Кайдасың азыр, каралдым?

Ачык күрөң түстөгү чолок пальточон, башына кызыл шарфын тыкыйта салынып алган орто бойлуу, арык чырай жаш аял колуна желим баштык кармап, күүгүм маалда тепкичтер менен өйдө көтөрүлүп, төртүнчү кабатка чыгып баратты. Баштыгында бир бөлкө наны, беш-алты жумурткасы, дагы майда-чүйдөсү бар. Бу тепкичтердин жарыгын күйгүзүп, оңдоп коёюн деген эч ким жок. Жашагандардын баарысы эле эртели-кеч караңгыда сыйпалап келишип, өз эшигин таап, бир бөлмө үйлөрүнө кирип-кирип кетишет да, ошону менен дым болушат. Алиги аял караңгыда тепкичтерди аярлай басып, төртүнчү кабаттагы өз эшигинин тушуна келип, чөнтөгүнөн ачкычын сыйпалап таап каалгасын ачты. Босогосун аттары менен жарыгын чырк эткизип күйгүзүп, эшигин кайра шарт бекитип алды.

Бул үйдө ал жалгыз жашайт. Башта курбу кыздары менен чогуу турчу ушул бөлмөдө. Баарысы кийим тиккен фабрикада иштешчү. Окууга тапшырабыз деп элеттен келишип, өтө албай калган кыздардын көбү кайра айылга кеткиси келбей ушул фабрикага үйрөнчүк болуп кирип, жумушка орношуп калышар эле. Анан аларды тигүүчүлүккө байлап койгонсуп эч жакка кетпей, ал тургай көбү күйөөгө да чыкпай, таңдан кечке күркүрөп-шаркыраган машинелердин, дөбө-дөбө болуп үйүлгөн кездемелердин арасында баш көтөрбөй иштей беришчү. Күн артынан күндөр зуулдап өтүп, айлар жылга кантип алмашып жатканын элес албай калышчу. Жумушчу кыздарга сөзсүз жатакана берилчү. Мына, алиги аялдын үйү - анын жумушчу кезиндеги жатаканасы эле. Заман оодарылып, чоң-чоң ишканалардын иши токтоп менчикке өтүп, айтор, баштагы бир калыпта өтүп жаткан жай турмуш эми күн сайын, саат сайын өзгөрүп жатты. Фабриканын иши солгундап, айлык акы кечиктирилип, жумушчуларды кыскартуу башталды. Баалар кымбаттап, акчанын күчү кете баштады. Мындай болору эч кимдин оюна келген эмес. Акыры жумуш таптакыр токтоп, кыз-келиндердин көбү башка иш издешип, базарга чыгышып, айрымдары бош олтуруп калышты. Анан алар турган жатакана менчикке чыгарылып, жашап жаткандарга сатылат экен дешти. Акыры ошондой болду. Баасы арзан эле бычылды. Эми бир бөлмө болсо да алардын өз менчиктери болуп калды. Ошондо алиги аялдын жанындагы курбу кыздары туш-тушка кетип калышып, өзү жалгыз ээлик кылып калган ушул бөлмөгө. Ошондон бери мында жалгыз жашайт.

Аялдын аты – Салима. Жашы отуздан ооду. Ал өзүнүн жаштыгын, өткөн жылдарын эстегиси келбейт, анын баарын акылынан өткөргөндөн качат. Эмнени эстейт? Кайсы жакшы күндөрүн ойлойт? Кайрадан жүрөгүн оорутуп, өкүткө батуунун эмне кереги бар? Ошондо эле тагдыры өзгөрүп кетмек беле?

Салима сырт кийимдерин чечип, халатын кийип, чоң жоолугун ийинине жаап эски диванына кыйшайды. Эми адатындай бөлмөнүн бурчун көпкө тиктеп телмирип жата берет. Уктап деле кетпейт. Же туруп бир иш менен алаксыбайт. Оо, бир кыйлага жатат. Өткөндү эстеп кереги жок дейт да кайра баары бир эстей берет. Анын өзөктү өрттөгөн өкүнүчү бар.

***

Салима жаш, баёо, ишенчээк эле . Окууга өтпөй калганда фабрикага үйрөнчүк болуп кирип, үч кыз бир бөлмөдө чогуу жашап калышты. Чарчаганды билбеген, балалыгы кала элек жаш, шайыр кыздар. Жаздын бир жакшы күнүндө Салима Жаныш аттуу жигит менен автобуста келатып таанышты. Жигит аны жатаканасына чейин узатып келди. Жаныш шыпылдаган кичипейил, куудул чалыш, кишинин ичи-коюнуна кирип кеткен ийкемдүү неме эле. Андай жигиттер жаш кыздарга бат эле жагат эмеспи. Салиманын татынакай экенин, көргөндө эле жагып калганын, азыр да анын жанынан кеткиси келбей жатканын айтып алиги жигит жатакананын кире беришинде кызды бир топко кетирбей турду.

Жакшы сөз кимге жакпасын. Кайсыл ургаачы эркектин жылуу сөзүн уккусу келбесин. Ошентип алар акырындап ынак болуп кетишти. Салима эми Жанышсыз өзүнүн жашоосун элестете албай калды. Күткөнү, ойлогону эле Жаныш. Анын айткандары- нын, чечимдеринин, сунуштарынын баарысын туура деп эсептейт Салима. Жигит андан жети-сегиз жаш чамасында улуу эле.

– Күркүрөгөн күз келгенде үйлөнөбүз, айылдагы ата-энемдин алдына барып чоң той өткөрөбүз, - деди бир күнү Жаныш.

Ошентип ысык сүйүүнүн илебине мас болуп, көзү алачакмактанган жаш кыз Жанышка өзүнө ишенгендей ишенди. Бакыттын кучагында балкып жүрүп бир күндөрдө кош бойлуу болуп калды. Буга ал бир чети кабатыр болсо, экинчи чети кубанычта болду. Жанында Жаныш турганда Салимага сарсанаа болуштун кереги жок эле. Кыздын боюнда бар экенин укканда Жаныш бир азга үндөбөй туруп, анан баары жайында болорун айтты. Ошентип алар болжошкон күз да жакындап келатты. Жаныш айылга барып ата-энесине бир аз кол кабыш кылып кайра келерин айтып, Салима менен коштошуп кетти. Бир аптадан кийин келмек. Кечиккенден кечикти. Салима жол карап, саат санап күттү. Бир ай өттү, эки ай өттү. Күз аяктап кыш келе турган болду. Бирок Жаныш кайрылып келген жок. Дайынын да билдирген жок. Көрсө, анын ошондо эле үй-бүлөсү, эки баласы бар экенин аны тааныгандар Салимага кийин-кийин айтышты. Кыздын кош бойлуу экени элге билинип, фабрикадагы кыз-келиндер күбүр-шыбыр сөздөрдү айта башташты. Өзү менен бир цехте иштешкен энесиндей курактагы аялдар бар эле. Ошолордун бири Күлүмкан эже экөөнүн цехтеги жумуш орундары жанаша болчу. Анын үстүнө Салима алгачкы алты айда Күлүмкан эжеге үйрөнчүк болуп бекитилген.Тикмечиликтин эң жөнөкөй эреже- леринен тартып, иштин ар кандай жагдайларына чейин айтып үйрөткөн. Эми минтип жаш кыздын алданып калып, чүнчүп жүргөнүн сезген Күлүмкан бир күнү Салиманы четке чакырып алып сүйлөштү: “Болору болуптур, эми боюңдан алдырба", - деди. "Кийинкиңди ойло, күйөөгө чыгып дагы балалуу болушуң керек, сен жашсың, турмушуң али алдыда”, - деди. Айтор, көп кеңештерин айтты. “Балаңды аман-эсен төрө да, багып алчуларга берип кой. Балага зар болгондор бөпөлөп өстүрүп алышат”, - деди. Мындай кеп-кеңештерден кийин Салима бир аз жеңилдей түштү. Кандайдыр эл алдында бети да ачылгансып калды. Бирөөлөргө берип кой деген кеңешин да эп көрүп, көңүлү бир аз тына түштү. Антпесе баласын кайда алып барып, кайда багат? Ата-энесине эмне деп жооп берет? Күлүмкан эженин кеңеши менен врачтын каттоосуна туруп, мыйзам боюнча фабрикадан болочок энелерге төлөнчү тиешелүү акчасын да алды. Күлүмкан эженин: “Эл айтып-айтып кала берет, жаш кезде ким гана жаңылбаган”, - деген сөзү кызды кадимкидей сооротуп, чыйралтып койду.

Ал ай-күнүнө жетип уул төрөдү. Чогуу жашаган курбу кыздары төрөт үйүнөн жатаканага чыгарып келишти. Баягы Күлүмкан эжеси баланы бере турган жерди да дайындап койгон экен.

– Үч-төрт күн өзүң эмиз, - деди ал. - Бала ууз сүткө кансын. Энесине аздыр-көптүр ыраазы болсун. Анан алып барып беребиз, эми өзүңдү ошого көндүр. Алар бөпөлөп багып ала турган колунда бар адамдар. Ата-энең билбеген бойдон калсын. Анын үстүнө замандын түрү бул болсо балаң тургай өз жаныңды багыш оңой эмес. Балалуу аялдын эрге тийиши да кыйын болот, - деди Күлүмкан.

Ошентип үч күндөн кийин жаш төрөгөн Салима баласын көтөрүп алиги аял экөө күүгүм талаш шаардын батыш тарабындагы темир жол вокзалына жакын жерге келип таксиден түшүп калышты. Бир аз жогору басып анан Кызыл-Аскер көчөсүнө кайрылышты. Аңгыча караңгы да кирип кетти. Көчөнү бойлоп бир топ жерге чейин жөө барышты. Бир убакта Күлүмкан үн катты:

– Сен эми ушул жерге токтой тур, мен байкап келейин, - деп алдыга басып кетти. Салиманын көзү караңгылап, жүрөгү дүкүлдөп, таман алдындагы жер аста чайпалып жаткандай болду.Баласын бооруна кысып алып шарт бурулуп качып жөнөгүсү келди. Жылуу оролгон төшөгүнүн ичинде наристе анда-санда кыбырап энесинин жүрөгүн ого бетер козгоп жатты. Салиманын көзүнөн аккан ысык жаш тыпылдап баласынын жуурканына тамып кетти. Ымыркайынын бетин ачып жылуу илебин жыттап-жыттап алды. Бооруна басты. Эмчеги чымырап ийип баратты. Көкүрөгү сууланып кетти. Наристе да кыбырап башын буруп, орогучуна оозун тийгизип эмчек издей баштады. Салима жолдун четиндеги арыктын кырына олтура калып баласы- на эмчек салды. Сүтү диркиреп кетти. Экинчи эмчегин алаканы менен басып турду. Курсагы ача түшкөн наристе чопулдатып эмип кирди. Бышылдап энтигип энесин акыркы жолу эмип жатканын сезгендей ууртунан агыза жан талашып соруп жатты.

– Эмип ал, күчүгүм. Эме гой. Энеңди кечир, балам. Атың да коюлган жок. Мейли, өздөрү коюшсун. Сен эми башкалардын баласы болосуң. Кечир мени, балам, - деп Салима ый аралаш үзүл-кесил шыбырап жатты. Курсагы тоё түшкөн ымыркай оозун бүлк-бүлк эттирип анан уктап калды. Энеси эмчегин акырын тартып алып, наристенин жүзүн коомай жаап койду. Аңгыча тигил аял жетип келди.

– Салима, жүрү. Үйлөрүндө окшойт. Бара берели, - деди шаша сүйлөп. Эки аял үн катышпай дагы бир топ жерге басышты. Заңгырата салынган эки кабат чоң үйдүн жанына келип токтошту. Терезелери күйүп туруптур. Айланасы бийик дубал менен тосмолонгон, жашыл кооз дарбазалуу үй экен. Аял эки жакты тегерете карады. Эч ким көрүнгөн жок. Салиманын колунан баланы ала коюп дарбазанын түбүнө аярлай жаткырды да, сол тарабындагы коңгуроону сөөмөйү менен удаа-удаа басты. Бир убакта босогонун жарыгы күйүп, үйдүн эшиги ачылып, эркек кишинин кобуранган үнү угулду. Аял кеттик дегендей ишарат кылды. Экөө келген жолу менен шыпылдап жөнөп кетишти. Салима артынан бирөө кууп келаткандай жүрөгү лакылдап, мас кишидей дендароо болуп, акыл-эсин жыйнай албай бара жатты.

– Эже, тигилер баланы көрбөй калбайбы? – энтигип шыбырап сурады Салима.

– Көрөт ботом. Сыртка чыгып карайт да, - ишенимдүү айтты аял.

– Дарбазанын сыртын карар бекен?

– Кам санаба. Карайт дебедимби?!

Ал эми тигил үйдөгүлөр ушул күндү күтүп жатышкан. Ушул күнү, ушул саатта эшигинин алдына эркек бала таштап кетишерин билишет эле. Балага коё турган ысымын даярдап, ороо-чулгоо алып, жата турган бөлмөсүн ыңгайлап, сүтүн бышырып, сыртка кулак салып элеңдеп сак турушкан. Коңгуроо удаа-удаа басыл- ганда аялы селт этип чоочуп, күйөөсүнө чык дегендей ишарат кылып, эки колун көкүрөгүнө кайчылаштыра басып туруп калган.

Бул үйдө жашаган Райкүл менен Мырзабектин баш кошкондоруна он жылдан ашты. Бири-бирине төп келишкен, бирин-бири сүйгөн жубайлар. Райкүл - өз ишине, турмушуна тыкан, айтчу сөздү бетке айткан чапчаң мүнөзү бар, чынчыл, калыс аял. Көздөгөнүнө жетмейинче жаны тынбайт, аракетчил. Ар бир ишти аягына чыгара жасайт. Башкалардын да ошондой болуусун талап кылып турат. Мырзабектин мүнөзү тескерисинче токтоо, чечим чыгарууга шашылбайт. Көп иштерди унчукпай жүрүп бүтүрөт. Бирок экөө бири-бирине абдан ишенишет. Бири-бирин толуктап турушат. Университетте чогуу окушкан. Башта экөө эки мекемеде эсепчи болуп иштешчү. Маяналары чеке жылытпагандыктан, анын үстүнө жакында кыскартуу болот экен деген имиштерден улам алар жумуштарын таштап, өздөрүнчө дүкөн ачып, бара-бара аны кеңейтип соода борборуна айлантышып, күндүр-түндүр иштеп, айтор, жасаган иштери үзүрлүү болуп, жакшы үй сатып алып, жашоо-тиричилигин мыктылашты. Көптөрдүн акыл-оюна буй түшүрүп кирип келген эсеп-чоттуу замандын катаал талабына ылайык иш кылышты. Бирок тагдырдын бир айыбы - балалуу болушпады. Кудайдын буйругу ушундай окшойт, бүгүн алардын үйүнө бала келди. Баркырап ыйлаган наристе алардын үйүндөгү мелтиреген тынчтыкты бузуп, Райкүлгө түйшүктүү кубаныч алып келди. Кермесине баланын бир карыш көйнөктөрү, кызыл-тазыл жалаяктары жайылып, айтор, алардын үйүнө чоң жаңылык кирди. Баланын атын Бектур коюшту. Жакын адамдарын үйүнө чакырышып, чакан бешик той да өткөрүштү. Эне сүтүн толук эмбей калганы эле болбосо Райкүл ымыркайды колунан келишинче бөпөлөп багып жатты. Бала күн санап тороло берди.

(Уландысы кийинки саныбызда)

 

Элмира Ажыканова.