын кеңешин аткарып коюп отура берүү жетишсиз. Ийгилик туура ой жүгүртүп, көп иштеген адамга келери белгилүү. Ошентсе да төмөндөгү дүйнөлүк бай адамдардын өз жашоосунда пайдаланып жүргөн тажрыйбалары сиз үчүн ашыкчалык кылбаса керек.

 

Дэвид Кох

Бул миллиардердин материалдык абалы 48,3 миллиард доллар. Ал эми киреше булагы болуп “Koch Industries” (“Кох индустриясы”) холдинг компаниясы эсептелет. Анын компаниясы бир нече тармакта ишмердүүлүк жүргүзөт: мунай иштетүү, түтүктөрдү куруу, стакандарды жана салфеткаларды чыгаруу ж.б. Дэвид билим берүү тармагына гана кайрымдуулук кылат. Мисалы, 2014-жылы афро-америкалык студенттерди колдоочу фондго 25 миллион доллар өлчөмүндөгү грант бөлүп берген.

"Чыныгы миллионерлер эч качан балдарын кымбат оюнчуктар, ар түрдүү гаджеттер менен эркелетишпейт. Байлардын балдары үчүн сараңдык кылбаган жалгыз нерсеси - алардын билимине аянбай акча коротуусу. Анткени келечекте балдары үй-бүлөлүк бизнесин, ишмердүүлүгүн татыктуу уланта билиши керек."

 

 

Марк Цукерберг

Facebooк социалдык тармагын 19 жашында түзүп, кийинчерээк бай адамдардын катарына кошулган Марк Цукербергдин учурдагы материалдык абалы 56 миллиард долларды түзөт. Жөнөкөйлүктү жактырган миллиардер жубайы Присцилла экөө кыздуу болгондон кийин Фейсбуктун акцияларынын 99%ын кайрымдуулук иштерине коротушкан. Инстаграм жана WhatsApp социалдык тармактарын да өз карамагына өткөрүп алган.

"Жардам бериңиз. Акча үчүн жардам бербеңиз. Чын дилден, чын жүрөктөн өзүңүз каалаган адамдарга гана жардам бериңиз. Дайыма жардам сурап жүргөн адамга көмөк көрсөтпөңүз. Анткени алар ушундай аракети менен коомду булгашат. Адамдардын боорукерлигинен пайдаланып калууну көздөшөт. Чөйрөңүздү тек гана досторуңуз жана туугандарыңыз менен чектебеңиз. Канчалык көп сандагы адамга жардам берсениз, ошончолук көп адам сизге көмөгүн көрсөтөт."

 

 

Дональд Трамп

“Forbes” журналынын версиясы боюнча, анын материалдык байлыгы 4,5 миллиард доллар. АКШдагы эң бай адамдардын катарында 113-орунда турса, дүйнөдөгү эң бай адамдардын арасында 324-орунда. Трамп жана анын балдары негизинен асман тиреген имараттарды куруу менен алектенишет. Бизнес жаатында бир катар китептердин автору, АКШнын президенти.

"Мен мурда арзан костюм жана башка арзан буюмдарды сатып алганым менен сыймыктанчумун. 100 долларга сатып алчу нерсеге 1000 доллар төлөгөндүн не зарылчылыгы бар деп ойлочумун. Бирок мезгилдин өтүшү менен туура эмес кылганымды түшүндүм. Азыр мен абдан сапаттуу бут кийим сатып алам, ал узак убакытка кызмат кылып берет. Ал эми арзан нерсе болсо көп кийилгендей көрүнүп, канчага сатып алсам, ошончолук баада болуп көрүнөт. Биз оозубузду ачып сүйлөгөнгө чейин эле кийим биз тууралуу көп нерсе айтып турат."

 

 

Уоррен Баффетт

Бул миллиардердин болсо каржылык абалы 75,6 миллиард долларды түзөт. Анын 60тан ашуун компанияларда үлүшү бар. Баффетт менен Билл Гейтс жакын достордон болушат. Экөө биргеликте “The Giving Pledge” (“Тартуу кылуу, кайрымдуулук кылуу анты”) деген компания түптөшкөн. Ага мүчө болгон миллиардерлер кайрымдуулукка өз мүлкүнүн аз дегенде 50%ын сарпташы керек болот. Ал эми Баффетт кирешесинин 99%ын кайрымдуулукка жумшайт.

"Сиздин муктаждыктарыңызга жооп бере турган үйдү алыңыз. Мен эсебимде миллиарддаган долларларым болгонуна карабастан чоң сарайга көчүп алуунун камын көргөн жокмун. Дале болсо 1958-жылы 31,500 долларга сатып алган 5 бөлмөлүү үйүмдө жашап келем. Мени бул үйүмдөгү шарттар толугу менен канааттандырат. А чоң үйдүн чыгашасы да чоң болот, анын эмне кереги бар?"

 

 

Лилиан Беттанкур

Дүйнөдөгү эң бай айым катары белгилүү. Анын материалдык байлыгы 39,5 миллиард долларды түзөт. Киреше булагы катары L’Oreal косметикалык каражаттарды чыгаруучу компания эсептелет.

"Кыялданыңыз. Кыялдануу – бул алдыга сүрөп турчу эң бир күчтүү кыймылдаткыч. Кыялдарыңыздын ишке ашарына ишениңиз. Бирок эч бир учурда фантазия куруп албаңыз, анткени ал ишке ашпайт. Адам кыялданууну токтоткондо, анын өз алдынча өнүгүүсү токтоп, прогресс болбой калат."

 

 

Джефф Безос

Бул америкалык жеке ишкер - Amazon.com интернет компаниясынын негиздөөчүсү жана жетекчиси. Безос бул интернет компанияны 1994-жылы түзүп чыккан. “Amazon” 2015-жылы 107 млрд киреше тапкан. Дүйнөдөгү эң бай адамдардын катарын толуктайт. Анткени материалдык абалы 72,8 миллиард долларды түзөт.

"Бай адамдар менен баарлашыңыз. Жакыр адамдар сизди ылдыйга тартып, тобокелчиликке барууңузга тоскоолдук жаратышат. Жакыр чөйрөдө байларды жактыра беришпейт. Акча табууну билген адамдар менен баарлашыңыз, алардын тажрыйбасын алыңыз. Бул абдан баалуу нерсе болот. Анткени китептерде бул жөнүндө жазышпайт. "

 

 

Билл Гейтс

Америкалык ишкер жана коомдук ишмер болуп эсептелет. Материалдык абалы 86 миллиард долларды түзөт. Соңку 23 жылда “Forbes” журналынын версиясы боюнча, 18 жолу катарынан дүйнөнүн эң бай адамы аталып, биринчиликти бербей келе жатат. Ал Пол Ален менен биргеликте “Microsoft” компаниясын негиздеген. Миллиардердин басым жасаган ишмердүүлүгүнүн бири - “Билл жана Мелинда Гейтстин кайрымдуулук фонду” болуп эсептелет. Анын башкы максаты – саламаттыкты сактоо тармагын жакшыртуу жана жакыр жашаган өлкөлөрдөгү ачкачылык менен күрөшүү.

"Үй-бүлөңүз менен көбүрөөк убакыт өткөрүңүз. Анткени сиз дал ушул жакындарыңыз үчүн күнү-түнү аракет кылып, жаңы бир бийиктиктерди багындырып жатпайсызбы. Эгерде үй-бүлөңүздөн алыс болсоңуз, жетишкен ийгиликтериңиздин кандай мааниси бар?"

 

 

Майкл Блумберг

Бул америкалык миллиардер алгач Нью-Йорк шаарында мэрлик кызматын аркалап жүргөн. Ал эми жеке ишкерликке кийинчерээк 2015-жылы кайтып келген. Анын ысымын алган “Bloomberg LP” компаниясы каржы жана жеке ишкерлик боюнча маалыматтарды топтоп иш жүргүзөт. Майкл Блумберг Америкадагы эң колу ачык адам катары да белгилүү. Материалдык байлыгы болсо 47,5 миллиард долларды түзөт.

"Кайсы гана товарды сатып албаңыз же кызматты пайдаланбаңыз соодалашуудан тартынбаңыз. Сизге ыңгайлуу шарттар болгонго чейин аракет кылыңыз. Кур намысынын айынан өз акчасын үнөмдөөдөн качкандык - бул кемпайлык, жеткен акылсыздык деп билем."

 

 

Амансио Ортега

Бул миллиардердин байлыгы 25 миллиард доллар болуп эсептелинет. Мексикалык жеке ишкер кийим сатуу менен алектенет. 1975-жылы “Zara” фирмасын негиздеген. “Inditex” компаниясынын ээси болуп саналат. Жалпысынан 4500ден ашуун кийим дүкөнү 73 өлкөдө иш алып барат.

"Күндөлүк жазыңыз. Оюңузга эмне келсе, кандай идеялар пайда болсо баарын ийне-жибине чейин жазып чыгыңыз. Анда бош бет калбасын, анткени сиздин такыр эч нерсе жасабаган күнүңүздүн болушу мүмкүн эмес да. Ал күндөлүккө өзүңүздүн бардык жеңиштериңизди, ийгиликтериңизди, утулуштарыңызды жана жеңилүүлөрүңүздү жазыңыз. Ал тууралуу эстеп туруу керек. Анткени алар баалуу тажрыйба болуп саналат. Жеңилүүлөр, ыза болуулар ийгиликке караганда 10 эсе көп эске түшөт. Ошондуктан маанайыңыз чөгүп турган кезде күндөлүгүңүздү ачып “Ийгиликтер” деген бөлүмүн окуп чыгыңыз."

 

Айзирек УРМАТБЕКОВА

Эскертүү: Lady.kg сайтынын материалдары редакциядан уруксат алгандан кийин гана көчүрүлүшү шарт.