Индиго балдар деген кимдер?

Алар такыр бизге окшош эмес. Анткени чоң адамдарга да, өзү теңдүүлөргө да окшобойт. Булар эркиндикти сүйүшөт. Эч кандай көзөмөлдө болууну каалашпайт, буларды башкарууга болбойт. Бүгүнкү күндө индиго балдардын феномени толук изилденип бүтө элек. Илимпоздор мындай балдардын ДНКсы кадимки адамдардыкынан айырмаланып башкача болот деп белгилешет. Индиго балдар деген деги кимдер?

 

Индиго балдардын пайда болуу тарыхы

“Индиго балдар” деген термин илимде 1978-жылы пайда болгон. Дал ушул учурда америкалык психолог жана экстрасенс  Нэнси Тэпп алгачкы индuго баланы аныктаган. Ал баланын аурасы өзгөчө болот, тагыраагы, көгүш түстө болот деп белгилеген. Бул түстү сүрөтчүлөр “индиго” деп аташкан. Кадимки балдардын аурасы сары түстө болгондуктан, Нэнси бул балдарды өзгөчө, уникалдуу деп санаган. Алар башкалардан аалам жөнүндөгү билими менен айырмаланып турушат.

 

Көк аурада болгон балдарды кантип таанууга болот?

Индиго баланы 2-3 жашында байкоого болот. Аларга өктөм үн менен сүйлөгөнгө болбойт. Ал эми эмчекте болгон учурунда такай сүйлөшүп турушуңузду талап кылат. Неге кийимин алмаштырып жатканыңызды, кандай максат менен памперсин чечип жатканыңызды түшүндүрүп айтып турсаңыз кадимкидей угуп, тынчтанып калат. Психологдор жогорудагы белгилерден сырткары да бул касиеттүү балдарды тааный турган бир нече сапаттарын бөлүп аныктап коюшкан. Эгерде сиз балаңыздан бул сапаттардын жок дегенде 80 пайызын байкаган болсоңуз, анда ал индиго бала болуп эсептелет. Эгер андай болсо  аны ар кандай сыйкыр менен байланыштыруунун кажети жок. Баланы экстрасенстерге алып баруунун да зарылчылыгы жок. Жай жана бейпил жашап, балаңыздын жакшы сапаттарын өрчүтүп, оор мүнөздөрүнөн арылтууга аракет жасаңыз. 

 

Индиго балдардын сапаттары жана белгилери:

Индиго балдардын интеллекттик деңгээли орточо статистикалык абалдан жогору, тагыраагы, IQ көрсөткүчү 130га барабар. Мындай балдар тууралуу көбүнчө  “акылы эрте өрчүгөн”, “бат жетилген”, “чоңойтуп туруп кичирейтип койгондой” деген сыяктуу кептерди айтышат.

Кичине кезинен тарта башкалардын ага бой көтөрүп мамиле кылуусун жактырбайт. Чоңдордун ар кандай көрсөтмөлөрдү бере берүүсүнө, аны күнөөлөшүнө  каршылык көрсөтөт.

Индиго балдардын ишенимине кирүү оорго  турат. Аны жактырган, ак көңүл жана чын дилден мамиле кылган адам гана ишеничтүү боло алат.

Невропатологдор индиго балдарга көбүнчө гиперактивдүү же болбосо көңүл бөлүүнүн жетишсиздиги деген диагноз коюшат. Алардын маанайы бат-баттан өзгөрүп турат. Ал шык-жөндөмдүү, касиеттүү бала бир орунда олтура албай тынымсыз аракетте болуп, бир нерсеге  узак убакытка концентрация да боло албайт. Бул нерсе анын тарбия алуу жана кийинчерээк билим алуусуна да кыйынчылыктарды жаратат.

Индиго балдардын техникага болгон кызыгуусу күч. Алар чоң адамдарга караганда техникалык инновацияларды бат өздөштүрөт. Бул балдардын таланттары бат байкалат. Ата-энелердин баласынын аракетин улам алкап, жөндөмүн дагы да өнүктүрүшүнө стимул бериши керек.

Ал эми бул балдардын тилинин чыгып сүйлөй башташы тууралуу айта турган болсок, мында эки  түрдүү жагдай бар. Бала же бир жашка чейин сүйлөп кетет же болбосо 3-4 жашка чейин такыр сүйлөбөй жүрөт.

Кызыгы, индиго балдарда мээсинин эки бөлүгү тең иштейт. Анын мээсинин оң жана сол бөлүгү тең активдүү иштегендиктен абдан акылдуу жана чыгармачыл болушат.

Айрым индиго балдар абдан түнт жана  мамиле түзүүдөн алыс болушат. Алар тынчтыкты жана жалгыздыкты жактырышат. Мындай балдар ата-энесине башка адамдар аны түшүнбөй жатканын айтып даттанышат.

Мектептеги бир калыптагы жашоону жактыра бербейт жана жек көрөт. Алар мектепте “төңкөрүшчү” болуп  үй тапшырмасын кылуудан баш тартат.

Көбүнчө мындай балдар тез депрессияга түшүшөт. Алар лидердик позицияда болууну жана жалгыз иштөөнү туура деп билишет. Тайпада болуп чогуу иш алып баруу алар  үчүн оорго турат.

Эмоционалдык жактан абдан сезимтал болушат. Ошол эле учурда бир убакта эч кандай түшүндүрмөсү жана себеби жок ыйлашы мүмкүн. Кээде, тескерисинче, такыр эмоциясын көрсөтпөйт жана байкатпайт.

 Адамдардын салттуу болуп калган кыялдарынан: жакшы карьера, үй-бүлө күтүү, балалуу болуу, үй куруу сыяктуу нерселердин биринен баш тартып коюшу мүмкүн.

Аларда дүйнөнү өзгөртүү, мындан да жакшы абалда кылууга абдан чоң каалоолор болот. Абдан күчтүү ички туюмга, интуицияга ээ.

Индиго балдар дайыма жашоонун маңызын түшүнүү жана издөө менен алек болушат. Бул нерсе дин аркылуу же болбосо атайын жан дүйнөнү азыктандырчу топторго кошулуу менен болот. Психологиялык жана өзүн-өзү өнүктүрүү багытындагы китептерди көп окуй башташат. Алар тең салмактуулукту таап, жашоосу гармонияга түшкөн учурда өзүн күчтүү, ден соолугу бекем жана бактылуу адам болуп чыга келишет.

 

Индиго балдарды кантип тарбиялоо керек?

Индиго балдарды тарбиялоо бир аз оорго турат. Мындан улам адистер, психологдор атайын кеңештерди сунушташат. Буларды күнүмдүк жашоодо пайдалануу менен пикир табышууга, ынтымак жашоого болот.

Улуулар дайыма катуу шарттарды коюп индиго балдарды чектеп жана көп көзөмөлдөй бербеши керек.

Балаңыз менен сүйлөшүп жатканда катуу сын айтуудан, басынтуудан алыс болуңуз. Айкырып-кыйкыруу жана жазалоо менен эч бир натыйжага жете албай каласыз.

Индиго балдарды мактап, алкап туруу керек. Качан гана бир ийгиликке жетишкенде эмес, жөн учурда да мактап туруу кажет. Ата-энелер баласы үчүн колдоо көрсөтүп, чеп болуп бериши зарыл. 

Дайыма эмне себептен андай жасоосун буйруп жатканыңызды түшүндүрүп бериңиз. Ошол эле учурда түшүндүрмөңүз негиздүү болуп жатканына да маани бериңиз. Мисалы, “себеби мен айтып жатам, ошол үчүн кылышың керек” деген сыяктууну айтуу болбойт. Анын ордуна “себеби ал нерсени кылып коюу менен сен мага жардам берген болосуң, анткени мен абдан чарчап калдым” деген өңдүү сөздү айтсаңыз болот. Индиго балдар алгач айткан сөзүңүздүн үстүнөн акыл калчап ойлонуп, андан соң гана аны аткарууга киришет.

Аларды өзүңүз каалаган кесиптин ээси кылууга, сиздин ишмердүүлүгүңүздү улантууга мажбурлабаңыз. Анткени индиго балдар мындай сөздөргө кулак салышпайт жана аны аткаруу буларга абдан оор болот.

Бул балдар энергияга абдан бай болгондуктан, аны чыгарып алуусуна шарт түзүп бериңиз. Мисалы, ойнотуп же болбосо спорттук ийримдерге катыштырып.

Аларга чоң адамдарга кайрылып жаткандай мамиле кылып, өзүңүздүн теңиңиз катары алака түзүңүз. Бирок чоңдордун милдеттенмелерин берип, алардын жоопкерчиликтерин жүктөп коюу такыр болбойт.

Аларды угуңуз. Анткени алар чындыгында абдан акылдуу, сезимтал, көрөгөч болушат. Сиз билбеген нерседен да кабардар болуп калышы ыктымал. Балага кенен түшүндүрмө берип, ошол эле учурда өзүнүн оюн айтууга да мүмкүнчүлүк түзүңүз. Аларга бой көтөрүп сүйлөбөңүз.

Индиго бала менен баарлашуу акылдуулукту талап кылып оорго турат. Алар ар бир амалкөйлүктү, кыйтырлыкты байкап алат. Ошондуктан алдап көрүүгө аракет да кылып көрбөңүз.

 

Индиго балдардын типтери

Америкалык Ли Кэрролл “Индиго балдар” аталыштагы китебинде аларды 4 типке бөлгөн:

1. Гуманисттер. Келечекте алар врач, юрист, мугалим, бизнесмен, саясатчы, илимий кызматкер болушат. Бул типтегилери бардык адамдар менен түрдүү темада сүйлөшүп, бат тил табышып кете алышат. Алар гиперактивдүү келишет. Кичинекей кезинде бир эле оюнчук менен ойнобойт. Бардык оюнчуктарын чачып алып, анын бирөөсү менен гана ойношу мүмкүн. Болбосо чачып алып эч бирине тийбеши ыктымал. Аларга бөлмөнү жыйнатып иретке келтиртүү мүмкүн эмес. Такыр аткарышпайт. 

2. Концептуалисттер. Көбүрөөк таркаган тип болуп саналат. Алар келечектеги инженерлер, архитекторлор, дизайнерлер, космонавттар, аскердик кызматтагылар, учкучтар, саякатчылар. Бул типтеги балдар жакшы дене түзүлүшкө ээ, шамдагай болушуп, лидердик сапаты да болот. Алар өспүрүм куракта жаман адаттарга жакын болуп калышы ыктымал. Мисалы, наркотик колдонгондор да болот. Ата-энелер ушул куракта тыкыр көзөмөлгө алууга аракет жасашы керек.

3. Сүрөтчүлөр. Эң аз сандагы тип болуп эсептелет. Бул типтеги индиго балдар азыркы доордо жашап кетүүдө кыйналышат. Алар аябай сезимтал жана жүрөгүнө жакын кабыл алышат. Абдан келишкен дене-турпаттын ээси болушат. Кандай гана ишмердүүлүк менен алектенбесин, чыгармачыл мамиле жасашат. Эгер медицина тармагына барчу болсо, алардан жакшы хирург чыгат. Ал эми искусство багытына кетчү болсо, атактуу актёр же актриса чыгары шексиз. 4-10 жаштарында бул типтеги балдар өзүн бир нече тармакта сынап көрөт.

4. Бардык багыттар боюнча жашагандар. Бул типтеги адамдар калган типтегилерге салыштырмалуу адаптация болууда, ыңгайланышууда кыйынчылыктарга тушугушат.     Алар бардык нерсе тууралуу бүт нерсе билишет. Кичине кезинде эле ата-энелерине бир нерселерди үйрөтүп, бардык нерсени ар убакта өзү кылганы аракет кылат. Мындай адамдардан атактуу инсандар чыгат.

 

Айзирек УРМАТБЕКОВА