Бойдоктор бурчу

Кымбаттуу окурмандар!

Эгер сиз турмуш куруу максатында өмүрлүк жолдош издеп жүргөн болсоңуз эки ооз кебиңиз менен гезит бетине чыкканга мүмкүнчүлүк аласыз. Балким, сиз издеген бакыттын кушу алыс эмес. Биз менен байланышта болуп, кыялыңыздагы адам менен табышып, бактылуу түгөйлөрдөн болууга ашыгыңыз. Биздин байланыш телефонубуз: 0772 16-89-64.

 

Амантур

Туулган жылы: 1977-жыл 8-сентябрь

Кесиби: жок

Иштеген жери: малчы болуп иштейт

Жердиги: Ош облусу Кара-Кулжа району

Кандай айымдар жагат? Ыймандуу, түшүнүктүү, туруктуу, токтоо, ак көңүл, чыдамкай, тың

Материалдык байлыгы: үйү, малы бар

Байланыш телефону: 0773 13 69 72

– Аялым менен 12 жыл жашап төрт балага ата-эне болгонбуз. Тилекке каршы, никебиз түбөлүк болгон жок. Ар кандай турмуштук себептерден улам экөөбүз эки башка жолду тандап кеткенбиз. Үч кызым анын колунда, жалгыз балам мени менен калган. Балдарыбыз биз менен эркин катышышат. Кыздарым маал-маалы менен мага келип турушат. Жалгыз бой жашоодон тажап жаныма караан болор жар издеп жатам. Азыр уулум апам менен турат. Үйлөнсөм колума алып өзүм тарбиялайм деп ойлойм. Демек, болочоктогу жубайым балама жакшы мамиле кылып бооруна тартышы керек. Мен да анын баласы болсо багып, тарбия берүүгө аракет кылам. Мага 1980-жылдан жогору кыргызстандык кыз-келиндер чалыңыздар.

 

 

Санжар

Туулган жылы: 1982-жыл

Кесиби: электрик

Иштеген жери: эч жерде иштебейт

Жердиги: Ош шаары

Кандай айымдар жагат? Чынчыл, туруктуу, жылдыздуу, аракетчил, акылдуу, ыймандуу

Материалдык байлыгы: эки үйү бар

Байланыш телефону: 0771 12 45 05

– Беш жыл никеде жашадым. Эки уулум бар. Алардын энеси менен ажырашып кеткениме 5 жылдай болуп калды. Балдарым чоң энесинин колунда өсүштү, эми да алардын уулу болуп кала беришет. Мен өз тиричилигимди кылайын деп жар издеп жатам. Мага жети облустан 30 жаштан 40 жашка чейинки келиндер чалгыла. Менден улуу болобу, кичүү болобу, башкысы, турмушка олуттуу караган аялзаты болсун. Мен ыгы келген жерде уурттап-татып коёрумду жашырбайм. Тамашалап, ойноп чалып убактымды албагыла. Чыныгы жашоону каалаган аялзатын тапсам турмуш баштоого даярмын.

 

 

Канат

Туулган жылы: 1991-жыл

Кесиби: стоматолог

Иштеген жери: студент

Жердиги: Нарын шаары

Кандай айымдар жагат? Ыйманы бекем, туруктуу, мамилечил, чынчыл, сарамжалдуу, токтоо, таза тың

Материалдык байлыгы: жок

Байланыш телефону: 0703 04 61 03

– Мен турмуш кура элекмин. Буга чейин окуу, жумуш менен алек болуп келдим. Ар кандай окуу курстарын окуп бир нече кесипке ээ болгом. Турмушта баары биз каалагандай боло бербейт экен. Жеке жашоомду ойлонгон менен ордуна коё албай келем. Балким, бул кызматтын жардамы тийип коломтомдун отун жандырчу адамды таап калармын. Мага менден 4-5 жашка кичүү биздин облустун кыздары чалыңыздар. Динден кабардар болуп, ыйманга маани берген жан болсо абдан жакшы болот. Тилегиме тилектеш кыздар кабарлашыңыздар.

 

Эля

Туулган жылы: 1991-жыл 2-апрель

Кесиби: уз-чебер

Иштеген жери: убактылуу бош

Жердиги: Жалал-Абад облусу Таш-Көмүр шаары

Кандай мырзалар жагат? Өзүнө ишенген, билимдүү, акылдуу, туруктуу, чынчыл, тың

Материалдык байлыгы: машинасы бар

Байланыш телефону: 0773 14 21 04

– Жолдошум менен узакка жашаган жокмун. Кайын журтумдун мага кылган начар мамилеси менин ал бүлөнү таштап кетүүмө аргасыз кылды. Кийин күйөөм жарашууга аракет кылды, бирок мен кайрадан кайын журтума баргым келген жок. Эми жашоомду жаңы барактан баштап жакшы турмуш күткүм келет. Жалгыз бой жүрүү турмушу бузулган аял кишиге бардык эле жагынан жарашпайт эмеспи. Ошол себептен тез арада турмушка чыгып, төрөп түшүп аялдык милдетимди аткаруу менен тынч жашагым келет. Мага 1985-1988-жылкы мырзалар чалыңыздар. Жердиги Жалал-Абад облусунан гана болушу керек. Бир баласы болсо багып алам. Чыныгы мырзалар чалыңыздар.

 

 

Алымбек

Туулган жылы: 1981-жыл 27-июль

Кесиби: жок

Иштеген жери: дыйканчылык менен алектенет

Жердиги: Жалал-Абад шаары

Кандай айымдар жагат? Ыймандуу, туруктуу, токтоо, сарамжалдуу, жылдыздуу, таза, тыкан, тың

Материалдык байлыгы: үйү бар

Байланыш телефону: 0707 18 36 36

– Төрт жылым никеде өттү. Бир уулга ата болдум. Бирок ар кандай келишпестиктерден улам аялым экөөбүз эки жолго түшкөнбүз. Уулум апасы менен кеткен. Андан бери төрт жыл өттү. Эми турмуш куруу максатында 25 жаштан 30 жашка чейинки кыргызстандык кыз-келиндер менен таанышам. Баласы барлар деле чала бергиле. Балким, жылдызыбыз келишип жашап кетербиз.