Түйүлдүктүн жумалык өнүгүүсү

Кош бойлуулук – аялдын керемет сезимдерге курчалган эң бактылуу учуру. Бирок ал бакыт ар дайым чочулоо, кызыгуу, күтүү деген тынчтык бербеген сезимдер менен коштолот. Түйүлдүктүн курсактагы жашоосу кандай өтөрүн ар бир эне билгиси келет. Эмесе, түйүлдүктүн төрөлгөнгө чейинки жашоосун баян кылабыз.

 

Түйүлдүктүн абалы

 

Өсүү уланууда. Түйүлдүк бир жума ичинде 1 сантиметр, 500 грамм кошкон болушу мүмкүн. Мындан коркунуч жаратпаңыз. Баланын чоң болушунун бир кемчилиги аз кыймылы менен сырттагыларды чочулатып турат да, төрөт жолунда жай кыймылдайт. Болбосо 42–44 жума аралыгында жарыкка келген балдардын 95 %ынын ден соолугунда маселе болбойт. Кош бойлуулук жогоруда көрсөтүлгөн убакыттардан да ашып кетсе тон биротоло эскирип бүтөт да, наристени азыктандыруу кызматын токтотот жана кислород жеткирүү жөндөмүн да жоготот. Мындан улам бала табигый рефлекс менен тон суусуна туңгактап коёт. Бул кооптуу көрүнүш экендигин өткөн жумада кеп кылганбыз. Сиздин наристеңиз 42-жумада курсак ичиндеги жашоосун токтотуп, жарык жашоого келет деп ишенебиз.

 

Эненин абалы

Наристесин 42 жума көтөрүү аялдардын 10 %ына гана тиешелүү. Бул рекорддук кош бойлуулук десек болот. Эгер эле төөнүн этин жеп алган болбосоңуз ушул жумада наристеңизди жарыкка алып келесиз. Эми толук кандуу ак халатчандардын көзөмөлүндө болуңуз. Алар толгоо келгенге чейин сиздин кан басымды өлчөп, наристенин кыймылына, жүрөк согушуна көзөмөл кылып, жатын суусунун абалына чейин текшерип турушат. Көп түйшүк деп ойлобоңуз, мунун баары сиз жана сиздин наристеңиздин өмүрү үчүн маанилүү. Бул жумада эч коркпостон төрөрүңүзгө ишене берсеңиз болот. Анткени эч бир кош бойлуулук түбөлүккө созулган эмес го. Жуманын акыркы сааттарына чейин табигый толгоонун келишин, наристеңиз менен табигый төрөттө жолугушарыңызды күтүңүз, ага ишениңиз. Бул жуманын эсебинен жакындарыңыздын жардамы менен үйүңүзгө өзүңүз каалагандай жууп-тазалоо иштерин жакшылап кылып алсаңыз болот. Себеби наристеңиз жарыкка келген соң сиз туура 42 күн бою өзүңүз каалагандай оокат кыла албай каласыз. Эми биз сизди наристеңизди аман-эсен көтөрүп ай-күнүнө жеткиргениңиз менен дагы бир жолу куттуктайбыз жана жеңил толгоо, ийгиликтүү төрөт каалайбыз. Аялдык бактыңыз арта берсин.

 

Гүлайым Калыбекова