Ажырашууну жеңил көтөрүү үчүн…

Ажырашуу – бул эң жакын адамыңа болгон ишенимдин талкаланышы, пландардын бузулушу. Ажырашуу – бул өзүңдү-өзүң текшерүүчү оор сыноо, балдардын келечегине сарсанаа болуу. Кыскасы, ажырашуу - өтө жагымсыз көрүнүш. Ошон үчүн кыргызда «чымчыктын да уясы бузулбасын» деген сөз бар. Бирок ошого карабай жашоодо ажырашуулар болуп келген жана боло берет. Аны туура көтөрө билген адам жеңил өткөрөт. Ал үчүн…

 

Эч качан шантаж кылбаңыз

«Эгер мени таштасаң, өлүп алам!» деген сыяктуу шантаждардын жардамы менен максатыңызга жетпейсиз. Аны менен түгөйүңүздү убактылуу кармай алышыңыз мүмкүн, а сүйдүрүп алам десеңиз жаңылышасыз. Тескерисинче, мындай «коркутуулар» аны сизден андан бетер түртөт.

 

Маанилүү чечим кабыл алуудан алыс болуңуз

Ажырашуунун алгачкы 2-3 айы эң оор болуп эсептелинет. Бул учурларда болуп өткөн окуяга ишенбей шок абалында жүргөн болосуз. А мындай абалда кылган иштен көп ката кетирип алуу коркунучу бар. Андыктан ойлонбой кадам таштап албайын десеңиз, эч кандай маанилүү чечим кабыл албай туруңуз. Мээңиз жана психикаңыз туруктуу абалына келсин, андан кийин гана сергек ой жүгүртөсүз.

 

Мамилени биротоло үзүңүз

Психологдор ажырашкандан кийин күйөөңүздү эске сала турган бардык нерседен арылууну сунушташат. Анын кийимдерин, ар кандай буюмдарын үйгө калтырбаңыз, фотоальбомду барактабаңыз, аны эске салган музыкаларды укпаңыз. Колдон келсе үйүңүздү биротоло алмаштырып салганыңыз жакшы. Ага мүмкүнчүлүк болбосо жеңил оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп, эмеректериңиздин орундарын алмаштырып коюңуз. Ошондо ал сиздин эсиңизге көп түшпөй батыраак унутасыз. Эгер ортодо балдарыңыздар бар болсо, анын болгону балдарыңыздын атасы катары орду калышы мүмкүн. А маселелериңизди чечүүгө, үй тиричилигине жардам сурай берсеңиз, жан дүйнөңүздөгү оор абалды создуктуруп, өзүңүздү-өзүңүз кыйнаган болосуз. Андан көрө мамилени түп орду менен үзүңүз. Албетте, бул оңой эмес. Бирок антмейинче жаңы жашоо баштай албайсыз.

 

Өзүңүздү эркелетиңиз

Мындай учурда, албетте, эч кимди көргүңүз келбейт, эч ким менен сүйлөшкүңүз келбейт. Бирок үйдөн чыкпай жата берүү сизди бат эле депрессияга жеткирет. Андан көрө жакындарыңыздын колдоосун четке какпаңыз. Курбуларыңыз менен сейилдеңиз. Сулуулук салонуна, мончого барыңыз. Мындай жагымдуу процедуралар ажырашууну оңой көтөрүүгө, негативдүү энергетикадан арылууга жана күчтүү болушуңузга жардам берет.

 

Балдардын психикасын жабыркатпаңыз

Кеткен атасы тууралуу балдарыңызга эч качан жаман сүйлөбөңүз. Балдар ата-энесинин ажырашуусун аябай оор кабыл алышат. Анан да бул көрүнүшкө өздөрүн күнөөлөшөт. Эгер балдарыңыз сиздердин ажырашууңуздар тууралуу сураса жооп берүүдөн качпай, алардын түшүнүгүнө жараша айтып бериңиз. Сүйлөшүү учурунда бул көрүнүшкө алардын эч кандай күнөөсү жок экенине басым жасаңыз. Ошондой эле агрессияңызды, ыйлаганыңызды балдарга көрсөтпөй, алардын көзүнө баары жакшыдай көрүнүүгө аракет кылыңыз.

 

Ажырашууну кандай көтөрдүңүз?

 

Гүлнур Асанова: “Ооруканага жатып дарыланып чыктым”

– Ажырашуу оңой иш эмес. Ар бир кыз бактылуу болом деп турмушка чыгат. Бирок жашоодо күтүлбөгөн жагдай болуп кетиши мүмкүн экен. Мен депрессиядан абдан кыйналдым, арыктап тамак жей албай догдурга жатып калдым. Медайымдар ийне саюу үчүн акыркы күндөрү тамырымды таппай калышты. Ошондо ден соолук өзүңө керек, карачы ар кайсы ооруларга чалдыгып жатасың. "Өлгүң келсе уколдорду албай, бир туугандарыңды, энеңди кыйнап не кыласың жашоо сага керек", - деп врач урушканда эсиме келе түштүм. Өзүңдү колго алып, алаксып, бир минута бош болбогонго аракет жасоо керек. Жаратылыш койнунда эс алып же алыс жакка кетип калуу керек. Мен Сары-Челекке барып эс алып өзүмдү алаксытып келдим. Жашоо уланарын, жагымсыз жагдай, өтүп кетерин акылың менен түшүнүп, жаркын жашооңду элестетип, күндө эртең менен күзгүдөн өзүңдү сүйүп кароо зарыл. Мен ушундай көнүгүүлөрдү жасап, номеримди, ал тургай кол телефонумду алмаштырдым. Дүкөн кыдырып кичинекей болсо да жаңы буюм сатып алып көңүлүмдү көтөрүп жаттым.

 

 

Айпери Кубик кызы: “Балам менен ырларым мага депрессияга каршы дары болуп берди”

– Мен турмушум бузулганда депрессияга кабылып, мөгдүрөп отуруп калып же чүнчүп кеткен жокмун. Себеби ата-энем мени аябай колдоп, мындай кырдаалдан чыгарып кетти. Ал учурда спорт менен алектенип, келбетиме кам көрүп өзүмдү алаксытып жаттым. Анан балам менен чыгармачылыгым да мага депрессияга каршы дары болуп берди десем болот. Өзүмдү такыр алдырган жокмун. Анткени ажырашуу менен эле жашоо бүтүп калбайт. Жашоо улана берет, мен али жашмын, келечегим алдыда. “Кыздын чырагы кырк",- дегендей, бүгүн бирөө сени бактылуу кыла албаса, эртең башка бирөө кадырыңа жетип бактылуу кылып алышы мүмкүн. Ажырашкан айымдарга да чөкпөгүлө жашоо алдыда демекчимин.

 

 

Гүлсүн Бостонкулова: “Ажырашууда жеңил ойлуулукка алдырбаш керек”

– Турмушум бузулганда өзүмдөн мурун балдарымдын келечеги мени көп ойлондурду. “Кандай кылсам, жашоомду кантип улантып кетсем?” деп ойлонуп 3 айдай жаттым. Акыры чыгармачылыгымды улантканга токтолуп, ырчылыкты кайрадан баштадым. Мурунтан өзүм иштеп тыйын таап жүргөндүктөн, балдарымды кыйналбай багып кете алдым. Анын үстүнө жашаганга үйүм бар болчу. Болгону “3 балам моралдык жактан кыйналып калабы?” деген суроо ойлондурду. Анан балдарымдын атасына: “Балдарды материалдык жактан каржылабасаң да аталык мээримиңди аяба”, - деп айттым. Азыр балдарым чоң ата, чоң энесине барып эркелеп, сагынычын таркатып келишет. Кайын журтум менен да, жолдошум менен да сыймын. Негизи үй-бүлөнүн урашы оңой эмес, мен деле депрессияга кабылдым. Болгону жеңил ойлуулукка алдырбай, күчтүү болсоң жеңип кетет экенсиң. Болбосо турмуштун сыноосуна сынып ичип жок болуп кеткендер деле толтура эмеспи. Азыр менде баары жакшы, эч нерсеге өкүнбөйм.

 

 

Назира Айтбекова: “Менин жашоомдо мындан оор күндөр деле болгон”

– Ажырашканда депрессиядан чыгуу үчүн колдоном деген атайын даяр рецептим жок болчу. Болгону башыма ушундай сыноо келгенде балам үчүн, апам үчүн сынбаганга аракет кылдым. Мындан оор, кыйынчылык күндөр жашоомдо болгон. Ар бир сыноонун, оор күндүн артында ийгиликтер, жакшылыктар болоруна ишенем. Ошондуктан ыйлап, кайгырып отуруп алган жокмун. Балким, чын эле ички сезимим күчтүүдүр же кайгымды сыртка билдирбеген адам окшойм. Үйдө апам, балам үчөөбүз жылмайып, бири-бирибиздин ошол жылмаюубузга жылынып мындай жагдайдан чыгып кеттик окшойт.

 

Айназик Раимкулова