Улан КАРМЫШОВ: “Бир эмес, эки балаң оорукчаң болсо заманаң куурулат экен”

Адам баласы өзүңдүн ооруңду, кыйынчылыгыңды чыдап көтөрүшүң мүмкүн. Бирок балаңдын ооруганынан өткөн азап жок болсо керек. Бүгүнкү каарманым бир эмес, эки оорукчан баласынын азабын тартып келет. Анда сөз башынан болсун.

 

“Бишкектин ооруканаларында таанымал болуп бүттүм”

– Атым Улан, 36 жаштамын. Өзүм Токтогулдан болгонум менен балдарды багуу үчүн Бишкекке көчүп келгем. Кесибим айдоочу, туруктуу жумушум жок болгонуна байланыштуу убактылуу бошмун. Тун уулубуз Ислам таңдайы жок төрөлгөн. Башында оозунун эки жагы тең жырык болуп ачылып турчу. 9 айында бир жагын тиктиргенбиз. Ошондон бери 9 жыл өттү, экинчи жагын тиктире албай келе жатабыз. Балам 10го чыкканы менен мектепке да бара элек, анткени жакшы сүйлөй албайт, тамак жакшы иче албайт. Бирок Кудайга шүгүр, акыл-эси тунук, кыймыл-аракети жакшы. 5 жашка чейин тиктирсек жакшы болмок, бекер болот болчу. Бирок баламдын алсыз болуп улам ооруй бергенинен операция жасата албай келе жатабыз. Кичине жел жүрүп муздак аба өпкөсүнө кирип кетсе да ооруп калып жатпайбы. Догдурлар курч мүнөздөгү пневмония деген диагноз коюшкан. Анысы таңдайын жапмайынча айыкпайт экен. "Себеби ооз ачык болгондуктан аба түз эле өпкөгө кирип ооруй берет", - дешти доктурлар. А биз таңдайын тиктирели десек, өпкөсү жакшы болбой жатат. Операция жасаш үчүн жөтөлбөш керек, ысытма жок, өпкө таза болушу шарт экен. Өткөндө Кувейт мамлекетинен врачтар келип бекер операция жасайт экен дегенинен ооруканага алып барып жаткыздык эле, жөтөлү такыр жакшы болбой туруп алды. Чет жактан келген врачтар бизди күтпөйт да, кетип калышты. “Катын алып берерде эле тиктирет окшойм”,- деп жинимди баламдан чыгарып баса бердим. 10 жылдан бери Бишкектеги ооруканаларда алмак-салмак жата берип таанымал деле болуп бүттүк. Ага жараша же бир жыйынтык чыксачы.

 

“Чыңгызым тумчуккан сайын жүрөгүм кабынан чыгып кете жаздайт”

– Ушинтип чоң баламдын таңдайы менен алышып жүргөндө экинчи балам төрөлдү. “Жараткандан алты санын аман кылып бер”, - деп суранган менен Кудайдын бергени экен. Бул баламдын болсо төш сөктөрү тубаса ичине карап өсүп, өпкөсү менен жүрөгүн кысып калыптыр. Азыр Чыңгыз 5 жашка чыгып калды. Кичинекейинде анча билинбегени менен чоңойгон сайын аябай кыйналып жатат. Себеби сөөк өпкөнү, жүрөктү кысып калганда аба жетпей дем ала албай, тимеле тумчугуп калат. Балам анткен сайын алапайымды таппай, жүрөгүм кабынан чыгып кете жаздайт. Догдурларга алып барсак 2 жолу операция жасаш керек экендигин айтышты. Биринчи операцияда сөөктөрдү кармап, түртүп туруш үчүн желим тирөөчтөрдү салат экен. 6 айдан кийин сөөк калыбына келгенде аларды кайра алышат экен. Көкүрөккө салынчу ал желим тирөөчтөрдү Кыргызстанда жок дешти, чет мамлекеттен 80 миң сомго сатып алышыбыз керек экен. Ал эми операциясына канча каражат кетет, аны билбейм. Азыр биздин ошол 80 миң сомдук желимди сатып ала албай башыбыз маң болуп турат.

 

“Эң негизгиси эки балама операция жасатып алсак жакшы болот эле”

– Аргабыз түгөнгөндө ушинтип элден жардам сураганга мажбур болдук. Себеби менин туруктуу ишим жок болгону менен ары-бери кыймылдап батир акысын, балдардын тамак-ашын таап келип жатам. Былтыр бирөөнүн машинесин ижарага алып такси кылып иштедим эле, машине бузулуп тапканым аны оңдогонго эле кетти. Учурда балдардын жеп-ичкенинен арттырып дарылоо үчүн каражат топтоого мүмкүнчүлүк болбой жатат. Келинчегим болсо 3 баланы карап үйдө. Эки оорукчан баламдан кийин Ханзада деген 3 жаштагы кызым бар. Кудайга шүгүр, ошонум оорубасын деп Кудайдан тилейм. Үйдүн улуусумун, атам каза болуп калган. Бардык түйшүк менин мойнумда. Тууган-уругумда болсо деле минтип элден жардам сурабайт элем. 2 миң сом төлөп Ак-Ордо жаңы конушунда батирде турабыз. Үйүбүзгө аркырап шамал кирет, азыр эле тоңуп жатабыз, кышында кандай кылабыз билбейм. Үстүлөрүнө экиден жууркан жаап, балдарды оорутпаганга колдон келишинче аракет кылып жатабыз. Адам баласы баарына көнөт турбайбызбы, кыйын күнгө деле көнүп калдык. Эң негизгиси эки балама операция жасатып алсам жакшы болот эле. Бул деле Кудайдын сыноосу болсо керек. Догдурлардан: “Эмне үчүн мындай болуп төрөлдү балдарым?” – десем, “келинчегиңиз кош бойлуу кезинде катуу грипп болгон”, - деп түшүндүрүштү. Бир балаң ооруганына чыдаса болсо керек, эки балаң минтип ооруп турушса заманаң куурулат экен. “Көп түкүрсө көл болот”, - дейт, балким, кайрымдуу элим колунан келген жардамын берсе балдарымдын операциясына жетип калар. Чоң баламдын таңдайын тиктиргенине канча каражат кетерин билбейм, айрымдар 25 миң сом десе, дагы башкалар 15 миң сом дешүүдө. Биздин үй-бүлө үчүн бул да чоң акча, колунда барлар жардам кылат деп ишенебиз.

Ислам менен Чыңгызга жардам берүүнү каалагандар ЭлСОМ капчык номери аркылуу каражат которсоңуздар болот.

Эсеби: 0706 620067

 

Нуриса Баялиева