Эр эмгегин жер жебейт: кулпунай, малина өстүрүп байыңыз

Бүгүнкү күндө бардыгыбыз эле тамак-аш саткан дүкөн, кийим-кече саткан бутиктен баштап чоң-чоң соода борборлорго чейин ачып, бизнес кылуунун жол-жобосун издеп келебиз. Бирок малина, кулпунай өстүрүп чоң каражат таба алам деп ойлобосок керек. Мына ушул эки кичинекей нерседен чоң каражат тапкан мекендештерибиз Динара менен Айзада айымдар ийгилик сырлары менен бөлүшөт.

 

Чирикбаева Динара: «Малина үчүн мугалимдик ишимди таштагам»

– Динара эже, малина менен бизнес кылганыңызга канча болду?

– Алгач 1990-жылдары жолдошум экөөбүз беш сотых жерге эле кулпунай өстүрүп, сатып жүрдүк. Жакшы эле пайда көрдүк, бирок, албетте, азыркыдай каражат таба алган жокпуз. Анын үстүнө экөөбүз тең башка жумушта иштечүбүз. 1996-жылдан баштап айылыбыздын дээрлик бардыгы малина өстүрүүгө өттү. Ага өзүбүздүн айылдаш агабыз себепкер болду. Ал башка мамлекеттен малинанын көчөтүн алып келип өстүрүп көрдү. Биздин климатта өстүрүүгө мүмкүн экендигине көзү жеткенден кийин гана кошуналарына берип олтуруп, бүт айылга тарады. Ошентип биз дагы алып, малина өстүрүүгө олуттуу кирише баштадык. Себеби анын жумушу аз, кирешеси көп болот экен. Ошондон баштап ушул убакытка дейре малина өстүрүү менен алектенип келебиз. Кийин бул биздин жумушубуз болуп атайын киши жалдап иштетип, элди жумуш менен камсыз кылып калдык.

– Малинаны кантип туура өстүрүп, мол түшүм алууга болот? Сиздер кандай ыкмаларды колдоносуздар?

– Кээ бир адамдар бир-эки гектарга чейинки жерге малина тигип алып, аз түшүм алып жатышат. А биз андан аз жерге тиккенибиз менен андан көбүрөөк түшүм алабыз. Мунун эч кандай купуялуулугу деле жок. Болгону малина жакшы кароону талап кылат. Аны маалы менен сугарып, жер семирткичтерди убагында нормасы менен берип, чөп бастырбай отоп туруу керек. Биз бою өскөнгө чейин эки жолу, өскөндөн кийин бир жолу отойбуз. Ирети менен түрдүү жер семирткичтерди берип, алты күндө бирден сугарып турабыз. Биз башында жакшы сугарбай, чөп бастырып жиберип, анысы аз келгенсип адамдардын: «Чөп менен кошо чаап салсаң малина өлбөйт, кайра чыга берет», - деген сөзүнө кирип чаап салып банкрот болгонбуз. Кийинки жылы бул туура эмес экендигине ынанып, тажрыйба алып отуруп сапаттуу иштегенге үйрөнүп калдык. Азыр айылдаштарыбызга мол түшүм алып жатканыбыздын сыры кызык. Канчалык көп эмгектенсең, ошого жараша түшүм аласың дээр элем.

– Малина өстүрүү бизнесинен канча каражат табасыздар?

– Биз сезон учурунда үйүбүздөгү эле жарым гектар жерден 600 миң сомдон ашыгыраак акча табабыз. Мындан тышкары талаада 60 сотых жерде кулпунай, 20 сотых жерде малинабыз бар. Алардан да киреше түшүп турат. Ушул тармакта иштеп үч балабызды алдыңкы делген жогорку окуу жайларда окута алдык, үйлөнтүп жайланттык. Айтор, бул иш менен алектенген адамда жакшы каражат таап алуу мүмкүнчүлүгү чоң.

– Мынча малинаны кантип сатасыздар?

– Малинаны дүң баада Казакстанга сатабыз. Базарларга алып барганыбыз менен өтүмдүүлүгү аз. Малина бат бузулат да, ошондуктан арзан болсо да дүңүнөн сатканыбыз жакшыраак. Сезон учурунда биздин эле айылдан күнүнө болжол менен жыйырма тоннадан малина чыгат. Ошондуктан биздин мамлекетке кыям, шире, йогурт кылып чыгаруучу завод курса, мамлекетке дагы, дыйкандарга дагы жардамы тийип, өзүбүздү-өзүбүз камсыз кылар элек. Же мамлекеттик деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп экспорттосок, бүткүл биздин айылдын малинасы эле Россиянын бир шаарын камсыздай алмак.

– Малина бизнесинин көзүн тапканга чейин эмне менен алектенчү элеңиз?

– Мен буга дейре кыргыз тили жана адабияты сабагынан берген мугалим болуп иштеп келгем. Ал эми жолдошум акыркы 15 жылдан бери маршрутка айдап жүргүнчүлөрдү ташып эмгектенип келген. Жолдошумдун суранычы менен мектептеги жумушумдан чыгып, ал маршруткасын таштап, толук кандуу бул бизнеске өттүк. Себеби жер иштетүү дагы дыкат кароону талап кылгандыктан, ага да көп көңүл буруубуз абзел. Кол алдымда иштеген адамдарды да көзөмөлдөп, аларга тамак-ашын берип туруум керек.

– Дагы кандай жашылча-жемиштерди өстүрүп көрүүнү пландап жатасыздар?

– Биздин кичүү уулубуздун кесиби агроном болгондуктан, Голландиядан капустанын уругун алып келип тигип эксперимент кылып жатабыз. Эгерде капустанын бул түрү биздин климаттык шартка туура келсе, эмдиги жылы аны да өстүрүп, биздин өлкөдө кеңири жайылтууну максат кылып жатабыз.

 

Ташиева Айзада: “Биз кардарды эмес, кардар бизди издеп келет”

 

– Айзада эже, кулпунай сатып иштөөңүзгө эмне түрткү болду?

– 1992-жылдары Бишкек шаарынан Токмокко көчүп келгенибизде токмоктуктардын баары эле кулпунай өстүрүшчү экен. Жолдошумдун досу да кулпунай менен бизнес кылып, ийгиликтүү иш алып барып жаткан. Биз аларды көрүп 1996-жылдары кулпунай өстүрүп көрүүнү чечтик. Алгач үйдөгү беш сотых чакан жерге эле айдап алдык. Аны коңшу казак өлкөсүнө чейин алып барып сатчубуз. Айдоо аянтчабызды улам көбөйтүп отуруп, бүгүнкү күндө 120 сотыхка жеткирдик.

– Кулпунай бизнесинин кандай кыйынчылыктары бар?

– Эгерде кулпунай менен бизнес кылууну кааласаңыз, көп эмгектенип, бирок аз түшүм аласыз. Жумасына үч жолу сугарып, жерди таза кармап, ототуу үчүн жумушчу күчтүн жардамына бир сезондо 100-150 миң сомго чейин акча сарптайбыз. Антпей койсок түшүм берер убакта банкротко учурайбыз. Терүү иштери башталганда да жумушчуларды жалдап иштетип, аларды тамак-аш менен камсыз кылуу, үйлөрүнөн алып келип, кайра жеткирүүнү милдетибиз деп билебиз.

– Кулпунай сатып жашоо шартты жакшыртып алууга мүмкүн бекен?

– Албетте. Кулпунайдын аркасы менен биз деле үй салдык, унаа алдык, аш-тойлордон калбай барабыз, уул үйлөнттүк, кыз бердик. Бизнести жаңы баштаган мезгилде тапкан каражатыбыздын баарын кайра эле жумушчуларга төлөп берип жүрдүк. Азыр болсо сезон маалында 300-400 миң сомдун тегерегинде табабыз.

– Кардарды кайдан табасыздар?

– Башында жаңы аралаша баштаганда кардар жок болуп, аларды издөө менен убара болчубуз. Азыр болсо биз кардарларды издеп убара болбойбуз, тескерисинче, алар бизди өздөрү издеп келишет. Кардарларыбыздын көп бөлүгү коңшу мамлекеттер, шаарда жашаган достор, туугандар. Алар алдын ала айтып кезекке турушат. Андан тышкары борборго алып барып, эл көп агылган “Ош” жана “Аламедин” базарларынын кардарларын тейлейбиз.

– Бул түйшүктүү иш менен көп жылдардан бери алектенет экенсиз, кулпунай деп жүрүп балдарыңыз кароосуз калган эмес беле?

– Башында үйдө иштегендиктен көп деле кыйынчылык туудурган жок. Андан кийинки жылдары талаага айдаганда алар сегиз жана он жашка чыгып, акыл-эс кирип калган мезгили болгондуктан ишеничтүү эле үйгө таштап, талаага жумуштарыбызды бүтүрүүгө кетчүбүз. Кээде жаныбызга алып, балдарыбыз чогуу иштешип жардамдашчу. Азыр ошол балабыз чоңоюп үйлүү-жайлуу болуп, өз алдынча кулпунай бизнесин жүргүзүп келет. Ал эми кызым турмушка чыгып, шаарда өз үй-бүлөсү менен турат.

 

Айгерим ТОКТОБАЙ кызы