Үйүндө бала үнү жаңыргандар

Бала кандай бакыт. Жашоодо ар бир адам балалуу болууну тилек кылып, бала үчүн жашайт эмеспи. Бүгүнкү күнгө чейин ар бир үй-бүлө бала бактысына ээ болуп, кичинекей балдар менен катарыбыз толукталып келет. Сентябрь айы да жакшы ай болуп, бир канча үй-бүлөлөрдүн үйүндө бала үнү жаңырды. Белгилүү инсандардан Мерген Турган неберелүү болсо, Дайыр Исмадияров, Мирзат Мукановдор биринчи жолу ата болуп кубанычтары коюндарына батпай турат.

 

Дайыр Исмадияров: «Балабыздын келечегин ойлоп, балким, жарашарбыз»

- Дайыр, бешик бооң бек болсун! Быйыл гастролдоо боюнча алдыңа киши салдырган жоксуң го, ошол күнү да гастролдо белең?

– Ооба, ошол күнү да гастролдо болчумун. Жубайым Жанара Жалал-Абадда эле, биз да аталган облустун аймактарында жүргөнбүз. Анан Кербен районуна барганыбызда Жанара толгоосу башталганын айтып чалды. Ал ошол күнү эле түндөсү төрөт үйүнө барган. Мен барайын десем толгоосу жай болуп, кайра жанып кетип атты. Улам чалып турдум. Эртеси күнү гана кечке маал толгоосу чындап башталды. Азыр аялы төрөгөндө күйөөлөрү да кошо кирет турбайбы? Мен жанында болсом да кирмек эмес экенмин, анын кыйналып жатканын телефондон сүйлөшкөндө эле билип чыдабай жаттым. Жанында болсом не болмокмун билбейм. Кайнежем менен улам СМС билдирүү жазышып сурап турдум. Концерт бүткөндөн кийин гана Жанара өзү телефон чалып: «Баатыр төрөдүм», - деп сүйүнчүлөдү. 5-сентябрь күнү жарыкка келди. Ага чейин эч кандай сезим болгон эмес. Чогуу жүргөн артисттерге: «Балалуу болгондо толкундоо болот дешчү эле го, менде эч нерсе болгон жок», - десем, «туруп тур, көрөсүң», - дешкен. Уулум төрөлгөндөн кийин абдан толкунданып, бир жерге тура албай сахнанын ары жагына бир чуркайм, бери жагына бир чуркайм. Тамактанып алалы десек же тамак өтпөйт. Жанымдагылар: «Толкундануу ушундай болот. Сени көрүп биздин ыйлагыбыз келип атат, абалың, бактың көрүнүп турат», - деп күлүп калышкан.

– Балаңа качан келдиң?

– Уккандан кийин эле чыктым, 4 сааттык убакыттай жол эле, түнкү саат 3тө төрөт үйүнө жетип бардым. Алдын ала гүл алдырып койгом, дүкөнгө кирип эмне аларымды билбейм. Көзүмө чоң мамалак көрүндү эле, ошону алып кирип бардым. Баламды жаңы көргөн учурду сөз менен айтып жеткире албайм. Колума алганда ыйласа да ошол мен үчүн ырахат болду. Жаңы төрөлгөн бала кечке уктай берет турбайбы: «Ойгонуп, мага деле көңүл буруп койчу», - деп калам. Уулумдун атын Дастан деп атадык. Бул убакка чейин байкелеримдин балдарына интернеттен өзгөчө аттарды издеп атып өзүм койчумун. Андыктан мени балама да өзгөчө ат коёт деп күтүп атышыптыр. Бирок мен нукура кыргызча ат коёюн, кыргыз элине кызмат кылган бала болуп, өмүр бою дастан болуп калсын деп ушундай атадым.

– Кимге окшош?

– Баламдын апама окшош экени биринчи күнү эле билинди. Мага чейин апам жетип барыптыр, анан мага телефон чалып: «Ай, кирип барсам, өзүмө окшош бала жатат», - деп кубанып айтып атпайбы. Баламдын сүрөтүн көргөн жакындарым да апама окшоштуруп атышат. Мен апама окшошмун, демек, балам мага да окшош.

– Азыр үй-бүлөң менен чогуусуңбу?

– Жанара учурда өзүнүн үйүндө, аялзаты төрөгөндөн кийин апасы тыңытат турбайбы. Мен болсо Бишкектемин. Жанарага улам чалып баламды сурап турам. Ал мага күндө видео жөнөтүп турат. Азыр интернетти карап балама эмне алам деп ошол менен алек болуп атам. Биз бала кезде эч нерсе деле жок эле, азыр балдарга арналган түрдүү буюмдар чыгып калыптыр.

– Бала жубайларды жакындаштырат дешет го, ушул нерсени байкадыңбы?

– Чынын айтканда, биз бул убакка чейин жараша элек болчубуз. Интернетте элдер биздин жашообузга кийлигише бергенинен улам: «Бизде баары жакшы, биз бактылуубуз, жараштык», - деп койгонбуз. Анда да жакшы маани берип уксаңар: «Биз жашап атабыз», - деп айткан эмесмин. Бала төрөлгөнгө чейин таарынычта жүргөнбүз. Таң калыштуу нерсе азыр экөөбүз тимеле урушпагандай, таарынышпагандай биргеликте чечим чыгарып калдык. Мурда бир чечимге келишибиз кыйын болчу. Мага жаккан нерсе Жанарага жакпайт, ага жакса мага жакпайт. Азыр Жанарага бир нерсе жагып: «Балага муну алыш керек», - десе, бала үчүн баарына макулмун. Эми биздин мындан аркы жашообузду убакыт көрсөтөт, азыр эч нерсе деп айта албайм. Бирок Бишкектен бат-бат Жалал-Абадга бара турган болуп калдым. Балабыздын келечегин ойлоп, балким, жарашарбыз.

 

 

Мерген Турган: «Неберемди карайм деп бир айга эс алууга чыгып алгам»

- Мерген мырза, чоң ата болуу бактысы кандай экен?

– Чоң атанын кубанычында, бактысында чек жок. Учурда неберемди карап анын жанында олтурам. Небере деген башкача, өзгөчө таттуу болот экен. Уулум Бексултан менен келиним мени 7-сентябрь күнү небере кыздуу кылышты. 4-төрөт үйүндө, кечки саат 5 жарымда жарык дүйнөгө келди. Атын болсо Үмүт деп өзүмдүн апамын атынан койдум.

– Апаңыздын атын коюуну мурда эле ойлоп жүрдүңүз беле?

– Ооба, мурунтан эле апамдын атын өчүрбөй небереме койсом деп ойлочумун. Анан кыз төрөлгөндө: «Апамдай жакшы айым болуп, көп балалуу болсун», - деп ушул атты коюп алып, өзүмдүн жүрөгүм да толуп калды. Анткени апамды жоготкондон бери жаман болуп жүргөм. Бул атты баары жакшы кабыл алып, жактырып атышат.

– Баладан өзгөчө болот экенин байкадыңызбы?

– Чынында балалуу болгондо мынчалык толкунданган эмесмин. Неберемдин жытына мас болуп, жанынан чыкпай жыттап эле жатам. Атайын жумушумду токтотуп, неберемди карайм деп бир айга эс алууга чыгып алгам. Азыр керээлден кечке караганым эле ушул кыз. Апасынан бошору менен алып алам да эч кимге бербейм. Неберем жоош, кечке уктай берет, бизге азыр анын ойгоо учуру кызык болуп атайын ойготуп алабыз. Бир карасам мага, бири карасам чоң апасына, атасына, апасына, кудагыйым Жыпара Исабаевага да окшошуп, кыскасы, баарыбызды таарынткан жок.

– Мурункудай эмес, токтоо Мерген Турган болуп калыптырсыз, неберенин үнү токтолткон го?

– Ооба, чоң ата деген статуска ээ болдум. 49 жашымда чоң ата болдум, Кудайга шүгүр деп олтурам. Нереберемдин фамилиясы менин атымдан болду. Азыр бала көргөндөрдүн аягы үзүлбөй бакытка балкып турам.

 

 

Мирзат Муканов: «Эң алгач ата-энеме сүйүнчүлөдүм»

- Мирзат, алгач ирет ата болуп олтурасың, сезимдериң кандай?

– Абдан кубанычтамын, 11-сентябрь күнү уулубуз жарык дүйнөгө келди. Айзуура экөөбүз тең биринчи жолу бала жытын жыттап, өзгөчө сезимде болуп турган кезибиз. Ошол күнү мен Ысык-Көлдөн келе жаттым эле, балам төрөлгөн учурда жолдо болуп бир сааттан кийин гана келдим.

– Кубанычыңды алгач кимге айтып, кимге сүйүнчүлөдүң?

– Балам төрөлгөнүн айтып мага телефон чалышкандан кийин дароо эле эң жакын адамдарым болгон ата-энеме чалып, алар менен кубанычымды бөлүштүм. Андан кийин өкүл ата, өкүл энеме чалдым, ошентип жакындарымдын баарына катары менен сүйүнчүлөп чыктым.

– Балаңдын атын өзүңдүн атыңа уйкаштырып койгонсуң го э?

– Уулумдун атын Мырза деп атадык. Мырза деген биздин алтынчы атабыз болгон экен. Атабыздын атын улап, кыргыздын нукура аты деп ушул атты тандап алдык. Уулубуз келечекте мыкты мырза болсун деген ниетибиз бар.

 

Динара ЧОКОЕВА 

Эскертүү: Lady.kg сайтынын материалдары редакциядан уруксат алгандан кийин гана көчүрүлүшү шарт.