Фастфуд: тез, даамдуу, зыяндуу

Гамбургер, чизбургер, шаурма… Жеген сайын жегиң келет. Бул арзан жана даамдуу тамактарга көнүп калуу да бат. Бирок ал ден соолукка зыяндуу. Аны бир айда 4-5 жолу жеген адамдын организминде эч кандай өзгөрүү болбойт, ал эми күн сайын жесеңиз, сөзсүз түрдө организмиңизге олуттуу зыянын тийгизет. Кандай зыянын?

 

Ашыкча салмак кошот

Фастфуд биринчи эле кезекте салмакка таасир этет. Анткени фастфуддун бардык тамактары аябай калориялуу жана көп өлчөмдөгү майды өзүнө камтыйт. Анда эч кандай витамин да, пайдалуу минералдар да жок. Эгер күн сайын тез татым менен тамактанууну адат кылып алган болсоңуз, бир айда 5 килограмм салмак кошушуңуз толук мүмкүн. Буга көпчүлүк америкалыктардын ашыкча салмактан жабыр тартып келери далил.

 

Гастриттин пайда болуу коркунучу бар

Бул тамактарды адатта басып баратып чоң-чоң тиштеп шашып жейсиз. Андыктан тойгонуңузду да билбей каласыз. Андан да жакшы чайнабай эле жута бергендиктен ашказаныңызга күч келтирип аласыз. Бул болсо өз кезегинде гастритке, ашказан жарасына жеткирет, же болбосо, дагы башка көйгөйлөрдү жаратат.

 

Жүрөк-кан тамыр ооруларын пайда кылат

Тез татым тамактарында жаныбар майлары өтө эле көп. Мындай майлар маргариндин, майонездин курамында жана башка фастфуд азыктарында кездешет. Аларды кайра-кайра иштеткенде зыяндуулугу дагы артат. Бул майлар бир гана ашыкча салмактын топтолушуна шарт түзбөй, холестериндин деңгээлин жогорулатып, жүрөккө да терс таасирин тийгизет. Андыктан тез татым тамактарын көп жеген адамдарда алгач тез чарчап калуу жана баш айлануу болушу мүмкүн, ошондон кийин да фастфуд менен тамактанууну токтотпосо, бул түз эле атеросклероз оорусуна жеткирет.

 

Шекердин көптүгү

Гамбургер, шаурма жеген соң адатта артынан газдалган суусундуктарды ичишет. Алардын курамында шекер абдан көп, тактап айтканда, 0,5 литрлик газдалган суусундукта 5 кашыкка жакын шекер бар. Ал эми шекерди көп пайдалануу диабет оорусунун негизги себеби болуп эсептелинет.

 

Авитаминозго жеткирет

Фастфудда эч кандай витамин жоктугу жогоруда айтылды. Күн сайын тез татым менен курсагын тойгузган адамда авитаминоз, башкача айтканда, организминде витаминдердин жетишпестиги оорусу пайда болушу толук мүмкүн. Зат алмашуу бузулуп, эндокриндик системасында бир нече оорулар пайда болот. Адам тез татымды канчалык көп жесе, анын жалпы организминин абалы ошончолук начар болот. Ал тез-тез ооруп, алсыз боло баштайт. Бирок ошого карабай салмагына ашыкча килограмм кошулгандан кошулуп кете берет.

 

Туздун ашыкчалыгы

Туз - адамдын жашоосунда зарыл нерсе. Анын организмде ашыкча болушу да, жетишсиздиги да жаман. Фастфудда туз өтө эле көп. Норма боюнча тузду күнүнө 5 граммдан пайдалануу талапка ылайык. Сиз бир даана гамбургер сатып алганда эле күнүмдүк норманын жарымынан көбүн пайдаланып коёсуз. Организмде туздун көп болушу эмнеге алып келет? Баш оору, жүрөк тушундагы оору, кулактын чуулдашы, көздүн көрүүсүнүн бузулушу. Мындан тышкары туз организмде сууну кармап калат да, бул бөйрөк менен жүрөктүн иштешин татаалдаштырат. Анын натыйжасында кол менен бут шишийт. Ашыкча туздун мындан да башка жагымсыз кесепеттери болуп: ашыкча салмак, остеохондроз, өттө жана бөйрөктө таштардын пайда болушу эсептелинет.

 

Жасалма кошулмалардын көп колдонулушу

Консерванттар – ден соолукка зыяндуу деп эсептелинген тамак-аш кошулмалары. Алардын жардамы менен азыктардын сакталуу мөөнөттөрүн узартышат. Консерванттар аллергияга жакын адамдарда аллергияны чакырат. Тез татым кожоюндары тамактарына даам, жасалма жыт берүү жана азыктарын бузулбай көпкө сактоо максатында ар кандай жасалма кошулмаларды көп колдонушат. Бирок кандай кошулма экенин эч кимиси ачык айтпайт.

 

Айназик РАИМКУЛОВА