Дилбар РАЙЫМБЕКОВА: “Салаттарым атылып мээнетим текке кеткен, ошондон бери салат жасабайм”

Ырчылар сахнада ырдаганы менен алар деле сиз сыяктуу үйдө кожойке. Үч- Теректин үч кызынын ортончусу, узун чачтуу ырчы айым Дилбар Райымбекованын үйүндө болуп кожойкенин кышка камылгасы менен тааныштык.

 

– Дилбар айым, кышка камылгаңыз кандай?

– Буюрса жакшы, консервалоо иштерин кыбырап атып жарымынан көбүн бүтүрүп койдум. Өзүм атайын бир күндү ага арнап жаппайм, колума тийгенин чекесинен жаба берем. Андыктан жыйынтыктала элек, 50 пайызы бүттү. Учурда компот, кыямдарды дагы деле жаап атам. Жолдошум карагаттын кыямын жактырат, аны жыл сайын сөзсүз жабам. Бир кызым приправаны жактырат, ага арнап 10 литр жаап коём. Анан баарыбызга туздалган бадыраң, капусталар жагат, ошол менен кыштан чыгабыз. Менин колумдан жасалган туздалган бадыраңды баары мактап жешет. Ал эми салат такыр жаппайм.

– Эмнеге?

– Кыздарымды төрөп үйдө олтуруп калган убакта аябай шымаланып бир нече банка салат жаптым. Салатты боркулдап кайнап жатканда банкаларга куюш керек турбайбы, мен болсо кыямдай көрүп оттон чыгарып алып, бир аз суутуп анан жапкам да. Аным көп өтпөй атып кетти. Салат жабам деп дубалымдан бери салат болуп кызык болгом. Анан атылбаган банкаларымдан да шек санап төгүп салгам, ошентип канча мээнетим талаага кетип олтуруп калдым. Кийин салаттын кооптуу экенин уккандан баштап таптакыр эле жаппас болгом. Тереземе көк пияз өстүрүп коём, кышында витаминдерди биз ошол сыяктуу жаңы жашылчалардан алабыз. Анан да бизге кышында Токтогулдун балы - табылгыс азык. Жыл сайын 25 литрге чейин алдырып алам да, кышы менен жылуу сууга салып иче беребиз. Балдын касиетин мындан бил, кышы менен үй-бүлөбүз менен сасык тумоо болуп оорубай чыгабыз. Азыр кумшекердин ордун бал менен алмаштырганбыз. Анан кулпунайды муздаткычка тоңдуруп коём, кышы менен кыздарым болуп жеп да, бетибизге маска кылып да коё беребиз. Колдон келсе тоңдургучу чоң муздаткыч алып, ошого бардык азыктарды тоңдуруп сактаганга эч нерсе жетпейт.

– Кышкысын кайсы тамактарга басым жасайсыздар?

– Кышында жакындар менен чогулуп согум союп алабыз. Жылкынын чучугун атайын жасатып алам. Кыргыздар этке жакын келет эмеспизби, этке басым жасайбыз. Бирок жолдошум Марат операция болгон, ден соолугуна байланыштуу диетада. Андыктан мурдагыдай былчылдаган май жок, тамак иргелип калды. Туура тамактануу менен жашап, кайнатма тамактарды көп жасайбыз.

– Кышкы камылганын 50 пайызы бүттү дедиңиз, суук түшүп азыктар кымбаттай баштады, качан жыйынтыктайсыз?

– Ооба, суук түштү эртелейин деп атам. Бирок 7-ноябрда концерт бермекмин, ошого даярдык көрүп чуркап үйүмдөгү оокатыма жетишпей атам. Быйыл сахнага чыгып элге таанылганыма 25 жыл болуп калыптыр, ошонун урматына отчёттук концертимди берейин деп жаткам.

– Бала кезиңизде апаңыз консервалоо иштерин жасачу беле, кайсы азыктары эсиңизден кетпейт?

– Биздин айылда алма укмуштуудай көп өсөт, андыктан айылдын баары эле алмадан кыям жасашчу. Апамдын кыямы азыркыга чейин көз алдымда, жегенде даамы бал сыяктуу болуп таңдайыңда даамы көпкө турчу. Балалыгым ошол кыямдын даамындай таттуу өткөн. Биз кыям жасаганды апамдан үйрөндүк. Азыр да “апасы ырдап эле жүргөн турбайбы?” деген сөзгө калбайын деп кыздарыма баарын үйрөтүп атам.

 

Дилбар айымдан кеңештер:

Консервалоо иштерин баштарда алгач колду самын менен жакшылап таза жууп алуу керек. Эгерде колдо кесик, күйүк сыяктуу жарааттар болсо резинадан кол кап кийип алган оң болот.

Консервалоого керектүү азыктардын жаңы, жаракаты жогуна өзгөчө көңүл буруңуз. Эгерде бир жери сокку алган же көгөрүп баштаган азык болсо пайданууга болбойт.

Консервалоого керектүү идиштерди (банка, капкак ж.б.) сөзсүз түрдө сода кошулган ысык сууга жуу керек. Андан соң духовкада же кайнап жаткан сууга 3 мүнөттөн кем эмес кайнатып алып, анан жаап баштайбыз.

Азыктарды аарчып, тууроодо болоттон жасалган бычак колдонулса, азыктардагы С витамини ошол бойдон сакталат.

Ошондой эле азыктардагы С витамини сакталуусу үчүн азыктарды сууга көп кармоого болбойт.

Консервалоо иштеринде эмаль идиш колдонулушу сунушталат.

Банканын бир да жеринде жарака же сынык болбошу керек.

Компот жапканда банканын оозуна чейин толтуруп куюңуз. Ошондо ичине аба кирбей, көпкө сакталат.

Компот үчүн жакшы быша элек же өтө бышып кеткен жемиштер жарабайт. Жаңы бышканын тандоо керек.

Сиропко болоттон же эмалдан жасалган идиштер гана колдонулат.

Компоттогу кумшекер канчалык көп болсо, ошончолук жагымдуу болот. Эгер ал кышкысын өтө эле таттуу болуп калса, кайнаган суу кошуп иче берүүгө болот.

 

Динара ЧОКОЕВА