Ырчыларды кимдер сулуулайт?

Теледен, концерттерден көрүп биз суктанып жүргөн ырчылардын сулуулугуна сулуулук кошуп, кемчилигин жашырып ажарын ачкан визажист кыздарыбыз көп. Алардын айрымдары жылдыз кардарларын кантип сулуулагандыгы тууралуу айтып беришти.

 

Мээрим Төрөкулова: “Самара Каримованын бет териси көйгөйлүү”

Жашы: 24тө

Визажисттик тажрыйбасы: 6 жыл

Кызмат акысы: 800 сомдон 2000 сомго чейин

Кардарлары: Гүлнара Кахарова, Самара Каримова, Назира Жетигенова, Гүлжайна Атаканова, Алина Жетигенова, Азиза Адиева, Айнура Салахидинова, Гүлянда, Гүлбү Ороскул кызы, Жумагүл Райымжан кызы, Гүлзат Байзакова, Салима Балтаева, Нуриса Абазова, Гүлнур Асанова, кыскасын айтканда, ырчылардын 80 пайызы .

– Негизи ар бир айым сулуу, болгону биз алардын сулуулугун арттырып коёбуз. Кардарларымдын тилин жакшы билип алгам, ошого жараша жасай берем. Мисалы, Гүлнур Асанова табигыйлыкты, нукуралыкты жактыргандыктан ар бир келген сайын бир кылка макияж жасаткандан тажабайт. Кичине эле бир жерине өзгөчөлүк киргизсең:“Башкача болуп калды”, - деп чырылдап баштайт. Ал эми Самара Каримова, Алина Жетигеновалар болсо ар келген сайын бири-бирине окшобогон макияж жасатып эксперимент кылганды жакшы көрүшөт. Самаранын кашы, көзү ансыз деле кара болгондуктан кара түскө боёбогонго аракет кылам. Бет териси көйгөйлүү. Бетинде кара тактары бар, аны жабыш үчүн тоналдык кремден көбүрөөк чаптайм. Анан мурдун кырдач көрсөтүү керек. Бирок бет түзүлүшү өтө түздөп, оңдоого муктаж эмес. Узун жана калың болгондуктан чачын 40 мүнөт жасайм. Самараны сулуулаганга жалпысынан 1,5 саат коротом.

 

Самара Каримова визажисти тууралуу:

– Мээрим менен иштешип жатканыма 4 жыл болуп калды. Мени боёгону өзүмө аябай жагат. Башка деле көптөгөн визажисттердин кызматын пайдаланып көрдүм, бирок Мээримге аябай көнүп калыптырмын. “Колуң гүл”, - деп көп айтам өзүнө дагы. Кармалап жатып эле чачымды да бат эле жасап коёт. Ошондуктан концерт берсем кээде Ошко да алып кеткен учурларым болот.

 

 

Гүлзат Иманалиева: “Аида Салянова көрүнбөгөн макияж жасатат”

Жашы: 42де

Визажисттик тажрыйбасы: 10 жыл

Кызмат акысы: 800 сомдон 2000 сомго чейин

Кардарлары: Кенже Дүйшеева, Асел Турдалиева, Айпери Кубик кызы, Нурайым Азыкбаева, Айчүрөк Иманалиева, Чолпон Талипбек, Алтынай Нарбаева, Салтанат Саматова, Айгүл Курманова, Аида Салянова

– Айымдарды сулуулагандан ырахат алам. Алардын жүзүндөгү кемчиликтерин жашырып, сулуулугун арттыруу - бул менин жумушум. Асел Турдалиеванын бети жылмакай, аны жасаган мага оңой. Болгону көзү сезимтал болгондуктан косметиканы абайлап тандабасаң көзү кызарып, жашы агып кетет. Ал эми Салтанат Саматованын көзүнүн сурмасы жок болгондуктан жасалма сурма чийип, анан боёйм. Айпери Кубик кызынын көзү чоң да эмес, кичине да эмес болуп боёгонго өтө ыңгайлуу. Бирок мурдунун учу барпайган. Ошондуктан мурдунун учун ичкертип, кырын чыгарып жасалгалайм. Бетинде бир аз кызыл тамырлары чыгып турат, аны жабам. Мындан башка маселе жок. Депутат Аида Салянова көбүнчө билинбеген макияж жасатат. Ага көп убакыт коротуп жасаган макияжыңды бир карасаң билинбейт, кайра карасаң боёлгондой болуп турат.

 

Айпери Кубик кызы визажисти тууралуу:

– Азыр жаш визажисттер аябай көбөйүп кетти. Карасаң ырчылардын баарынын бетин окшош кылып боёшот. А Гүлзат эже бул жаатта Америкага чейин барып билим алып келген тажрыйбалуу визажист. Ошондуктан клип тарттырганда, концерт, телелерге тартылганда сөзсүз бул эженин кызматын колдоном. Себеби эч кимдикине окшоштурбай ар бир кардардын өзүнүн өзгөчөлүгүнө көңүл буруп жасайт. Сенин стилиңе, кийимиңе, тойго же концертке, айтор, барган жериңе карап жараштырып жасаганы жагат.

 

 

Жаңылай Алмаз кызы:  “Айгерим Расул кызын боёгонго көп убакыт кетет”

Жашы: 21де

Визажисттик тажрыйбасы: 2 жыл

Кызмат акысы: 700 сомдон 1500 сомго чейин

Кардарлары: Айгерим Расул кызы, Гүлнара Калдарова, Айжамал Кабылова, Самара Каримова, Айпери Кулбаева, Неля Нуркулова, Жүмагүл Райымжан кызы жана башкалар.

– Мен кардарлардын өзгөчөлүктөрүнө басым жасап сулуулайм. Мисалы, Гүлнара Калдарованын көзүнүн түсү өзгөчө, макияж жасаганда ошону ачык көрсөткөнгө аракет кылам. Ал эми Айжамал Кабыловага кандай стилдеги макияж жасаба жараша берет. Себеби өзү кара тору болгону менен мурду кырдач, чап жаак, көзү жана сурмасы чоң да, бүтүк да эмес. Айжамал эжеге макияж жасаганда ак баракка сүрөт тарткандай эле шыр кетет. 20 мүнөттө боёп бүтүп коём. Бул ырчы көбүнчө “дерзкий” макияжды жактырат. А Айгерим Расул кызы болсо, тескерисинче, назик, табигий макияж жасатат. Айгерим эже менен көбүрөөк иштегенге туура келет. Себеби бир аз чыргоо, анан өзүнүн талаптары көбүрөөк. Боёп баштаганда эле: “Мени жаш көрсөтө тургандай макияж жасап бер”, - деп суранат. Болбосо бул ырчынын көздөрү кара, бакыракай, сурмалары чоң, ак жүздүү болуп сулуулаганга оңой. Бирок биз Айгерим эжени жаш көрсөтүү максатында көп убакыт коротобуз.

Айжамал Кабылова визажисти тууралуу:

– Жаңылайдын бизди боёп баштаганына бир жарым жылдай болуп калды. Башында үйрөнчүк болчу, азыр тажрыйбалуу болуп ырчылардын баары Жаңылайда кезекте турушат. Мен ага ишенем.Барганда эле уктайм, ал: “Жасап бүттүм”, - дегенде туруп карасам супсулуу болуп калган болом.

 

 

Мээрим Нурдинова: “Роза Шакированын мурдун кырдач кылып жасайбыз”

Жашы: 26да

Визажисттик тажрыйбасы: 2 жыл

Кызмат акысы: чөнтөккө чак

Кардарлары: Асель Кадырбекова, Роза Шакирова, Назгүл Токтакунова, Фарида Карбосова, Нуркыз Кожонова, “Кеңеш” тобунун солисткасы Гүлмира, Кыздаркан Келдибекова, Назира Кадыева жана башкалар.

– Макияжды ар бир айымдын бет түзүлүшүнө жараша жасайм. Башында ырчылар “каприздерин” көрсөтүп жатышкан, азыр көнүп калдым. Себеби алардын кимисине кандай макияж жагат, аны жакшы билем. Жазылган убактысынан кечикпей Фарида Карбосова келет. Бул эженин көзү чоң, аны бир аз кичирейтип, оозун оймок ооз кылып боёбуз. Ал эми Роза Шакированын мурдун кырдач кылып көтөрөбүз, бети тегерек болгондуктан сүйрү формага келтиргенге аракет кылабыз. Роза эженин бетин боёгондо анча деле маселе жаралбайт. Болгону көзүн чоңойтуп, бакырайта боёш керек. Анан сөзсүз кирпик чапташ керек, себеби ийилген узун кара кирпик көздү ачып коёт.

 

Роза Шакирова визажисти тууралуу:

– Өтө сулуу болбосом дагы мен өзүмдүн келбетиме ыраазымын. А Мээримге баргандан кийин өзүмдү өтө эле сулуу сезип калам. Себеби Мээрим бетиңди эле сулуулабастан, жылуу сөз менен жан дүйнөңдү да сулуулап маанайыңды көтөрүп жөнөтөт. Мээримдин кызматын пайдаланганыма 2 жылга жакындап калды.

 

Нуриса БАЯЛИЕВА

Эскертүү: Lady.kg сайтынын материалдары редакциядан уруксат алгандан кийин гана көчүрүлүшү шарт.