Кайдасың азыр, каралдым?

 (башы өткөн саныбызда)

Салима эмчегинин сүтү тартылгандан кийин жумушуна кайрадан чыкты. Бул учурда тигүүчүлөрдүн саны азайып, цехтер бири-бирине кошулуп кыскарып, жумушчулар бир эле мөөнөттө иштөөгө өтүшкөн экен. Өзбекстандан келчү кезде- мелер келбей жатканын, жакында фабриканын иши токторун, андан көрө азыртадан башка жумуш издөө керектегин күнүгө сөз кылышат тигүүчү аялдар. Салима ага деле сарсанаа болбоду. Анын ою ар күнү баласында эле. “Ишке алаксып унутасың”, - дешкен чогуу жашаган кыздары. Бирок ал унута албай жүрөт. “Үч ай болду, беш ай болду”, - деп ичинде санап жүрөт. Бөлмөсүндө ымыркайдын жука топусу менен эт көйнөгү кала берген экен. Ошону аярлап бүктөп, кичинекей баштыкка салып чемоданынын түбүнө катып алган. Кээде кыздар жок кезде алып чыгып жыттап-жыттап, кайра салып коёт. Ымыркай наристенин энени магдыратып жыргаткан жагымдуу жыты. Мындай жыт эч жакта жок. Аны кайра-кайра жыттап алса көңүлү бир аз тынгансып калат.

Күндөрдүн биринде ал иштеген цехте жумуш токтоду. Ал тургай акыркы маяналарын төлөп бергенге да фабриканын күчү жетпей калды. “Банкрот болду”, - дешти. Мындай сөздү мурда ким угуптур. Көрсө, бул иши бүттү дегени тура. Элеңдеген жаш кыздар мындай абалда кимге, эмнеге ишенерин билишпейт. Шаар жеринде ким менен кимдин иши бар.

Салима кыздар менен нан жасаган ишканага камыр жууругуч болуп иштей баштады. Иш кыйла оор экен. Дүкөндөгү нандар ушундай күндүр-түндүр иштеген чоң түйшүк менен жасаларын буга чейин ойлобоптур. Маянасы деле анчейин дурус эмес. Бирок убактылуу иштеп турса болчудай. Анын баласына болгон сагынычы камыр менен кошо жуурулуп, калыптарга кошо салынып, нан менен кошо бышып, бүт шаарга тарап жатты. Баласын сагынгандай азап болобу энеге? Көчөдөн бала көтөргөн аялдарды көрсө бурулуп карап өтөт. “Менин балам эмеспи?” деген ой келе калат. Дүкөндөн, базардан наристелердин тыпыйган батинкелерин көргөндө жүрөгү эзилип, эмчеги чымырап ийигенсип кетет. Колуна алып кармалап көрүп кайра ордуна коюп коёт. Менин балам да ушундай батинке кийип калды го деп ойлойт. Атын ким коюшту экен? Жок дегенде ошону билбедим деп өкүнөт. Атын билсе эле издеп таап алчудай сезилет.

Ошентип жыл айланды. Ишкананын кожоюндары кыздарды убакыт-саатка өлчөбөй иштетип, кээде маянасын кемитип берип, каалабасаңар кете бергиле дегенчелик мамиле жасагандыктан Салима башка жумуш караштыра баштады. Гезиттерге чыккан жарнактардан иш издеди. Эмне деген гана жумуштар жок. Короо шыпыргыч, дүкөн жуугуч, кагаз кескич, таразачы, бала баккыч, үй кызматчы. Маяналарын сураштырса бири да чеке жылытпайт. Бирок баары бир иштеш керек. Күн санап акчанын күчү кетип, жашоо кымбаттап баратты. “Базар экономикасына баратабыз”, - деп жатышты элдер. Ал эмне деген нерсе экенин Салима анчейин түшүнө албады. Эми ал окуйм деген оюн унутту. Ага эми кайдагы окуу? Аны окута турган айылдагы ата-энесинин деле чамасы чакталуу. Салимадан башка деле үй толо балдары бар. Атасы өгөй. Өздөрү башта үч бир тууган эле, апасы азыркы өгөй атасын үстүнө кийирип алган. Андан бешти төрөдү. Ошентип алар сегиз бир тууган. Аларга да азыр жашоо оңой болуп жаткан жери жок. Колхоз жоюлганы алар да азыр ишсиз. Үлүшкө бөлүп берген жерин иштетүүгө өгөй атасынын чамасы келбей, өзү башка бирөөлөргө жалданып иштеп жүрөт. Ошон үчүн Салима өз жанын өзү гана багышы керек. Эркектен көңүлү сууп калган жаны алардан өзүн окчун кармайт. Алардын баарысы коркунучтуу, алдамчы болуп көрүнөт.

Ошентип ал “Работа” деген гезитти барактап жумуш издей баштады. “Үй кызматчысы керек” деген кулактандырууга чалса, оолжуп орусча аралаштырып сүйлөгөн аял Салиманын ким экенин ийне-жибине чейин териштирип сурады да: “Бизге жогорку билимдүү аял керек”, - деп телефонду шарт коюп таштады. Салима кемсине түштү. Кайра кийинки кулактандырууга көз жүгүрттү. “Таразачы керек” деген номерге чалды. Сураса момпосуйларды таразалап өлчөп, баштыктарга салып желимдейт экен. Ар күнү таңкы жетиден кечки жетиге чейин деди. А айлык маянасы болбогон акча экен. Дагы бир кулактандырууга чалды. “Бала баккыч керек. Маянасы жакшы”. Маянасы жакшы дегени жага түштү. Ага да чала баштады. Мында да телефонду аял киши алды. Жарыя боюнча чалып жатканын билдирди.

– Бир жаштагы баланы эртең мененки сегизден кечки алтыга чейин багуу керек. Дагы башка шарттарды сүйлөшөлү, - деди ийкемдүү сүйлөгөн аялдын үнү.

– Эже, а мен сизге кантип жолугушум керек?

– Үйгө кел. Бүгүн саат бешке чейин келип калсаң болот.

Аял үйүнүн дарегин айтып берди. Салима илгиртпей жазып алды. Батыш көчөсү -141. Саат бештен кечикпей баруу керек. Ооба, шаардын батыш тарабында. Ал 38-автобус менен барып айтылган аялдамадан түшүп калды да, даректи сураштырды. Чоң жолдон буруу жакта экен. Бара жатып ал баягыны эстеди. Ушул тарап болчу. Ооба, ал тургай ушул көчө менен келишпеди беле. Алдынан чыккандардан Батыш көчөсүн, 141-үйдү дагы сураштырды. Бир аз басып солго бурулат экен. Мына дал ошол жер. Ал тургай ушу ченге олтуруп баласын эмизбеди беле. Анан тээтигил бурулуштан солго бурулушкан. Алакандай кагазга жазылган чөнтөгүндөгү даректи дагы бир карап алып, сол тарапка бурулду. Катар үйлөрдүн номурларын карап олтуруп 141- үйгө жакындады. Дал ошол! Баягы эки кабаттуу, жашыл дарбазалуу үйдүн так маңдайына келди. Жүрөгү дүкүлдөп, коркконун же кубанганын билбей дендароо боло түштү. Муну бирөө атайын жасап сыртынан баамдап, сынап тургандай Салима элеңдеп, артка кетенчиктеди. Демек, ал өз баласын бакканы келе жаткан турбайбы. Бир жаштагы бала дебеди беле. Ооба, ал жакында бирге чыкпадыбы. Эмне кылыш керек? Саатына карады. Бешке жакындап калыптыр. Демек, кириш керек. Бирок аны алиги аял таанып-билип койчудай сезимде турду Салима. А чындыгында алар бирин-бирин көрүшкөн эмес да. Жок, кайдан таанымак эле... Салима акыры коңгуроону басты. Дарбаза ачылып, жашы отуздан ашып калган арык чырай, сулууча аял чыга келди.

– Саламатсызбы, эже? – Салима күнөөлүүдөй акырын учурашты.

– Саламат. Реклама менен келдиңби? – Райкүл да анын үстү-башына сынай карады.

– Ооба.

– Жүрү үйгө кир, сүйлөшөлү.

Райкүл Салиманы ээрчитип ичкери киришти. Үйдүн ичи жыпжылуу, уядай жагымдуу экен. Ашканасы жактан куурулуп жаткан тамактын жыты бур деди. Салиманын ою балада болуп, эки жагын каранып аны көзү менен аста издей баштады. Анан кайра байкап койбосун деген ой менен кайдыгер болуп туруп калды. Жок, баланын үнү угулбайт. Уктап жаткан го. Аңгыча Райкүл аны ашканага чакырды. Экөө бир топко сүйлөшүштү. Бир-эки чыныдан чай ичишти. Салима тигинин бардык шартына көнүп олтурду. Айтор, айнып кетпесе экен деп ичинен кабатырланды. Акыры сөз бекиди. Баланы үч-төрт күн чогуу багышып, эгер Салимага көнсө, Райкүл ишке чыкмак болду. Эртеңден баштап Салима бул жумушка келе берет. Коштошуп чыгып баратып да аркы бөлмөлөр тарапка кулак салды. Баланын үнү угулган жок.

– Эже, балаңыз уктап жатабы? – деп чыдабай сурап жиберди.

– Ооба, жаңы эле киринткем. Кирингенден кийин магдырап көпкө уктайт өзү. Эртең келсең таанышасың, сага көндүрөбүз.

– Рахмат. Жакшы калыңыз, эже.

Райкүл Салиманы узатып чыгып, дарбазасын жаап ичкери кирип кетти. Салима шаша басып чоң жолду көздөй кетип баратты. Кайда шашып, эмнеге шашып баратканын өзү да баамдабай энтигип, ылдам-ылдам баса берди. Эртең кайра эртерээк уулуна келүү үчүн алдастап шашып бараткандай сыягы. Бир чети жүрөксүп, кооптонуп баратты. Өзүнчө күбүрөнүп сүйлөнүп да баратты:

– Каралдым, уулум, мен сени таптым... Эми сени багам... Жан дилим менен багам, күчүгүм... Мени тааныбайсың го... Менден чоочуркайсың го... Кап, атыңды да сурабай калыптырмын. Мейли, эртең таанышабыз. Эртең... Эртең, уулум...

Ошентип Салима жатаканасына кантип жеткенин билбей калды. Улам бир буюмун кармалап, эмне кылганы жатканын өзү баамдабай бир топко убаралана берди. Ошол үйдүн босогосун аттап баламды көрөм деген ой үч уктаса түшүнө кирген эмес эле. Акыры жуунуп-таранып, кийим -кечелерин иреттеп уулуна барууга даярдана баштады. Эми ал уулу үчүн алиги сулууча аялдын оту менен кирип, күлү менен чыгууга даяр болуп турду. Бала гана бакпастан бүт үй тирилигин жасап берүүгө макул. Анын баарын баласы үчүн жасайт, уулунун гана жанында болсо болгону.

***

Кечинде жумуштан келген Мырзабекти уулун көтөрүп Райкүл тосуп алды. Бала сырттан кирген атасын көздөй эки колун жайып талпынды. Ал күнүгө ушинтет. Мырзабек кечкисин бала менен бала болуп ойнойт. Коляскасына салып таза абага чыгып келишет. Диванга чалкасынан жатып алып курсагына мингизип ойнотот. Тиги бөлмөдөн бул бөлмөгө тай-тайлап бастырат. Ошон үчүн ал атасы эшиктен киргенде талпынып, аны көздөй канатын жайып обдулуп жөнөйт.

Райкүл күйөөсүнө чай даярдап жатып Салима жөнүндө айтты:

– Мырза, бүгүн да бир кыз келиптир. Сүйлөштүм. Жашы жыйырмада экен. Эртең келе бер дедим.

– Шар эле келе бер дегениң кандай? Байкап көрүш керек да. Бала бага алабы, жокпу, - Мырзабек аялын жактырбай тиктеди.

– Мен деле байкайын деп үч-төрт күн чогуу багалы, көрөлү дедим. Кантип эле үй-жайды, баланы чоочун бирөөгө таштап коюп ишке кетип калайын?

– А маянасын сүйлөштүңбү?

– Баса жок, ал өзү да акчасы жөнүндө сураган жок.

– Кызык го... Айлыгын сурабаган ал кандай неме экен?

– Жаш неме сурагандан тартынган го. Мен дагы айтпаптырмын, - Райкүл ичинен ушуну ойлонуп калды. Чын эле Салима маянасы жөнүндө сураган эмес. Ал маянаны эстеген да эмес.

Мурда соода борборун Райкүл өзү башкарчу. Соодага, эсепке тыкан болгондуктан иштери майнаптуу болуп, тапкан кирешелери жакшы эле. Кийин бала менен үйдө олтуруп калганда жалданма сатуучуларды алышкан. Бирок эмнегедир эле өтүмдүүлүк азайып, киреше мурдагыдай болбой калды. Анын себептерин изилдеп да биле албай коюшту. Кыскасы, Райкүл ишке өзү чыкпаса болбой турган. Мырзабек экөө ушуну кеңешип, Бектурду бала баккыч жалдап бактырмак болушканы ошол. Бала бакчага деле берели деп ойлошкон. Бирок убагында алып барып, кайра кечикпей алып туруу керек экен. Андан көрө жылуу үйдө бала баккычка бактырган жакшы эмеспи. Суукта жолдо эртели-кеч алып жүрүп бала ооруп да калышы мүмкүн.

Ошентип Салима эртең менен так сегизде алиги үйдүн босогосун кайрадан аттады. Колуна баласын көтөргөн Райкүл ашкана тараптан чыга келди.

– А келдиңби? Кир, кире бер.

Салима болтойгон сүйкүмдүү баладан көзүн тарта албай туруп калды. Эсине шак эле Жаныш келди. Ага окшош экен. Көзү, кашы, мурду Жанышты эстетти.

– Кел мага, келегой, - деп Салима сыр бербей эки колу менен баланы өзүнө чакырды. Бала аны чоочуркай карап туруп, артына шарт бурулуп энесинин моюнун бекем кучактап алды. Анан кайра акырын Салиманы тиктеди. Райкүл баласынын кылыгына жыргап жылмайды.

– Бул сенин эжекең, эми сени багат. А сен качпагын, балам, - деп уулун бооруна кысып-кысып эркелетип алды.

– Эже аты ким?

– А аты Бектур. Беку деп эркелетебиз. Жакында бирге чыкты. Эми басат, Кудай буюрса... Тушоосун кесебиз ээ, Беку?

Анан алар баланын бөлмөсүнө киришти.Тосмолуу жыгач керебетине олтургузуп оюнчуктарын берди.

– Сен эми ойнотуп тур. Курсагын тойгуздум. Ашканамды жыйнап алайын колум бошобой жатты эле, - деп Райкүл чыгып кетти. Салима баланы чоочутуп албайын деп аста мамиле кыла баштады. Башындагы топусун оңдоп кийгизди. Оюнчуктарын алдына жакын жылдырды. Бала оюнчук күчүгүн кармаган бойдон Салиманы чоочуркап тиктей берди. Артына бурулуп энесин издегендей болду.

– Келе гой. Бектур? Көтөрөйүнбү? – ал баланы өзүнө чакырды. Аны көтөрүп алып бооруна кысып жыттагысы келди. Бирок баланын чоочуркап турганын көрүп колуна алганга батынбады. Бала керебеттин бурчунда жаткан кичинекей сары топту алам дегендей колун сунду. Салима топту баланы көздөй тоголотту. Бала эки колдоп өйдө көтөрүп кайра бурчка ыргытты. Салима кайра тоголотту. Бала кайра дагы ыргытты. Ошентип экөө ойной баштады. Күчүк менен ойношту. Оюнчук паро- возду керебеттин кыры менен айдашты. Маймыл, коён, мамалактын баарысын бурчка тизип жыйнашты. Бала Салимадан эми чоочуркабай ойной баштады.

– Келе гой, Бектур, мен сени көтөрөм, - деп чакырып көрдү эле бала колун сунуп обдулду. Салима аны бооруна тартып көтөрүп алды. Бөлмөнүн ичинде ары-бери басып, дубалдын боорундагы сүрөттөрдү сөөмөйү менен көрсөтүп ойнотуп жатты. Бала да Салиманы туурап кичинекей сөөмөйү менен сүрөттөрдү сайгылады. Ошентип алар бат эле бири-бирине жакындай түшүштү. Кантсе да экөөнүн ортосунда жаратылышынан жакындык бар да. Балким, бала ошону сезип жаткандыр. Эне менен баланын ортосун кандай болсо да бириктирип турган табияттан бүткөн бир улуу күч, улуу туюм бар эмеспи.

(Уландысы кийинки саныбызда)

Элмира Ажыканова