Үй шартындагы маска – алмашкыс косметикалык каражат

Көп айымдар муну билбестен, беттин сулуу болушу үчүн крем, тоник, лосьон жетиштүү деп ойлошот. Бул жаңылыштык. Албетте, беттин тонуна, абалына жараша тандалган болсо, ал жакшы натыйжа берет. Бирок үй шартында жасалган маска андан эки эсе эффективдүү.

 

 

Ашкабак – бетти жылмакай кылуучу өсүмдүк

Алгач жаңы бышкан ашкабакты тазалайсыз. Анан анын бир азын кыргычтан өткөрүп кол менен сыгып, ширесин кебез менен бетиңизге сүйкөйсүз. 10 мүнөттөн соң жылуу сууга жууп салып, бетиңизге кайрадан кыргычтан өткөрүлгөн бөлүгүн жабасыз. 15 мүнөттөн кийин компрессти салкын сууга жууп таштасаңыз, бетиңиздин териси жылмакай болуп чыга келет. Мындай жол менен жасалуучу ашкабак маскасын жумасына 2-3 жолу колдонууга болот.

 

 

Банан терини жумшартат жана агартат

Курамы:

• 1 банандын жарымы

• 1 жумуртканын сарысы

• 1 чай кашык өсүмдүк майы

Колдонулушу:

Азыктарды жакшылап аралаштырасыз. Пайда болгон масканы бетиңизге жаап, 15 мүнөттөн соң жылымык сууга жууп койсоңуз, териңиз жумшак болуп жүрөт. Жумасына 3 жолудан такай колдонуп жүргөн шартта бул ыкма бара-бара бетти агартып, анча-мынча тактардан арылууга көмөк берет.

 

 

Курма менен теринин кургактыгынан кутулууга болот

Бир кабыгы аарчылган, данектери тазаланган курманын бир аш кашык ички маңызына бир жумуртканын сарысын, бир чай кашык бал жана бир аш кашык күн карама майын кошуп, даяр болгон аралашманы бетиңизге 15-20 мүнөткө сүйкөйсүз. Андан кийин жылуу суу менен жууп салып, калган курманын эле маңызын сыйпайсыз. 10 мүнөттөн кийин жууп койсоңуз жана бул масканы көбүрөөк пайдалансаңыз, сиз бат эле териңиздин кургаганынан арыласыз.

 

 

Алмурут – бетти тазалоочу азык

Бир алмурутту аарчып, тазалап кыргычтын майда тишинен өткөрөсүз. Ага майдаланган сулунун данын же данынан жасалган азыкты (хлопья) кошуп, бирдиктүү масса болгуча аралаштырасыз. Анан муну бетиңизге сүйкөп, 15 мүнөттөн кийин кайнап, кайра муздаган сууга жууйсуз. Биринчи маскадан кийин эле беттин тазарганы, майда тактардын, безеткилердин азайганы байкалат. Бул ыкманы бир жумада бир эле жолу жасоону эсиңизге түйө жүрүңүз.

 

 

Гүлайым КАЛЫБЕКОВА

 

Эскертүү: Lady.kg сайтынын материалдары редакциядан уруксат алгандан кийин гана көчүрүлүшү шарт.