Сурагым келет

Эгерде сиздин жүрөк түйшөлткөн сырыңыз, тартынып эч кимге бере албай жаткан сурооңуз болсо, анда ишенимдүү курбуңуз «Леди.kg» көмөкчү болууга даяр. Бул жолку гинекология жаатындагы суроологуңузга врач-гинеколог Элмира Акматова жооп берет.

 

Кош бойлуу кезимде УЗИге түшкөнүмдө жатынымда диаметри 3-4 мм болгон миома бар экендиги аныкталган. Бирок түйүлдүктөн алыс жайгашкандыктан ага эч кандай терс таасирин тийгизбей аман-эсен көз жардым. Миоманы кандай жолдор менен дарылайт? Эгер дарылабай жүрө берсе кесепети кандай болот?

                                                                                   Аиза, Бишкек шаары

Эгерде миома жатындын ичинде жайгашкан болсо, анда өспөй турган түрү болуп эсептелинет. Ал эми 3-4 мм бул өтө эле кичинекей өлчөм. Ал  көп учурда өспөй, 50-60% айымдар ошондой өлчөмдөгү миома менен жүрө беришет. Анын коркунучтуу зыяны деле жок. Ошондой болсо дагы каттоого туруп, дайыма гинекологуңуздун көзөмөлүндө болуу зарыл. Гинеколог алты ай сайын тиешелүү анализдерди алып, УЗИге жөнөтүп турат. 

 

Кош бойлуу болгонума 2 жума болду. Өзүм такай компьютерде отуруучу жумушта иштейм. Бул менин 3 жыл күткөн биринчи кош бойлуулугум. Эми жолдошум «балага компьютер зыян» дегенди угуп: “Жумушуңдан чык», - деп жатат. А менин чыккым жок, айлыгым да жакшы. Бирок компьютер балага чын эле олуттуу зыян келтире турган болсо жумушумду таштоого даярмын. Эмне кылсам болот?

                                                                            Чынара, Ош шаары

Кош бойлуулуктун биринчи үч айына чейин компьютерге отурууну сунуштабайт элем. Себеби түйүлдүк калыптанып жаткан бул учурда компьютерден чыккан зыяндуу нурлар ага зыян алып келиши толук мүмкүн. Тактап айтканда, ал баланын кандайдыр бир кемтик менен төрөлүп калуусуна алып келет. Андыктан жолдошуңуздун оюн туура деп эсептейм. Андан кийинки айларда коркунучу азыраак. Жок дегенде бала үч айдан өткөнгө чейин иштебей туруңуз.

 

Кызыма 5 ай болду. Кечээ дагы 2 айлык боюмда бар экенин билдим. Кызыма 3 ай болгондо эле айызым келе электе боюма бүтүп калыптыр. Туугандарымдын баары: “Алдыр”, - деп жатышат, бирок менин алдыргым келбейт. Сиз кандай кеңеш берет элеңиз?

                                                                              Жазгүл, Бишкек шаары

Негизи кош бойлуулукту атайын пландаштырып, аралыгын 2-3жылдан кылып төрөө керек. Ошондо гана эненин организми  калыбына келип, балалуу болууга даяр болот.  Бирок “төрө” же “төрөбө” деп айтканга, зордоп алдырып салууга биздин укугубуз жок. Аны пациент өзү чечиши абзел. Эгерде сиздин  ден соолугуңуз чың болсо, төрөсөңүз болот. Кош бойлуулукту пландоо керектигин адистер дайым айтып келет. Тилекке каршы, көпчүлүк айымдар өзүм билгендикке салып укпай жатышат. Анан ушундан улам бойдон түшүү, баланын ичтен өлүүсү же оорукчан балдардын төрөлүү фактылары көп катталууда.

 

36 жумалык боюмда бар. Кош бойлуулуктун акыркы жумаларындагы төшөк оюнун кээ бирлер пайдалуу дешсе, башкалар болбойт дешет. Негизи кандай? Мындай мөөнөттө төшөк оюнун ойносок болобу?

                                                                                      Элиза, Аксы району

 

Төрөткө чейин кайсы мөөнөттө болбосун төшөк оюнун ойноого эч кандай чектөө жок. Бирок кээ бир  учурларда: баланын тону ылдый болгон, бойдон козголуусу мүмкүн болуп, гематомасы бар учурларда гана  төрөткө чейин кошулууга тыюу салынат. Ал эми канчалык көп кошулса, төрөт ошончолук жеңил болот деген куру сөз. Жыныстык катнаштын төрөткө эч кандай тиешеси жок.

 

Кольпоскопия аппаратынын кызматынан турмушка чыга элек кыздар колдонсо болобу?

                                                                                  Назира, Бишкек шаары

 

Бул аппараттын кызматынан турмушка чыга элек, башкача айтканда, кыздык белгиси бар кыздар колдонсо болбойт. Себеби мында жатынга  күзгү салынгандыктан, кыздык белгисине залакасы тийип, тытып кетет.

   

Мен 41жаштамын, турмушка чыкканыма 15 жыл болсо да балалуу боло албадым. Эки трубама тең суук тийип, жабылып калган. 15 жылдан бери дарылануунун түркүн ыкмасын пайдаландым, бирок жыйынтык болбоду. Эми тааныштарым ЭКУ ыкмасын сунуштап жатышат. Бул ыкма тууралуу кенен түшүндүрмө берип коёсузбу? Кыргызстанда жасатсам өзүм каалаган жыйынтыкка жете аламбы?

                                                                             Айсулуу, Сокулук району

Экстракорпоралдык уруктандыруу ыкмасынын  Кыргызстанда да жасалып баштаганына көп болду жана натыйжалуу жыйынтыкка ээ болгондор арбын. Толук маалыматты борборубуздагы  « Центр репродукции человека» жана «Онколайф» түрк клиникасына кайрылып алсаңыз болот. Азыр трубаны үйлөөчү жаңы ыкма бар, ЭКУ кызматына чейин бул мүмкүнчүлүктү да колдон чыгарбай барып көрүүнү сунуштайм.

 

Мен турмушка чыга элек 20 жаштагы кызмын. Бирок бир жыл мурун бир көргөн балага кыздыгымды алдырып койгом. Бул тууралуу жакын курбумдан башка эч ким билбейт. Эми жалгыз эле үмүтүм -турмушка чыгар алдында кыздыгымды тиктирип алуу. Ушул тууралуу маалымат алгым келет.

                                                                          Назира, Талас шаары

Бул үчүн жеке менчик клиникаларга кайрылсаңыз болот. Себеби мамлекеттик ооруканаларга  кыздыкты калыбына келтирүү үчүн Саламаттык сактоо министрлигинен  уруксат берилген эмес. Ал эми жеке клиникалардын дээрлик бардыгында мындай кызмат бар.

 

Жолдошум экөөбүздүн турмуш курганыбызга 20 жылга жакындап калды, 4 балабыз бар. Акыркы убактарда жолдошум ачык эле нааразычылыгын билдирип: «Жыныс кының чоң, мен эч нерсени сезбейм, азыр тиктирип тарытышат экен. Канча сом болсо берейин, сен да ошентчи» ,- дей баштады. Жөн койсом жолдошум мени чанып башкага кетип каларына көзүм жетет. Андыктан акыркы кездерде менин негизги маселем ушул болуп калды. Бизде ушундай операция кылышабы?

                                                                    Айнагүл, Кемин шаарчасы

 

Жыныс кынынын чоңоюп кетүүсү көп төрөгөн, оор нерселерди көп көтөргөн, чоң салмак менен төрөгөн аялдарда көп кездешет. Ошондон улам нааразычылыктар көп болуп, ажырашууга чейин алып келген учурларда кайрылгандар бар. Мындай кырдаалда биз аларга пластикалык операция жолун сунуштайбыз. Бул 100% сиз каалаган жыйынтыкты берет. Бирок эгерде сиз жакынкы арада балалуу болуу планыңызда болсо кесарево жолу менен гана төрөшүңүз керек болуп калат.  Мындан башка кооптуу нерсеси жок.

 

Учурда 23 жумалык кош бойлуумун. Гинеколог элевит витаминин эки ай ичүүм керектигин айтканы менен 15гана күн ичтим. Себеби таанышы: “Ичиңдеги балаң чоңоюп кетет”,- деди. Ушул чынбы?

                                                                            Сезим, Бишкек шаары

-         Баланын чоңоюп кетүүсүн алдын алып камыр менен жасалуучу тамактардан, таттуулардан баш тартканыңыз туура болот. Бул  балаңыздын чоңоюп кетүүсүнө гана жол бербестен, диатез болуп төрөлүүсүнө шарт түзөт. Ал эми элевит витаминин ичүү керектигин айтса, демек, сиз аз кандуулук менен ооруйсуз. Жөнү жок бул дарыны жазбайт болчу. Сиздин  гемоглобиниңизди батыраак көтөрүү үчүн бул витаминди жазып берген. Бул витаминдин баланын чоңоюп кетүүсүнө тиешеси жок. 

 

Турмушка чыкканыма сегиз жылдын жүзү болсо дагы наристелүү боло албай жатам. Жакында лапароскопия жолу менен операция жасатканы жатам. Канчалык деңгээлде жардамы тиет?

                                                                            Кундуз, Ош шаары

Эгерде сиздеги тукумсуздуктун себеби эки трубаңыз тең өтүмдүү эмес болсо гана бул аппарат менен операция жасатсаңыз жардам берет.

 

Жатындын ичиндеги сөөлдү кайсы убакытта алдыруу керек? Кимге кайрылсам болот?

                                                                        Жаркын, Чолпон-Ата шаары

 

Сөөл гистероскоп аппаратынын жардамы менен алынат. Бул аппарат жатындын ичиндеги сөөлдү алып, кайра кайталанып чыкпашы үчүн тамырларын күйгүзүп коёт. Эгерде аборт сыяктуу кырдырып же сордуруп алдыра турган болсоңуз, кайталанып чыга бериши мүмкүн.

 

Эрозияны дарылабай жүрө берсе эмне болот? Балдарым жаш болгондуктан ооруканага бара албай жүрөм.

                                                                            Мээрим, Ала-Бука району

 

Эрозия бул ракка чейинки коркунучтуу оору  болуп саналат. Убагында дарыланбасаңыз жатын моюнчасынын рак оорусуна алып келиши мүмкүн. Кыргызстанда оорунун бул түрүнө кабылгандар жылдан-жылга  көбөйүп баратат. Сөзсүз убакыт таап, гинекологуңузга барыңыз. Азыр эрозияны күйгүзүүнүн жаңы ыкмалары чыккан.  Алардын жардамы менен эрозиядан бат эле арыласыз.

 

Айгерим ТОКТОБАЙ кызы